Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮ22-июнунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Ысык-Көл облусунда эки Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун (АЮЖБ) салтанаттуу ачылышын өткөрдү.
Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбековдун, Кыргыз Республикасындагы USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын директору Гарри Лэдбэттэр мырзанын, Ист-Вест Менеджмент Институтунун юридикалык программалардын региондук директору Николас Мэнсфилд мырзанын, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиевдин, Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун, Ысык-Көл облустук сотунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттатырын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору жарандар үчүн укуктук жардамга бирдей жетүүнү камсыз кылышат, ошондой эле калктын аялуу топторунун укуктук корголуу деңгээлин жогорулатат. Борборлорго келгендер мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасына кирген юристтин, мамлекеттик нотариустун же адвокаттын консультациясын алышат. Азыркы мезгилде Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында 22 Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору иштейт. Жыл сайын акысыз юридикалык жардам сурап кайрылган жарандардын саны өсүүдө.
USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин калктын укуктук жардамга жетүүсүн жакшыртууга багытталган демилгесин колдойт. Программа Баткен облусунун Исфана жана Кадамжай шаарларында, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон айылында, ошондой эле Нарын облусунун Нарын шаарында жана Кочкор айылында алты Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун ачылышын буга чейин колдоп келген. USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы борборлор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу максатында учурдагы Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорун чыңдоого да көмөк көрсөтөт.
Борборлордун иши тууралуу жана алар менен байланышуу боюнча кыйла кенен маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктарынан, ошондой эле http://legalmap.gov.kg/ru/ дареги боюнча юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн интерактивдүү картасынан жана www.minjust.gov.kg сайтынан алууга болот.
Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И
Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы
Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы
Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо