16 Тогуздун айы, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциалык мыйзам долбоору


“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзам
долбооруна
салыштырма таблица

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын колдонуудагы редакциясы
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына сунушталуучу толуктоолор жана өзгөртүүлөр
Мыйзамдын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийинки акыркы варианты
61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо
 
2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү  шайлоо күрөөсүн төгөт.
61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо
 
2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.
61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо
 
2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик
 
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна НЕГИЗДЕМЕ МААЛЫМКАТ
 
Кыргыз Республикасында бийликтин булагы болуп эл эсептелет. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинде белгиленген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-пунктунда мамлекеттик органдар Кыргызстандын элинин айрым бир бөлүгүнө эмес, жалпы элге кызмат кылышы керек деп бекитилген. 
Бирок, иш жүзүндө, кээ бир мыйзамдар айрым адамдардын топтору үчүн артыкчылык түзүп берүү үчүн кабыл алынгандай. Алсак, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2015-жылдын апрелинде ЖК IV чакырылыштагы депу-таты Абдыжапар Бекматов тарабынан демилгеленген мыйзамы саясий пар-тиялар үчүн шайлоо күрөөсүнүн көлөмүн 500 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин жогорулатуу тууралуу норманы белгилеген. Бул оӊдоону катарында олигархтар жана бюджеттик каражатты уурдаган параколор жок партиялар үчүн барьер катары кабыл алууга болот. Мындай оӊдоону колдогон бирден бир аргументи болуп, парламенттик шайлоодо шайлоо босогосунун «тө-мөндүгүнөн» майда-барат, акыбалы төмөн партиялар да катышып жат-кандыгы эле. Бирок, мындай негативдүү факторду жоюу үчүн көптөгөн башка акыйкаттуу механизмдер бар, алсак, өтмөк босогону көбөйтүү.
Натыйжада, биз жалаӊ бизнесмендерден, паракорлордон, криминал өкүлдөрүнөн, квота (жаштар, аялдар, этникалык аз сандагылар, инва-лиддер) менен мандат алган аз сандагы депутаттардан турган парламентке ээ болдук. Бул парламент эӊ эрксиз, ал эле эмес, «чөнтөктөгү» парламент болуп чыкты. Мунун баары, партиялык тизме кандидаттардын акчасына карап түзүлгөндүгүнө жараша ушундай абалга келгендигинин кесепети эле. Натыйжада, алардын ар бири депутаттык мөөнөт ичинде акча чогул-туп, кызмат укуктарынан пайдаланып, сарптаган акчасын кайтарып, кий-инки шайлоого акча топтогонго аракет жасашат. Каржы тоскоолдуктарын жогорулатуу партиядагы коррупциянын өсүшүнө гана өбөлгө түзөт, ошондой эле бул коррупцияны калган башка бийлик институттарына жана жалпы коомго жайылтышат. 
Шайлоо күрөөсүнүн жогорулашы жаш партиялардын парламенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Ал эми шайлоого катышмайынча мындай партиялар өспөйт, өнүкпөйт. Күрөөнү жогору-латуу фактысын олигархтар жана коррупционерлер тарабынан бийликти узурпациялоо жана монополизациялоо катары эсептөө эч ашыктык кылбайт.   
Жарандардын көбүнүн тапкан кирешеси керектөө корзинасынан ашпаганын эске алсак, саясий партиялар үчүн түзүлгөн жогорку каржы тоскоолдуктар олигархиялык өлкөгө айланып кетүүгө жана коррупцияны жогорлатууга коопту абалды туудурат.  
Андыктан, шайлоо мыйзамдарына каржы тоскоолдуктарын жана уурдалган капитал менен түйшүктөлбөгөн адамдардын катышуусу үчүн чектөөлөрдү жоюу менен, шайлоодо чынчыл өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Жогорку Кеӊешке саясий партиялардын шайлоо күрөөсүн 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө бекитүү зарылдыгы келип чыкты.
Сунушталган өзгөртүүлөр каражаттык чыгымдарга алып келбейт, андыктан, мыйзамды ишке ашыруу үчүн каражат булактарын табууга аракет жасоонун кажети жок.
 
Элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин
демилгелүү тобунун төрагасы                                                                      Р. Тулеев                                                                                                                                  

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы