20 Баш оона, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуучу адвокаттарды тандоонун критерийлери жөнүндө жобо


Мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуучу адвокаттарды тандоонун критерийлери жөнүндө  жобо  киргизуу 

«Бекитилди»

Кыргыз Республикасынын

Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин

2017-жылдын  «20» сентябрындагы                                              

                                              чечими

 

Мамлекет кепилдеген квалификациялык

юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуучу адвокаттарды

тандоонун критерийлери жөнүндө жобо

 

1.  Ушул Мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуучу адвокаттарды тандоонун критерийлери жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрин (мындан ары – Адвокаттардын реестри) түзүү максатында иштелип чыккан.

2. Жобо мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуу үчүн адвокаттарды тандоонун критерийлерин белгилейт.

3. Мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө адвокаттардын катышуусу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор менен өз ара аракеттенишүүчү облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактык адвокатуралары тарабынан камсыз кылынат.

4. Төмөнкүлөр адвокаттарды тандоонун критерийлери болуп саналат:

1) МКЮЖ боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрине аны киргизүү жөнүндө адвокаттын арызынын болуусу;

2) бир жылдан кем эмес адвокаттык ишинин стажы жөнүндө жана «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык адвокаттык ишмердүүлүктү ишке ашыруунун тандап алынган уюштуруу-укуктук формасы жөнүндө Аймактык адвокатуранын маалымкатынын болушу;

3) адвокаттык ишмердүүлүктүн акыркы жылы үчүн тартиптик жазанын жоктугу тууралуу маалымкаттын болушу;

4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттар үчүн курстан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу.

Адистештирилген курстар боюнча адвокаттардын окуу борборунун  сертификатынын болушу адвокаттар үчүн артыкчылык болуп саналат.

 

 

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы