Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮ1991-жылы Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары таанылды. 31-августта биз өлкөбүздүн эӊ негизги майрамдарынын бири – Көз карандысыздык күнүн майрамдайбыз. Ошол күндөн бери биздин көз карандысыз мамлекетибиздин атрибуттары – улуттук валюта, конституция, герб, гимн, желек жана улуттук тил болуп калды. Мунун бары бир эле мезгилде биздин көз карандысыздыгыбыздын кепили да, биздин маданиятыбызды жана мамлекеттүүлүктү сактоонун шарты да болуп саналат. Көз карандысыздык эмне үчүн керек, бул жөнүндө «Укук алиппеси» программасынын коноктору талкуулашат.
Балдардын коопсуздугун камсыздоо темасы азыркы мезгилде абдан актуалдуу. Анткени бала көп учурда «коркунуч» деген эмне экенин жана коркунуч аны кайсыл жерде күтүп тураарын биле бербейт. Балдардын коопсуздугу үчүн чоӊ жоопкерчилик улууларга жүктөлөт, өзгөчө ата-энелерге, алар балдарды эрте жашынан тартып коопсуз жүрүм турумга үйрөтүүлөрү зарыл. Баланын коопсуздугу деген эмне жана аны кантип сактоо керек экендигин «Укук алиппеси» программасынын жетинчи чыгарылышынан көрүӊүздөр.
Биз бардыгыбыз коомдо жашайбыз. Биздин айланабызда тааныш жана тааныш эмес адамдар бар. Жана ар бирибиздин, башка адамдардын каалоолору менен дал келбеши мүмкүн болгон өзүбүздүн каалоолорубуз бар. Ошондуктан бардык адамдардын ортосунда тынчтык жана тартип болуш үчүн, коом өзү, эрежелердин жыйнагын түзгөн, кийин ал “Мыйзам” деп аталып калган. “Мыйзамдар” деген эмне жана аны бузганга болобу бул жөнүндө “Укук алиппеси” программасынын алтынчы чыгарылышы айтып берет.
Дүйнө жүзүндө ар бир адамдын көп айтыла бербеген милдеттери бар: алар, өз өлкөсүнүн конституциясын сактоо, мекенин коргоо жана айлана-чөйрөнү коргоо, башка адамдардын укуктарын сактоо жана сыйлоо. Ал эми ушундай эле милдеттиер балдарда да барбы? Жана канча жашынан баштап кичинекей жаран өзүнүн жаман жоруктары үчүн жоопкерчилик тарта баштайт? Бул жөнүндө “Балдардын милдеттери – баланын көзү менен” аталыштагы “Укук алиппеси” программасынын бешинчи чыгарылышы айтып берет.
Дүйнө жүзүндөгү ар бир адамдын өзүнүн табигый укуктары бар алар: жашоого жана эркиндикке укук, медициналык жардамга жана жагымдуу айлана чөйрөгө укук. Адам эркин ойлонууга жана сүйлөөгө, өз кесибин тандоого, эмгектенүүгө жана эс алууга, кайсы өлкөдө жашоону тандоого жана башка көптөгөн укуктарга ээ. Ал эми ушундай эл укуктар балада да барбы? бул жөнүндө «Укук Алиппеси» телеберүүсүнүн төртүнчү чыгарылышынан көрүӊүздөр.
«Укук Алиппеси» телеберүүсүнүн биринчи чыгарылышы, Кыргыз Республикасынын Конституциясындай кызыктуу темага арналган. Дүйнөдөгү кандай гана болбосун өлкөнүн өзүнүн Конституциясы бар. Анда адамдын жана жарандын негизги укуктары жана милдеттери, ошондой эле аны менен мамлекет жашай турчу негизги эрежелер айтылган. Кыргызстандын биринчи Конституциясын 1993-жылдын 5-майында кабыл алышкан. Коомдун турмушундагы Конституциянын ролу жөнүндө биздин программабыздын жаш каармандары ой жүгүртүшөт.
«Укук Алиппеси» телеберүүсүнүн экинчи чыгарылышы, патриотизм темасына арналган. Биз патриотизм деген көрүнүш жөнүндө өтө көп угабыз, ал жөнүндө бизге саясатчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жазуучулар жана окумуштуулар, музыканттар жана спортсмендер жана жөнөкөй жарандар айтышат. Деги патриотизм деген эмне? Жана кандай иштер адамды чыныгы патриот кылат, бул жөнүндө биздин программабыздын коноктору ой жүгүртүшөт.
Көп учурда биздин айланабыздагы коомдо кимдир бирөөгө карата мындай фразаны угабыз – «Ал маданияттуу адам» же тескерисинче « Ал Тартипсиз!». Кимдир бирөө үчүн бул мыкты билим, ал эми башкалар үчүн бул үйдөгү, көчөдөгү, бардык коомдук жайлардагы үлгүлүү жүрүм – турум. Деги маданият деген эмне жана анык маданияттуу, цивилизациялуу жана тарбиялуу адам кандай көрүнөт? Бул тууралуу «Маданияттуу болуу – бул модалуу» деген аталыштагы «Укук Алиппеси» телеберүүсүнүн үчүнчү чыгарылышы айтып берет.
Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И
Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы
Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы
Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо