Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮКыргыз Республикасынын юстиция министрлиги Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Европа шериктештигинин колдоосу астында 2016-2020 жж. Кыргыз Республикасында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясынын алкагында журналисттер арасында Кыргызстандагы укук маданияттын жогорулатуу багытында жазылган мыкты журналисттик материал үчүн жылдык сынак жарыялайт.
Сынактын максаты
· Кыргыз Республикасында калктын укуктук маданиятын жогорулатуудагы актуалдуу маселелерге массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулуктун көңүлүн буруу;
· Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук маданиятын өстүрүү маселеси боюнча позитивдүү коомдук пикирди түзүү;
· Кыргыз Республикасында калктын укуктук сабатсыздыгын жою жана жарандарды мыйзамды сыйлоого тарбиялоо.
Сынакка кимдер катыша алышат
Сынакка Кыргыз Республикасындагы бардык басма (жарнамалык жана корпоративдик багыттан сырткаркы иш алып барган гезит, журналдар), телевидение, радио; интернет- басылмалары: маалымат агенттиктери катышы алышат.
Сынактын алкагында жарандарга укуктук маданияттын маанилүүлүгүн түшүндүргөн жана аларды өз милдеттерин так аткарууга жана укуктук нормаларды сактоого үндөгөн материалдар, ошондой эле жарандардын позитивдуу укуктук жүрүм-турумун чагылдырган материалдар каралат.
Баалоо негиздери
Сынакка жиберилген материал жарандарды укуктук жактан агартууга, укуктук билимин жогорулатууга, укуктук нормаларды сактоосуна көмөктөшүп, аларды укуктук маалымат менен камсыздашы шарт.
Жарыяланган материалда көтөрүлгөн көйгөй жарандардын кеңири тобу үчүн же белгилүү бир социалдык топ үчүн чоң коомдук маанидеги маселе болушу керек.
Сынактын шаттары
· Сынакка жиберилген материалдар 2017-жылдын 1- апрелинен 2017-жылдын 31-октябрына чейин гезит басылмаларында, массалык маалымат каражаттарынын интернет сайттарында же маалымат агенттиктеринде жарыяланган же теле жана радио эфирине чыккан материалдар болушу шарт.
· Сынакка материалдарды кабыл алуу 2017-жылдын 1-ноябрынын саат 17-00 гө чейин улантылат.
· Сынактын жыйынтыгы 2017-жылдын 15-декабрынан кечиктирилбей жарыяланат.
· Бир же бир нече авторлор үчтөн ашык эмес материалды сунуштай алышат. Эгерде сынакка бир нече авторлор тарабынан даярдалган материалдар сунуш кылынса, ал тууралуу бардык башка авторлор сынакка чейин кабардар болушу зарыл. Кокусунан автордук укук боюнча талаш-тартыш орун алса, ага сынактын уюштуруучулары жооп беришпейт.
· Сынакка жиберилген материалдар рецензияланбайт жана ээсине кайтарылбайт
· Сынакка катышып жаткан материалдардын автордук укуктун сакталышына жоопкерчиликти, ошол материалды сынакка жɵнɵтүп жаткан, сынактын катышуучусу алат.
· Тандалып алынган материалдар Юстиция министрлигинин, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун жана башка өнөктөштөрдүн сайттарында жарыяланат
· Сынактын уюштуруучуларына, зарыл болгон учурда, сынакка түшкөн материалдарды колдонуу укугу берилет.
· Сынакка материал жөнөтүү менен, автор жөнөтүлгөн материалдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, коммерциялык эмес максатта көргөзмө иретинде, сынакты ММКларда жарнамалоо, автордук гонорар төлөбөстөн социалдык жарнама иретинде колдонулушуна макулдугун билдирет.
· Сынакка илимий макалалар же семинар, трениңдердин жана тегерек столдордун материалдары, ошондой эле сынактын темасына ылайык келбеген материалдар кабыл алынбайт.
· Сынакка орус жана кыргыз тилинде жазылган материалдар кабыл алынат.
· Сынакка каалочулар катыша алышат жана ал бекер. Сынактын катышуучуларынын жаш курагы чектелген эмес.
· Сынакка материал жөнөтүү жогоруда айтылган «сынактын бардык шарттарын» кабыл алгандыкка жатат.
Сынакты өткөрүү тартиби
Сынакка катышуу үчүн 2017-жылдын 1- ноябрында саат 17:00 дөн кечикпей төмөндөгүдөй материалдарды берүү талап кылынат:
2. Толтурулуп, кол коюлган атайын билдирменин үлгүсү(төмөндөгү шилтемеден ала аласыз).
3. Сынакка жөнөтүлүп жаткан материал( басылмалар жана онлайн ММКлар Word форматындагы текст; 2. Аудио/видео файлдын CD-дискде сакталган көчүрмөсү же сайтка жарыялаган шилтемеси).
Сынакка даярдалган материалдар электрондук түрдө «УКУКТУК МАДАНИЯТ» деген темадагы кат менен төмөнкү электрондук дарекке konkurs.centralasia@iwpr.net. жөнөтүлүшү шарт.
Материалдардын жарыялангандыгы же эфирге чыккандыгы тууралуу тастыктамалар (гезиттин же журналдын кɵчүрмɵсү, интернет булагынын скриншоту, эфирге качан, кайсыл убакта чыккандыгы тууралуу эфирдик тастыктама, интернет булактарына шилтемеси) болуусу зарыл. Аудио материалдар угууга жана жүктөп алууга мүмкүн болгон атайын жабдууларга жазылышы шарт, ал эми аларды табуу үчүн тийешелүү шилтемелер сынакка жөнөтүлгөн электрондук почтада так көрсөтүлүүсү зарыл.
Уюштуруу комитети төмөнкүлөргө укуктуу:
· - жиберилген материалдын сынактын талабына ылайыктуулугун аныктоого;
· - сынактын талаптарына жооп бербеген материалдарды сынакка кошуудан четтетүүгө;
· - сынакка жиберилген материалдарды жеткиликтүү баалоо максатында сынак комиссиянын мүчөлөрүнөн сырткары тигил же бул укуктук темалары боюнча эксперттерди тартууга;
· - сынактын айрым материалдарынын көчүрмөсүн коомчулукка маалымат берүү же билим берүү максатында колдонууга.
Белектер
· Сынактын жеңүүчүлөрү дипломдор жана акчалай байгелер менен сыйланышат. Акчалай белектер төмөнкү номинациялар боюнча ыйгарылат: 1 -орунга - $500; 2- орунга - $300 жана 3 –орунга - $200.
· Сынактын улуттук жана эл аралык өнөктөштөрү тарабынан кошумча белектер болушу мумкун.
Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо
Курамына Юстиция министрлигинин, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун жана уюштуруу өнөктөштөрдүн өкүлдөрү, алдынкы журналисттер, медия тармагындагы эксперттер кирген Сынак комиссиясы 2017-жылдын 15-декабрынан кечиктирбей сынактын материалдарын карап чыгышып жеңүүчүлөрдү аныкташат.
Сынактын уюштуруучулары сынакка түшкөн материалдардын санына жана сапатына карап, каржылык фондду толук колдонбоо укугуна ээ. Мындай учурда үнөмдөлгөн каражат кошумча берилүүчү белектерге жумшалат.
Сынакка катышууну каалаган авторлорду өз материалдарын Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун өкүлчүлүгүнө, төмөнкү дарек боюнча жөнөтүүсүн өтүнөбүз: konkurs.centralasia@iwpr.net.
Сынакка материалдар 2017-жылдын 1-ноябрынын саат 17.00 чейин кабыл алынат
Сынакка катышуунун атайын билдирмесинин үлгүсүн алуу же толтуруу боюнча суроолор болсо Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюча кайрылсаңыздар болот: Бишкек шаары, Киев көчөсү 114/2 , бөлмө №1; тел.: (996 312) 312 995, 313 411; e-mail: iwpr.kyrgyzstan@iwpr.net.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо