04.02.2011 Бермет МАТКЕРИМОВА, "Кыргыз Туусу"
КРнын Юстиция министри Абылай Мухамеджанов: "Эл мыйзамды канчалык жакшы билсе, мамлекеттин иши да ошончолук жеңил жүрөт"
Акыркы беш жыл аралыгында эгемендүү Кыргызстанда эки революция ишке ашыры-лып, жыйынтыгында эки мурдагы президенттерибиз өлкөдөн куулуп, жер тентип калышты... Анткен менен кыргыз эли демократиялуу, укуктуу мамлекетти куруу жолунан кайтышпай, өлкөнү парламенттик башкаруу түзүлүшүн тандап алышты. Ушул багытта Кыргызстандын алдында эң биринчи кезекте кандай милдеттер тургандыгы жаатында "Кыргыз Туусу" гезитинин кабарчысына
Юстиция министри А.Мухамеджанов ой бөлүштү.
– Абылай Жумакадырович, өткөн жылдагы өлкөнүн, элдин тагдырын чечкен кыйын кезеңден кийин кабыл алынган жаңы Негизги мыйзамыбызга ылайык жаңы парламент шайланды, жаңы Өкмөт түзүлдү, эми мамлекет иши мыйзамдуу нугуна түшүп бараткандай...
– Укуктук мамлекет куруу жагынан Кыргызстандагы азыркы акыбалды алсак, республикада бүгүн адамдын жана мамлекеттин жашоосун камсыз кыла турган негизги мыйзам базасы бар. Бирок мыйзамдар деген эч качан жетиштүү болбойт, анткени жашоо, адамдардын мууну, алардын өз ара мамилеси, коом, коомго мамиле күн сайын тынымсыз өзгөрүп турат. Ошого жараша мыйзамдар да эскирет, жаңылоону талап кылат. Андыктан коомдун жаңыча өнүгүү багыттарына жооп бере турган жаңы мыйзамдарды жазууга туура келет.
Өлкөнүн бүгүнкү өнүгүү этабы жаатында кеп кылсак, ал бир мамлекеттик түзүлүштөн экинчи түрүнө өтүү менен мүнөздөлгөн тарыхый мааниге ээ. Ал эми бул өтүү мыйзамдардын да кескин өзгөрүшүнө алып келүүдө. Так ушул өңүттөн мамлекеттин укуктук саясатын жүргүзгөн мамлекеттик орган катары Юстиция министрлигинин алдында колдонуудагы мыйзамдарды жаңы Конституцияга ылайык келтирүү, алардагы укуктук боштуктарды толтуруу жана адам укуктары жана эркиндиктери жаатында аларды эл аралык документтерге шайкеш кылуу багытында зор иш турууда. Жакшы мыйзам жазылган болсо да, анын иштөөсүнө жарандар өзү кызыкдар болмоюнча, укуктук мамлекетти куруу кыйын.Ушул жагынан алганда жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу министрликтин алдында колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү иши гана эмес, алардын зарылдыгын жана маанисин калкка жеткирүү, керек болсо, түшүндүрүү түйшүгү да турууда. Жарандар мыйзамдар кандай өзгөрүп жатканы жөнүндө такай кабардар болууга тийиш. Ушул багытта бардык аймактарда, ар бир калктуу пункттарда элдин мыйзамдагы укуктарын жана милдеттерин билүү жагынан сабаттуулугун көтөрүү иши турууда. Адамдар өз укуктарын коргоо үчүн жер-жерлерде кимге жана кайсы органга кайрылуу керек экендигин билүүгө тийиш. Жөнөкөйлөтүп айтканда, ар бир жаран мыйзам анын өз укугун коргой тургандыгына ынанышына жетишүүбүз керек.
Бирок жарандардын баары эле мыйзамдардагы өзгөрүүлөр жөнүндө такай кабардар болуп турууга мүмкүнчүлүгү жок. Өзгөчө элет жеринде жашаган калктын кабардар болуусу чектелүү. Бул биринчи кезекте ал жакка радио уктуруу, телекөрсөтүү, гезит, Интернет ж.б. маалымат каражаттарынын жеткиликтүү келбегендигине байланыштуу. Калган жерлерде жашагандар деле түшүндүрүү иштерине муктаж, анткени мыйзамдар деген эреже катарында бир сөзү түшүп калса, калган тексти түшүнүксүз боло турган жоболордон турат. Аны жөнөкөй калкка сөзсүз түшүндүрүп берүү керек. Ушуга байланыштуу Юстиция министрлиги бүгүн укуктук пропаганданы колго алып, бул ишке катуу киришүүдө.
– Бул өңүттөн караганда мамлекеттин мыйзам чыгаруу жана аны калкка жайылтуу ишинде Юстиция министрлигинин ролу канчалык деп ойлойсуз?
– Мыйзам долбоорлоо иши Юстиция министрлигинин ишинин башкы багыттарынын бири болуп эсептелет. Башкача айтканда, министрлик буга чейин эле Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин аткарып келди жана азыр да аткарууда. Тактап айтсак, Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо демилгеси боюнча иштелип чыга турган өлкөнү экономикалык-социалдык өнүктүрүү багытындагы мыйзамдардын долбоору адатта иштеп чыгуу үчүн биздин министрликке жүктөлөт. Мындан тышкары биздин министрликтин адистери тарабынан бул же тигил министрлик тарабынан өз тармактары боюнча иштелип чыккан мыйзам долбоорлору экспертизадан өтөт, б.а. алардын жоболору Конституцияга, башка мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерге ылайык жазылганы, карама-каршы келбегендиги текшерилет. Мындан тышкары Юстиция министрлиги Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо планына ылайык иштеп чыгуу пландаштырылган мыйзам долбоорлорунун башка тиешелүү органдар тарабынан өз мөөнөтүндө иштеп чыгылышына, алардын Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилишине жана каралышына көз салат.
– Укуктук маалыматтарды жайылтууда эл аралык тажрыйбаларга таянуу зарылдыгы бар экендиги түшүнүктүү. Чет мамлекеттер менен укуктук маалымат алмашуу боюнча Юстиция министрлиги кандай иш алпарып жатты экен?
– Биздин министрлик Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигине, Евразиялык экономикалык кызматташтыгына мүчө мамлекеттердин тиешелүү министрликтери менен түзүлгөн көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашууларга ылайык, буга чейин калыптанган салттуу мамилелердин негизинде укуктук маалыматтарды үзбөй алмашып келет. Ушул багытта бири-бирибиздин жүргүзүп жаткан иштерибиз, тажрыйбаларыбыз жөнүндө толук кабардарбыз.Мындан тышкары Юстиция министрлиги өз ыйгарым укуктарына ылайык башка чет өлкөлөрдүн тиешелүү министрликтери менен да мамиле түзүп келатат. Министрликтин алдында түзүлгөн маалыматтардын базасы Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдүн тиешелүү органдары жана эл аралык уюмдары менен маалыматтык байланыш түзүүсүнө шарт түзөт.
– Бул багытта Юстиция министрлигинин кызматкерлери маалыматтык кандай технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ?
– Юстиция министрлигинин өзүнүн веб-сайты бар. Анда министрликтин иши жөнүндө маалыматтар, мындан тышкары министрлик тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылар, ошондой эле типтүү документтердин үлгүлөрү, мисалы, арыздар, бланктар, аларды кантип толтуруу жөнүндө нускамалар, министрлик тарабынан көрсөтүлө турган кызмат көрсөтүүлөрдүн чендери ж.б. Мындан тышкары мында кайсы жаран болбосун элге белгилүү болуп бараткан "электрондук кабылдамадан" же "суроо-жооп" кызматынан пайдалана алышат. Ал эми мыйзамдардын өзгөргөндүгүнө, жаңылары кабылданганына жараша биздин сайт улам жаңыртылып турат. Биздин келечекте сайтты мамлекеттик тилде да түзүү, ошондой эле нотариустардын ишин жеңилдеткен жана алар тарабынан көрсөтүлө турган кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрө турган компьютердик програмаларды киргизүү ниетибиз бар. Иши кылып, биз маалыматтык технологияларды киргизүү аркылуу министрликтин ишинин кайтарымдуулугуна жетишебиз деген үмүттөбүз.
– Үстүбүздөгү жылдын 22-январында Президент Р.Отунбаева Коргоо кеңешинин биринчи отурумунда коррупцияга каршы такай жана натыйжалуу күрөшүү зарылдыгын белгиледи. Сиздин оюңузча бул кырдаалды кантип оңдоого болот деп ойлойсуз?
– Менимче, бул биринчи кезекте мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын, алардын иши жөнүндө маалыматтын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга байланыштуу. Мыйзамдар жакшы эле өркүндөтүлгөн (кайра жазылган) менен анын иштеп кетишинде маселелер келип чыгууда, бул үчүн укуктук нигилизмге каршы да күрөшүү керек болууда, анткени эгерде мыйзамдын өзү сапатсыз, алгылыксыз болсо, аны сыйла деп кыйкыра берген жарабайт, андай мыйзамды колдонуу керек болсо коррупциянын өнүгүшүнө алып келет. Антсе да бизде жаранды мыйзамды сыйлоого тарбиялоо маселеси бар. Адамды мыйзамды сактоого, жөнөкөйлөтүп айтканда, сыйлай билүүгө үйрөтүү үйдөн, балдар бакчасынан жана мектептен, б.а. адамдын жаш кезинен башталышы керек. Ошондо гана ал мыйзамды сактаган тарбиясы бар инсан болот. Ал эми Президент Роза Исаковна айткандай бүгүн коррупциянын балдар бакчасынан мамлекеттик органдарга чейин тамырланганы абдан
кейиштүү көрүнүш, бул, керек болсо, коомдун "оорукчан" болуп олтурганы. Андыктан мен жогоруда айткандай, калкты, коомду бул оорудан алардын укуктук маданиятын көтөрүү аркылуу арылтууга болот деп ойлоймун. Дегинкиси, калктын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатмайынча өлкөдө жалпы эле укуктук жана саясий реформаларды ишке ашыруу кыйын деп эсептейм. Биз ушул багытта укуктук маалыматты пропагандалоо ишин элет жеринен баштап жатабыз.
– Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө Сиздин көз карашыңызды билгибиз келет?
– Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп кыргыз тили эсептелгендиктен, мамлекет аны өнүктүрүүгө, анын ичинде, иш кагаздарын жүргүзүүгө милдеттүү. Бирок ошол эле мезгилде "өтө эле ашыкча кетпе" принцибин сактоо абзел, б.а. мамлекеттик тилди расмий тилге зыянын тийгизбегендей, статусун, ордун жана ролун көтөрүү менен өнүктүрүшүбүз керек.
Юстиция министрлигинде буга чейин иш кагаздары негизинен орус тилинде жүрүп келген. Бирок биз эми иш кагаздарын мамлекеттик тилге толук өткөрөрдөн мурда кызматкерлерибизге кыргыз тилин окутууну чечтик. Ушул максатта мамлекеттик тил боюнча Тил комиссиясы менен макулдашуу түздүк. Бекитилген графикке ылайык алар кыргыз тилин үйрөнүшмөкчү. Алар окушкандан кийин биз акырындап иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өтмөкчүбүз.
Ушул тапта жарандардан мамтилде келген каттарга министрлик тарабынан да тиешелүү түрдө мамтилде жооп жазылат, ошондой эле мамлекеттик органдарга кыргыз тилинде документтерди жазуу зарылдыгы болгон учурда алар мамлекеттик тилде даярдалат. Ал эми мамлекеттик тилде даярдалган иш кагаздарын расмий тилде жүргүзүү мурдагыдай эле өз нугунда уланууда.
– Жаңы министрдин жеке турмушу да көптөрдү кызыктырат эмеспи. Үй-бүлөңүз тууралу да айта кетсеңиз?
– Үй-бүлөм – мен үчүн эң кымбат дөөлөт. Жубайымдын аты – Атыркүл. Ал эки жогорку билимге ээ. Биринчи билими боюнча – педагог, Россиядан окуган. Экинчи билимин деле ошол жактан алган – Санкт-Петербургдагы менеджмент жана бизнес институтун аяктаган. Атыркүл жеке ишкерлик менен алектенет. Төрт баланы багып өстүрүүдөбүз, алардын кенжеси 4 жашта. Бош убактым болсо эле балдарым жана неберелерим менен өткөрүүгө аракет кылам. Алар менен сүйлөшкөндөн кадимкидей эс алам.
Мухамеджанов Абылай Жумакадырович 1959-жылы Чүй облусунун Кант районундагы Тогуз-Булак айылында кызматчылардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Улуту - кыргыз.
1986-жылы КУУнун юридикалык факультетин аяктагандан кийин алгач ИИ органдарында, андан соң прокуратура органдарында тергөөчү болуп иштеген.
1995-1996-жылдарда Президенттин Администрациясында иштеген. 1996-2002-жылдарда Жогорку Кеңештин Аппаратынын мамлекеттик түзүлүш, конституциялык мыйзамдар жана сот реформасы бөлүмүнүн башчысы болгон. 2002-жылы Арбитраждык соттун судьясы, кийин Жогорку соттун судьясы болуп, 2010-жылга чейин иштеген.
Жогорку квалификациялуу судья.
Үй-бүлөлүү, 4 баласы бар.
Бермет МАТКЕРИМОВА
Мөөрү
2011.09.21 15:33:16