20 Чын куран, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ


Жаңылыктар жана окуялар

Юстиция министрлиги Нарын шаарында жана Кочкор айылында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбор ачты

Бейшемби 19 Чын куран 2018 15:45

Юстиция министрлиги Нарын шаарында жана Кочкор айылында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбор ачты

Бүгүн,19-апрельде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Нарын облусунда Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбордун (АЮЖБ) салтанаттуу ачылышын өткөрөлдү. Борборлордун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбековдун, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кимберли Розендин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун, Нарын облустук сотунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом уюмд...

Кенирээк...

Юстиция министрлиги Нарын облусунун Нарын шаарында жана Кочкор айылында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбор ачууда

Шаршемби 18 Чын куран 2018 10:18

Юстиция министрлиги Нарын облусунун Нарын шаарында жана Кочкор айылында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбор ачууда

2018-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Нарын облусунда Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбордун (АЮЖБ) салтанаттуу ачылышын өткөрөт. Нарын шаарында ачылыш аземи Мамбеталы уулу Таранчы көчөсү, 10 дареги боюнча Нарын облустук юстиция башкармалыгында эртең мененки саат 10:00до жана Кочкор айылында ошол эле күнү Исакеев көчөсү, 46 дерегинде жайгашкан Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында саат 15:00до өткөрүлөт.Борборлордун ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жа...

Кенирээк...

Юстиция министрлиги Кыргызстандын бардык региондорунда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча семинарлардын сериясын өткөрүүдө

Шейшемби 17 Чын куран 2018 16:38

Юстиция министрлиги Кыргызстандын бардык региондорунда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча семинарлардын сериясын өткөрүүдө

2018-жылдын 10-23 апрелине чейин КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ): практикалык суроолор” темасында семинарлардын сериясын өткөрүүдө . Семинар Кыргыз Республикасындагы Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын жана Финляндиянын Өкмөтү менен КР Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу жетүүгө” долбоорунун колдоосунда өткөрүүдө.Семинарлар КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамл...

Кенирээк...

Кредиттик союз «ТЭМ» финансылык кооперативи КМТУБМРне кирүүгө мүмкүндүк алды

Шейшемби 17 Чын куран 2018 14:52

Кредиттик союз «ТЭМ» финансылык кооперативи КМТУБМРне кирүүгө мүмкүндүк алды

Бүгүн, КС ТЭМ ФКви Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы менен акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин түзүп Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестиринде он-лайн режиминде каттоого мүмкүнчүлүк алды.Маалымат үчүн: Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укуктары электрондук каттодон ѳтүп, кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестиринде катталат. Азыркы учурда Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча талаптар жѳнѳкѳйлѳтүлүп, ар бир финансылык-кредиттик мекеме же болбосо кызыкдар тарап ѳзүнүн, кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын ѳзүнүн к...

Кенирээк...

Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан укуктук иш-чара өткөрүлдү

Шейшемби 3 Чын куран 2018 15:17

Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан укуктук иш-чара өткөрүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик нотариусу М. Таштанбеков Кара-Суу райондук ЖАК "Бай-Тушум" банктын кызматкерлерине лекция окуду. Жолугушуу убагында иш чаранын куратору Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктарынын иш-аракеттери боюнча айтып берди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" мыйзамын түшүндүрүп берди.Мындан тышкары, М. Таштанбеков жолугушуунун катышуучуларына акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору боюнча кенири маалымат берген. Ушул эле күнү мамлекеттик нотариус айрым жарандарга акысыз юридикалык консультацияларды көрсөткөн. Эске салсак, бул иш чара Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорул...

Кенирээк...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан  ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча окуу тренинги өткөрүп  жатат

Бейшемби 29 Жалган куран 2018 13:41

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча окуу тренинги өткөрүп жатат

Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштеп чыгуу боюнча окуу тренинги өткөрүлүүдө.Тренингдин максаты ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуунун сапатын жогорулатуу болуп саналат. Тренинг учурунда өздөштүрүлгөн көндүмдөр аткаруу бийлигинин юридикалык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн потенциалдарын жогорлатат жана алардын ченемдик укутук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери боюнча практикалык ишмердүүлүгүн жакшыртат, деп пландалууда. Тренингдин жыйынтыгы боюнча, баардык катышуучуларга тийиштүү күбөлүктөр ыйгарылат. Тренинг Кыргыз Республикасында мыйзам ...

Кенирээк...

 Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын кызматкерлери карыялар үйүнүн тургундарына жардам көрсөтүштү

Шейшемби 20 Жалган куран 2018 16:15

Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын кызматкерлери карыялар үйүнүн тургундарына жардам көрсөтүштү

Бүгүн, 2017-жылдын 20-мартында Нооруз майрамына карта Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын кызматкерлери жетекчиликтин демилгеси боюнча Бишкек шаардыкулгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде материалдык жардам көрсөтүштү.Жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттар, жеке гигиенага керектелүүчү товарлар сатып алынды. Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтегисоциалдык стационардык мекемесинде 208 карыя жашайт.Мекеменин администрациясы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын жамаатына жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти.Белгилей кетсек, аталган иш чар...

Кенирээк...

Уран Ахметов Кыргызстан Эл аралык Университетинин юридикалык факультетинин студенттери үчүн лекция өткөрдү

Дүйшөмбү 19 Жалган куран 2018 15:32

Уран Ахметов Кыргызстан Эл аралык Университетинин юридикалык факультетинин студенттери үчүн лекция өткөрдү

Бүгүн 19-мартта КР Юстиция министри Уран Ахметов Кыргызстан Эл аралык Университетинин юридикалык факультетинин студенттери үчүн лекция өткөрдү.Лекциядан студенттер КР Юстиция министрлигинин негизги иши жөнүндө жана КР Өкмөтүнүн Таза коом программасынын алкагындагы долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле Уран Ахметов калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө студенттерге айтып берди. Уран Ахметов Кыргызстанда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму аркылуу көрсөтүлө турчу акысыз укуктук жардамды алууга ар бир жарандын укугу бар экендигин белгиледи. Катышуучулар мындан башка КР Юстиция министрлигинин демилгеси боюнча ачылган ак...

Кенирээк...

Кредиттик союз «Эрминас» финансылык кооперативи КМТУБМРне кирүүгө мүмкүндүк алды

Дүйшөмбү 12 Жалган куран 2018 12:54

Кредиттик союз «Эрминас» финансылык кооперативи КМТУБМРне кирүүгө мүмкүндүк алды

Бүгүн, КС Эрминас ФКви Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Борбордук күрөө каттоо конторасы менен акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин түзүп Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестиринде он-лайн режиминде каттоого мүмкүнчүлүк алды.Маалымат үчүн: Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укуктары электрондук каттодон ѳтүп, кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестиринде катталат.Азыркы учурда Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча талаптар жѳнѳкѳйлѳтүлүп, ар бир финансылык-кредиттик мекеме же болбосо кызыкдар тарап ѳзүнүн, кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын ѳзүнүн кеӊ...

Кенирээк...

Талас облустук Юстиция башкармалыгынын кызматкерлери жашы жете элек балдардын укугу боюнча  тегерек стол өткөрүштү

Дүйшөмбү 12 Жалган куран 2018 09:40

Талас облустук Юстиция башкармалыгынын кызматкерлери жашы жете элек балдардын укугу боюнча тегерек стол өткөрүштү

Талас шаарынын №4 орто мектебинин окуучуларынын жана эмгек жамаатынын катышуусунда, Талас облустук юстиция башкармалыгынын жетектөөчү адиси Эсенжан уулу Р. облустун сот департаментинин өкүлү менен биргеликте, балдардын укугуна арналган тегерек стол өткөрүшүп, анда балдардын укугу жана аларды коргогон мыйзамдар тууралуу кептер козголду. Ошондой эле, юстициянын жетектөөчү адиси Эсенжан уулу Р. атайын баяндама жасап, анда Кыргызстандагы бүгүнкү күндөгү жашы жете элек балдарга карата чоң адамдар тарабынан жасалып жаткан зомбулук тууралуу маалымат берди . Өз кезегинде катышуучулар бул жаатта кандай иш-чаралар жүрүп жаткандыгы жана зомбулук менен күрөшүүнүн жолдорун сурашып, тиешелүү жоопту угушту...

Кенирээк...

ААК “Айыл Банкынын”кызматкерлери жана банктын кызматын колдонгон жарандар менен   өткөрүлгөн семинар

Шейшемби 6 Жалган куран 2018 15:55

ААК “Айыл Банкынын”кызматкерлери жана банктын кызматын колдонгон жарандар менен өткөрүлгөн семинар

Жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу Концепциясынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине болгон элдин ишеним Индексин жогорулатуу максатында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук мамлекеттик нотариусу Байдавлетова Аймончок Кочкорбаевна 2018-жылдын 5-мартында Айыл Банк ААКнун Базар-Коргон районундагы филиалынын имаратында, банктын кызматкерлери жана банктын кызматынан колдонгон кардарлардын катышуусунда семинар өткөрдү. Семинарда негизинен Кыргыз Республикасынын Нотариат жана Күрөө мыйзамдарынын талаптарына ылайык, насыя алуучулардын укук милдеттери, ошону менен бирге жоопкерчиликтери түшүндүрүлдү.Семинардын соңуңда, катышуучулар Базар-Коргон районундагы ак...

Кенирээк...

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүлүшү финансылык сектору үчүн Кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укугун аткарууга милдеттенмелерди каттоо тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү жана жеңилдетилди

Дүйшөмбү 5 Жалган куран 2018 10:57

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүлүшү финансылык сектору үчүн Кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укугун аткарууга милдеттенмелерди каттоо тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү жана жеңилдетилди

Кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укугун аткарууга милдеттенмелерди каттоо тартиби жөнөкөйлөштүрүлүү максатында Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы №117 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын “Күрөө жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине), мыйзамы кабыл алынган жана ал 2017-жылдын 27-январынан күчүнө кирген Аталган мыйзам төмөнкүлөрдү карайт:- кыймылдуу мүлктүн күрөө жөнүндөгү келишиминин милдеттенмесин 300 эсептик көрсөткүчтөн жогору суммага камсыз кылуучу милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоону жокко ...

Кенирээк...

Балыкчы шаарынын мамлекеттик нотариусу  юстиция органдарына калктын ишеним индексин жогорулатуу иштерин өткөрүүдө

Ишемби 3 Жалган куран 2018 13:02

Балыкчы шаарынын мамлекеттик нотариусу юстиция органдарына калктын ишеним индексин жогорулатуу иштерин өткөрүүдө

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча Концепциясын ишке ашыруу боюнча Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын иш-чаралар планынын алкагында Балыкчы шаарынын мамлекеттик нотариусу А. Токтосунова Балыкчы шаарындагы Азия Банк ЖАКнун Балыкчы шаардык филиалынын имаратында аталган уюмдун кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Ушул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик нотариус Кыргыз Республикасынын Нотариат жөнүндө мыйзамын жана юстиция органдарынын ишмердүүлүгүн түшүндүрүп берди. Мындан тышкары мамлекеттик нотариус эркектердин жана аялдардын бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөдүн сактоодо мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө түшүндүрүү жүргүз...

Кенирээк...

Жалал-Абад шаарынын Бизнес жана Укук академиясынын юридикалык факультетинин стунденттери менен  юстиция башкармалыгынын кызматкерлер тарабынан жолугушуу өткөрүлдү

Ишемби 3 Жалган куран 2018 12:47

Жалал-Абад шаарынын Бизнес жана Укук академиясынын юридикалык факультетинин стунденттери менен юстиция башкармалыгынын кызматкерлер тарабынан жолугушуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине калктын ишениминин деӊгээлин жогорулатуу максатында Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын жетектөөчү адиси Али уулу Данияр жана жетектөөчү адистин милдетин аткаруучу Айнура Аттокурованын “Бизнес жана Укук” академиясынын юридикалык факультетинин студенттери менен жолугушуусу болду. Жолугушууда студенттерге Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин иши жөнүндө, укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы жана анын КР мыйзамдары мобильдик тиркемеси, “Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрү” жөнүндө айтып беришти. Мындан тышкары келечектеги юристтер Адвокатура жөнүндө, Мамлекет кепилдеген ю...

Кенирээк...

Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Жума 2 Жалган куран 2018 17:35

Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын жетектɵɵчү адиси Али уулу Данияр Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда юридикалык жакты кантип жана кайсы жерде каттоо тууралуу кеӊири түшүндүрүп берди. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү, кызматчылардын антикоррупциялык жүрүм-турумунун стандарты, коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу жана коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтери боюнча кеӊири түшүндүрдү. Ошону менен бирге, шаар тургундарына юридикалык жакты, филиалдарды (ɵкүлчүлүктɵрдү) каттоодо керектүү документтер кɵрсɵтүлгɵн жана буклеттер таратылды. Мындан сырткары юстиция министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун аягында шаар ...

Кенирээк...

Таш-Көмүр шаарынын А.Н.Островский атындагы №1  жана Токтогул атындагы №4 орто мектептеринин окуучулары менен  өткөрүлгөн  жолугушуулар

Жума 2 Жалган куран 2018 16:49

Таш-Көмүр шаарынын А.Н.Островский атындагы №1 жана Токтогул атындагы №4 орто мектептеринин окуучулары менен өткөрүлгөн жолугушуулар

Таш-Көмүр шаардык мамлекеттик нотариусу Юлдашева Гульбархан Нугайкуловна 2018-жылдын 26-февралында Таш-Көмүр шаарынын А.Н.Островский атындагы № 1 орто мектебинин 10-11класстарынын жана Токтогул атындагы №4 орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү Кодексинин талабына ылайык, ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды коргоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди. Ошону менен бирге, жолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучулары Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариустун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алышып, сонунда кызыккан суроолоруна канаа...

Кенирээк...

Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгы тарабынан  мамлекеттик статистика кызматкерлерине лекция өткөрүлдү

Жума 2 Жалган куран 2018 16:26

Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгы тарабынан мамлекеттик статистика кызматкерлерине лекция өткөрүлдү

Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын башкы адиси Ч. Сайпиев Ош шаарынын мамлекеттик статистика башкармалыгынын кызматкерлерине лекция өткөрдү. Лекциянын жүрүшүндө, башкы адис Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги №182-токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү “бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө Жобону тоолугу менен айтып берди. Мындан сырткары, тараптар юстиция органдарына болгон калктын ишеним индексин жогорулатуунун ыкмаларын жана жолдорун талкуулашкан. Лекциянын аягында Ч. Сайпиев мамлекет...

Кенирээк...

Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарды каттоо системасы модернизацияланды

Жума 2 Жалган куран 2018 10:51

Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарды каттоо системасы модернизацияланды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Борбордук күрөө каттоо конторасы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) колдоосу менен финансы-кредит мекемелерине же башка кызыкдар жактын офисинен чыкпай туруп, өзүнүн кыймылдуу мүлккө карата талап укугун каттатууга жана катталган кыймылдуу мүлккө карата талап укуктары жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берүүчү Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укугун каттоонун модернизацияланган тутуму он-лайн режиминде ишке киргизилди https://zalog.gov.kg/Бул Автоматташтырылган маалымат системасы жалпысынан сыналган жана кабыл алынган, 2017-жылдын 30-июнан баштап 18 айга кепилдик тейлөөгө өткөрүлгөн...

Кенирээк...

Майлуу-Суу шаардык мамлекеттик  каттоо  кызматы менен   семинар өткөрүлгөн

Бейшемби 1 Жалган куран 2018 16:44

Майлуу-Суу шаардык мамлекеттик каттоо кызматы менен семинар өткөрүлгөн

Майлуу-Суу шаардык мамлекеттик нотариусу Наркулова Самара Аскарбековна 2018-жылдын 2-февралында акысыз юридикалык кенеш берүү борборунун алкагында Майлуу-Суу шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын (ЖААК, паспорт стол) кызматкерлери менен семинар өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө 1961-жылдын 5-октябрындагы Гаага конвенциясынын талаптарына ылайык, расмий иш кагаздарга апостиль штампын, мөөрүнүн, кол коюнун жол жоболору боюнча түшүндүрмө берилди. Семинардын соңунда семинардын катышуучулары нотариалдык иш аракеттерди күбөлөндүрүүдөгү акылуу кызматтардын суммалары боюнча маалымат алышты....

Кенирээк...

Банк мекемелери менен  өткөрүлгөн   семинар

Бейшемби 1 Жалган куран 2018 16:40

Банк мекемелери менен өткөрүлгөн семинар

Ала-Бука районунун мамлекеттик нотариусу Бөрүбаева Бүайша Иманбековна 2018-жылдын 1- февралында нотариалдык тажрыйбаны бирдей колдонуу максатында Ала-Бука районунун Мөл-Булак ААК банкынын кызматкерлери менен семинар өткөрдү. Семинарда негизинен күрөө келишимдеринин негизинде насыя алуучулардын жоопкерчиликтери талкууланды. Ошону менен бирге, семинардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы Мамлекеттик жыйым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 3-пункту боюнча суроолорун беришип, кызыккан суроолоруна канааттандырарлык жоопторду алышты...

Кенирээк...

Бул категорияда эч кандай материалдар...
09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы