16 Тогуздун айы, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Мыйзамдарды инвентаризациялоо


 
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 4-июнундагы
№ 265 токтому менен
бекитилген
 
Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишинин укуктук жана уюштуруучулук маселелерин жөнгө салууга багытталган.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын ишин уюштуруу жана координациялоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) тарабынан камсыздалат.
2. Комиссиянын максаты жана ыйгарым укуктары
4. Комиссия колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өткөрүлгөн инвентаризациянын жыйынтыктары боюнча даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна төмөнкүлөр боюнча баа берүү максатында түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына толук шайкештиги:
2) маселенин укуктук жөнгө салуусунун толуктугу;
3) маселенин ашыкча укуктук жөнгө салуусун аныктоо;
4) аларда карама-каршылыктардын жана коллизиялардын жоктугу;
5) коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушун минимизациялоо;
6) ченем жаратуу техникасына шайкештиги.
5. Комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, негиздеме-маалымкаттарды жана аларга тиркелген башка материалдарды кароо;
2) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтарды угуу;
3) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо;
4) Комиссиянын жыйындарында каралып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна баа берүү;
5) кароонун жыйынтыгы боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу же четке кагуу боюнча чечим кабыл алуу;
6) Комиссиянын ишине башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле окумуштууларды, юристтерди, эл аралык жана коомдук уюмдардын адистерин тартуу.
3. Комиссиянын курамы.
Комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары жана мүчөлөрүнүн милдеттери
6. Комиссиянын курамы Юстиция министрлиги тарабынан түзүлөт. Комиссиянын жеке курамы Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
Комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
1) Юстиция министринин орун басары, Комиссиянын төрагасы;
2) Юстиция министрлигинин кызматкери, Комиссиянын катчысы;
3) Комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) өкүлү;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин (улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан тышкары) жана иштин тийиштүү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгууга ыйгарым укук берилген административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары:
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын юридикалык кызматынын башчысы.
7. Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын ишин жетектейт;
2) белгиленген мөөнөттөрдө Комиссиянын жыйындарын өткөрөт жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо боюнча ишти уюштурат;
3) Комиссиянын жыйындарын алып барат;
4) Комиссиянын ишин, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону камсыздайт;
5) Комиссиянын ишин уюштуруу боюнча башка функцияларды аткарат.
8. Комиссиянын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Комиссиянын жыйындарына катышууга;
2) талкууланып жаткан маселелер боюнча добуш берүүгө катышууга;
3) Комиссиянын кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талаптагыдай изилдөөгө жана зарыл болгон учурда алар боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды берүүгө;
4) ченемдик укуктук актылардын каралып жаткан долбоорлору боюнча маалыматты угууга.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
9. Иштин тийиштүү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгууга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары инвентаризациянын алкагында даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Комиссиянын кароосуна андан ары киргизүү үчүн төмөнкү документтерди тиркөө менен Юстиция министрлигине жиберишет:
1) негиздеме-маалымкатты;
2) салыштырма таблицаны (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилсе же жаңы редакцияда баяндалса);
3) мамлекеттик органдын долбоорду толуктап иштеп чыгуу боюнча байланышуучу адам болуп эсептелген кызматкери жөнүндө маалыматты.
10. Комиссия өзүнүн ишин жыйындарды өткөрүү жолу менен уюштурат. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
11. Комиссиянын жыйындарында туруктуу негизде төмөнкүлөрдүн атынан көрсөтүлгөн Комиссиянын мүчөлөрү катышышат:
1) Юстиция министрлигинен;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен;
3) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинен;
4) Өкмөттүн Аппаратынан.
Комиссиянын жыйыны эгерде ага ушул пунктта аталган мамлекеттик органдардын атынан үчтөн кем эмес мүчөсү катышкан учурда мыйзамдуу деп эсептелет.
12. Комиссиянын жыйындарына каралып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору компетенциясына жана иш чөйрөсүнө таандык болгон мамлекеттик органдардын атынан көрсөтүлгөн Комиссия мүчөлөрү да катышышат, ал ченемдик укуктук актылардын тизмесин Юстиция министрлиги аныктайт.
13. Комиссия ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун чечимдерди коллегиялуу талкуулайт жана каралып жаткан маселе боюнча Комиссиянын кызыкдар мүчөлөрүнүн катышуусунда келген мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат. Алар жок болсо Комиссиянын жыйынынын күн тартибиндеги бул маселени кароо кийинки жыйынга жылдырылат. Добуштар тең болуп калган учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
Эгерде Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча Комиссиянын жыйынына катыша албаса, аны өкүл катары көрсөткөн мамлекеттик орган Комиссиянын жыйыны башталганга чейин Юстиция министрлигине бул жөнүндө маалымдоого жана жыйынга Комиссия мүчөсүнүн атынан добуш берүүгө жазуу түрүндө ыйгарым укук берилген башка өкүлдү жиберүүгө милдеттүү.
Комиссиянын жыйынына катышпоонун жүйөлүү себептери болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларга катышуу, ошондой эле командировкалар, өргүүгө чыкканына жана ден соолугунун абалына байланыштуу эмгектик милдеттерин аткаруудан бошоо эсептелет.
14. Комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоору жыйынды өткөрүүчү датага чейин 10 иш күндөн кечиктирбестен тиешелүү материалдар менен кошо Комиссиянын төрагасына берилет.
Комиссиянын төрагасы тарабынан жактырылган жыйындын күн тартибинин долбоору тиешелүү материалдар менен жыйынды өткөрүүчү датага чейин 7 иш күндөн кечиктирбестен Комиссия мүчөлөрүнө жиберилет. Жыйындын күн тартибин жана тиешелүү материалдарды электрондук почта боюнча жиберүүгө жол берилет, алар Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
Комиссиянын жыйынынын күн тартиби Комиссиянын катышып отурган мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен жыйындын өзүндө бекитилет. Жыйындын күн тартибине өзгөртүүлөр Комиссия мүчөлөрүнүн сунушу боюнча киргизилиши мүмкүн.
15. Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет.
16. Жыйындын протоколун Комиссиянын катчысы жазат. Протоколго Комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын катчысы кол коюшат.
17. Комиссиянын мүчөлөрү ченемдик укуктук актынын жактырылган долбооруна макул болбогон учурда, алардын пикирлери жана сунуштары өзгөчө пикир формасында таризделет жана протоколго тиркелет.
18. Юстиция министрлиги координациялык функциялардын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Комиссиянын ишин, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоого;
2) Өкмөттүн Аппаратына Комиссиянын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себепсиз катышпаганы үчүн Комиссиянын мүчөсүнө тартиптик жаза колдонуу жөнүндө Өкмөттүн Аппаратына сунуш киргизүүгө.
19. Юстиция министрлиги төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жыл сайын Комиссиянын ишине талдоо жүргүзүп жана жыйынтыгын чыгарып, жалпыланган маалыматты Өкмөттүн Аппаратына берүүгө;
2) аналитикалык маалыматты даярдоо үчүн Комиссиянын ишинин алкагында мамлекеттик органдардан келген документтерге ар бир жарым жылда талдоо жүргүзүүгө;
3) ченемдик укуктук актынын долбоору келип түшкөн күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде:
- ченемдик укуктук актынын долбоорун Комиссиянын кароосуна алып чыгууга макул болууга, ошондой эле зарыл болгон учурда, ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизген мамлекеттик орган менен бирге аны толуктап иштеп чыгууга;
- эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору Комиссия тарабынан каралууга тийиш болбогон учурда Комиссиянын жыйынына ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүүдөн баш тартууга;
4) Комиссиянын жыйыны өткөрүлгөндөн кийин 3 иш күндүн ичинде:
- Комиссиянын чечими менен белгиленген тартипте жактырылган ченемдик укуктук актынын долбоорун андан ары жылдыруу үчүн мамлекеттик органга Комиссиянын жыйынынын протоколунун көчүрмөсүн жиберүүгө;
- Комиссиянын чечими менен четке кагылган ченемдик укуктук актынын долбоорун толуктап иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органга Комиссиянын протоколунун көчүрмөсүн тиркөө менен жиберүүгө.
20. Ченемдик укуктук актынын долбоору Комиссиянын кароосуна кайталап киргизилген учурда кароо жол-жобосу ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
21. Ушул Жобонун талаптары аткарылбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышат.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы