20 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Эркин-Тоо: «АДИЛЕТТИК ЭРЕЖЕ АРКЫЛУУ ОРНОТУЛАТ»

none.jpg

2012-жылдын 27 январы   Алмамбет Шыкмаматов, КРнын адилет миниcтри:  «АДИЛЕТТИК ЭРЕЖЕ АРКЫЛУУ ОРНОТУЛАТ»   - Алмамбет Насырканович, жерде тирилик башталгандан бери эле жалпы адамзаттын издегени «адилеттик» эмеспи. Сиз адилет министри катары Кыргызстанда адилеттиктин орношуна кандай чара колдоносуз? - Өзүнүз айткандай, жер каймактагандан бери жалпы адамзат адилеттикти издеп келет. Себеби, ар бир адамдын, коомдун, мамлекеттин дегеле адамзат жашаган чөлкөмдөн эң бнринчи тилеги, адилеттикке жетүү. адилеттикти издөө болот эмеспи. Биринчиден, адилеттик эреже менен орнотулат. Эреже -бул бүгүнкү күндөгү мыйзам. Мыйзам – бул коом менен макулдашылган келишим. Адамдар шайлоо жолу менен өз өкүлдөрүн жогорку даражалуу бийликке шайлашат. Алар Жогорку Кеңеш, Президент жана жергиликтүү кеңештер. Шайлоочулар өкүлдөрүн шайлап жатып, бизге «адилеттик орносун» деп талап кылат. Талаптардын аткарылышы, мыйзамдардын кынтыксыз иштеши чогулуп келип, «адилеттик» деген чоң түшүнүктү берет. Тилекке каршы, реалдуу турмушта андай болбой жатат. Конституцияда «бийликтин бирден бир туткасы эл» деп жазылган. Бирок, элдин баары Президент же мыйзам чыгаруучу орган боло албайт. Алар жогоруда айткандай, шайлоо жолу менен өз өкүлдөрүн шайлашып, «бийликти иш жүзүнө ашыр, таза, адилеттүү коом кур» деп укук беришет. Шайлоо учурунда биздин шайлоочулар Жогорку Кеңешти, Преэидентти, райондук жана жергиликтүү кеңешти шайлоодо «тууганчылык, жер-дешчилик, акчага алдануу». деген жаман сапаттан алыстап, өзүлөрү ишенген. жүрөгү элим деп соккон инсандарын шайласа - бул коомдун адилеттикке кошкон салымы. Коомдогу мамилелерли жөнгө салуу үчүн райондук жана Жогорку Кеңештер өзүлөрүнүн деңгээлиндеги нормативдик актыларын иштеп чыгат. Демек адилеттикти, калыстыкты жана мыйзамдуулукту орнотуу үчүн жалпы эл дагы шайлоо институттары аркылуу чечүүчү роль ойнойт. Адилет министрлигинин негизги максаттарынын бири катары мен укуктук пропаганданы күчөтүп, жайылтууну колго алып жатам. Укуктук пропаганданы кандай жол менен ишке ашырып, элге жайылтыш керек? Биринчиден, Мамлекеттик биринчи каналдан жумасына 20 минут убакыт сурап, ал убакытта коомдун эң көйгөйлүү социалдык укуктарын сыналгы аркылуу ар бир үй-бүлөгө жеткизип, түшүндүрүп туруу боюнча өкмөттүк деңгээлде ушул маселени көтөрүп чыгайын деп жатам. Карапайым эл өз укугун билбей укугу тебеленип калганга өздөрү жол берип, жаны кейигенде анан мамлекетке нааразы болууда. Кыргыз эли эки жолу төңкөрүш жасап. адилетсиз бийликти кулатып, саясий укугун коргоого жетишти. Бирок, социалдык укугун коргоого жетише элек. Жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууну мектептен башташ керек. Эмне үчүн салык төлөйсүң, аткаруу бийлиги эмне иш кылат? Жогорку Кеңешти ким шайлайт мыйзам деген эмне. анын күчү канчалык деңгээлде таасирдүү мына ушуга окшогон суроолордун жообун мектеп окуучуларына жеткирип турсак, мыйзамга болгон мамилебиз мектеп курагынан баштап калыптана баштайт. Бир эле мисал, жер титиреп жабыр тарткан жарандарга 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин жеңилдетилген ссуда берилет. Аны болсо жабыр тарткандар эмес, айыл өкмөтү менен түз кирип чыккандар, кичине акча берип документтерин тез бүтүрүп алгандар жана тааныш билиши барлар гана алып, чыныгы жабыр тарткандар жеңилдетилген ссуданы алалбай келатышат. Бул бир гана мисал. Мына социалдык укугу тебеленгендер республикада абдан көп. Ушуга окшогон олуттуу маселелерди жоюшубуз керек. - Турмушта адилеттик издеп, чындыкка жете албай жапа чеккен күнүнүз болду беле? - Жалгыз гана мен эмес, жалпы адамзаты тыным албай адилеттик издеп адилетсиздик менен күрөшүп келген. Ошол сыяктуу турмуш - бул күрөш дегендей, мен дагы ошол адамдардын катарындамын. - Жаңы Өкмөттүн курамы түзүлүп, бир нече министрликтер, агенттиктер кыскартылды. Мына ушул кыскартуулар өлкөнүн өнүгүшүнө канчалык деңгээлде таасир этет? - Биз эгемендүүлүк алгандан бери мындай реформалар көп болгон. Бул биринчи гана эмес. Тарых көрсөткөндөй реформалардын баары жакшы тилек менен жакшылыктан үмүт кылып башташат бирок, жыйынтыгын убакыт жана жасаган аракет далалат көрсөтөт. Азыркы башталган реформанын демилгечилеринин тилеги жакшы. Бул реформа канчалык деңгээлде өзүнүн жемишин берип, элдин колдоосуна ээ болоорун азыр айтуу эртелик кылат. Бирок, - бул реформа өз жемишин бербей калса, катачылык катары бааланыш керек. Реформалоону баштагандар, аткаруу бийлигинин түздөн-түз жоопкерчилиги болуш керек. - Кандай гана уюм болбосун, гезиттерден баштан ЖЧК сыяктуу бардык бирикме уюмдар Адилет мннистрлигннен каттоодон өтүшөт. Каттоодогу уюмдардын баары тең мамлекетке пайда алып келеби? - Адамдар биригип, бир уюм түзүп, «иш кылабыз» десе, министрлик алардын тиешелүү документтерин карап, туура болсо каттоодон өткөрөт. Ал эми «сен мамлекетке пайда алып келбейсиң» деп каттоодон баш тартса, тоталитардык режимге багыт алып, демократиянын укуктук талаасынан алыстап кеткен болобуз. Каттоодон өткөн уюмдардын элге пайдасы бар же жогун коомчулук өзү аныктайт. Пайдасы барлар өсүп-өнүгүп, элге тарап, иши жыла берет. Пайдасы жоктор коомго тарай албай өзүнөн-өзү жоюлуп кете берет. - Сот системасын андан ары реформалоодо макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча коииссияда мүчөсүз. Реформалоо жүргүзүлгөндөн кийин сот системасы канчалык деңгээлде таза болот жана ал кандай сунуштар? - Азыркы учурда Кыргыз мамлекетинин алдында сот бийлигин жаңы Конституциянын талаптарына ылайык реформалоо милдети турат. Элдин сот бийлигине болгон ишенимин орнотуу, оңой-олтон иш эмес. 2012-жылдагы туңгуюкка кептелген сот реформасын жандандырышыбыз керек. Сот системасын андан ары реформалоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана төрагасы чоң жоопкерчиликтүү иштин башында турат. Ошондуктан, канткенде сот бийлиги таза, адилет иштейт деген суроолордун тегерегинде ийри олтуруп, түз кеңешип чыныгы көз карандысыз сот системасынын орношуна алып келе турган сунуштарды беребиз. - Адилет министрлигинин алдындагы СЭМБнын (соттук экспертизанын мамлекеттик борбору) абалдары кандай экен. Анткени, СЭМБга нааразы болгон адамдар өтө көп. - Сиз айткандай, Адилет министрлигинин алдындагы соттук экспертизага нааразы болгондор өтө көп экен. Эмне себептен экспертизанын кылган ишине нааразы болуп, арыздануулар көп экенин терең талдоо менен карап жатам. Биринчиден, экспертиза өткөрүү убактысы кечиктирилгенден жана белгиленген убакытта жыйынтык чыгарылбай көпкө созулгандары болду. Чындыгында ар ким өз кызыкчылыктарын ойлоп, паракорчулук күч алып, 3 күндүн ичинде өтө турган экспертиза 3 жумага чоюлуп, ак жерден абакка отургандардын баары ошондон келип чыгып жатат. Мен министр болгондон баштап, экспертизанын жыйынтыгы мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбесин деп катуу талап коюп жатам. Ал эми экинчи жагы болсо, эксперттердин олтурган имаратынын урайын дегенине 3 жыл болуптур. Андан тышкары айлык акылар өтө төмөн 4000, 4500 сомду гана түзөт. Оңго бассаң арабаң сынат, солго бассаң өгүзүң өлөт дегендей, бири - бирине карама - каршы келген көйгөйлөргө карабай иштеп келатышат. Ал жерде иштегендердин баары 10, 20 жылдан бери иштеген пенсия курагына келип калган эксперттер. Жаңы муундан иштейбиз деп келген эксперттер жокко эсе. Эгерде алар эртен пенсияга чыкса, алардын ордун толуктай турган эксперттер жок. Биз бул жагын да ойлонууга тийишпиз.    Маектешкен Максат ИСАБЕКОВ
Мөөрү

2012.02.06 14:55:30
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы