13 Бештин айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Ысык-Көл облустук Юстиция башкармалыгынын башчысы Ысык-Көл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

0c0681d3efdbe0f633e82bfec2fb244a.jpg

2017-жылдын 26-сентябрь айында Ысык-Көл облустук Юстиция башкармалыгынын башчысы У. Акулуев Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында Ысык-Көл районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары менен жолгугушуу өткөрдү. Жолгугушуу учурунда Башкармалыктын башчысы юстиция Башкармалыгынын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, бул семинардын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткарып жаткан иштерине өзгөчө алардын чечимдердин (токтомдордун) кабыл алуу тартиби жана аларды ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү реестрине киргизүүдө көмөк көрсөтүү экендигин баса белгиледи. Андан тышкары Ысык-Көл  облустук  юстиция  Башкармалыгы тарабынан айыл өкмөт башчылары менен «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» түзүлгөн келишимдердин максаты жөнүндө өзгөчө алыскы жайгашкан айыл жергелерине жана нотариус жок аймактардын элине кээ бир нотариалдык иш-аракеттерди жеринен күбөлөндүрүүгө ыӊгайлуу шарттар түзүлгөндүгүн жана  жарандардын ашыкча убакыт коротуп убара тартуудан жана ашыкча  чыгымдарды азайтууга  багытталгандыгын кеӊири айтып берди.
 
Ошондой эле, Юстиция башкармалыгынын башкы адиси Р.Абушинов өзүнүн түздөн түз аткарып жаткан, нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, МКЮЖ жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Борборлоштурулган укуктук маалымат банкынан мыйзамдарын пайдалануунун жол-жоболорун түшүндүрүү иштерин  жүргүзүлдү. Жолугушуунун аягында юстиция Башкармалыгынын башчысы У. Акулуев катышуучуларга Ысык-Көл облусунун бардык район, шаарларында бекер юридикалык кеп-кеӊеш берүү боюнча Борборлору иш алып барып жаткандыгы боюнча  маалымат берип ар дайым кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мөөрү

daa5baeadfe72487a81924e3a8aba8b0.jpg
f5e41b4992f2c2773ea8b01cb93337e4.jpg


2017.09.29 17:44:11

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы