20 Теке, 2019
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Адвокаттарга жана нотариустарга калктын аялуу топторунун укугун коргоо боюнча тренинг өткөрүлдү

24f78812ce0b98a00d941d786208dced.jpg

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 3-июлдан 7не чейин үй-бүлөлүк, мурастоо жана жер укуктары жөнүндө, ошондой эле калктын аялуу топторунун укуктарын коргоо боюнча окутуу өткөрүлдү.
Тренингке адвокаттар, нотариустар, ошондой эле Акысыз юридикалык жардам берүү борборлорунун жана республиканын аймактарында жайгашкан юридикалык клиникалардын өкүлдөрү катышышты.

КРнын юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов өз сөзүндө калктын аялуу топторунун укуктарын камсыздоо менен коргоо мамлекеттик органдардын, анын ичинде Юстиция министрлигинин  приоритеттүү багыттарынын бири болушу керектигин айтты. “Азыр биз  калктын аялуу топторунун укугун жана эркиндигин  коргоого багытталган “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамды натыйжалуу ишке ашырууга баардык күчүбүздү жумшап, болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек”,- деди ал.

БУУӨПтүн Укук үстөмдүгү боюнча программанын башкы техникалык кеңешчиси Симоне Бонескинин айтымында азыркы учурда өлкө боюнча Юстиция министрлиги алдындагы 24 акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлору иштеп аткандыгын айтты. “Биз ЮСАИДдин бирге башкаруу боюнча эл аралык программасына окшогон өнөктөштөр, биздин демилгени улантышып жана ушуга окшош борборлорду ачууга көмөк көрсөтүп аткандыгы үчүн кубанычтабыз. Негизинен, укуктук жардамга муктаж болгон ар бир жаран тиешелүү мүмкүнчүлүккө ээ болуу үчүн, мындай борборлор өлкөнүн баардык булуң-бурчтарында иштеши керек”,-деди ал.

Укуктук жардам берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, ошондой эле Акысыз юридикалык жардамдарды берүү борборлорунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн мониторинг жүргүзүү инструменти ишке киргизилгенин ЮСАИДдин бирге башкаруу боюнча программасынын мүдүрү Руслан Молдокасымов белгиледи. “Аталган инструмент Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунуна мындан ары колдонууга өткөзүлүп, ал укуктук жардам берүү сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет деген ойдобуз”,- деди Р.Молдокасымов.

Тренингде үй-бүлөлүк жана мурастоо укуктары боюнча суроолор катышуучулар арасында чоң талкууга ээ болду. Никелешүү жана ажырашуу, зайыптар арасында мүлк талашуу боюнча суроолор, алимент кестирип алуу жана башка маселелер бүгүнкү күндө актуалдуу болуп келет, ошол себептен жарандар Акысыз юридикалык жардам берүү борборлоруна кайрылышат. Бул багытта өздөрүнүн укуктук тажрыйбасы менен сот системасында иштеген Аида Сейдакматова жана Асель Чекирова бөлүшүштү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Чинара Айдарбекова жана жер боюнча эксперт Венера Ботобекова жер тилкесине укуктун пайда болуусу, укуктун токтотулушу жана өзгөртүлүүсү, жер тилкесин сатып жана сатып алууда пайда болгон укуктук көйгөйлөр боюнча, ошондой эле жер талашуу маселелеринде соттордун укук колдонулуучу тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти.
Социалдык жактан камсыздоо суроолору боюнча окутуучу катары эксперттер Бурул Сүйналиева жана Жылдыз Полотовалар сөз сүйлөштү. Окутуучулар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мамлекет кепилдеген социалдык жактан корголушу, мамлекеттик жөлөк пулдун түрлөрү жана өлчөмү, ошондой эле төлөө тартиби жөнүндө айтып беришти.

Иш-чара КРнын Юстиция министрлиги алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координициялоо боюнча борборунун демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун, Кыргыз Республикасында Ист-Вест Менеджмент институту тарабынан ишке ашырылып аткан  ЮСАИДдин бирге башкаруу боюнча эл аралык программасы тарабынан уюштурулду.
 
 

Мөөрү

2019.07.08 20:00:34

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмесин бекитүү тууралуу буйрук


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы