15 Бештин айы, 2019
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин өкулдөрү Азербайжандын кыймылдуу күрөөлүк камсыз кылуунун реестрин жүргүзүү чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы менен таанышты

aef6a608da04932e7ba2cfb2d885450e.jpg

Кыргызстандын делегациясы 2019-жылдын 14-октябрынан 19уна чейин Юстиция министринин орун басары Максатбек Есеналиевдин жетекчилигинде кыймылдуу күрөөлүк камсыз кылуунун реестрин жүргүзүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу максатында Азербайжан Республикасына барып келишти.
Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана «Кыргызстандын банктарынын союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлдөрү кирген.
Сапардын алкагында делегация мүчөлөрү Азербайжан Республикасынын кыймылдуу мүлктү чектөөнү каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ал чөйрөдөгү эл аралык жана жергиликтүү тажрыйба, ошондой эле кыймылдуу мүлктү чектөө реестринин иштөө технологиясыменен таанышышты.
Белгилеп кетсек, 2018-жылы Азербайжандын Финансылык рынокторду контролдоо боюнча Палатасы «Кыймылдуу мүлктү чектөөнүн мамлекеттик реестри» тутумун киргизген. Аталган тутум чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле бизнестин финансылык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жеңилдетүүгө багытталган.
Бул реестр мамлекеттик каттоодон өтпөгөн кыймылдуу мүлккө карата чектөөлөрдүн базасын түзүүгө, бул маалыматка кредиттик уюмдардын эркин киришин камсыз кылууга, аны пайдалануу укуктарын чектөө менен күрөөлүк камсыз кылууну тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берген «Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри» Автоматташтырылган маалымат тутумунун иштеши менен тааныштырышты.  
Сапардын алкагында тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы кыймылдуу мүлктү чектөөнү каттоо чөйрөсүндөгү тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары кызматташууну өрчүтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Бул иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Финансы секторун өнүктүрүү” долбоорунун “Камсыздалган бүтүмдөрдү каттоо жана карыздардын түзүмүн өзгөртүү системаларын модернизациялоо” компонентинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын жана «Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу максатында уюштурулган.
Азыркы учурда аталган долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында финансы секторунун туруктуулугун бекемдөө жана финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштери жүрүүдө. 2017-жылы Юстиция министрлиги тарабынан ишке киргизилген, Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин иштеши боюнча жумуштар аткарылууда.

Мөөрү

2e01f3ea028b4b5d73ff265f40b17791.jpg
259377bd0971768ccf4785f022314f9f.jpg
c8d9ab2bb9e673c7193c5b744cd26068.jpg
df60ae87f6223abe4b5bbc25e4ca8e82.jpg
07131aebcad9d75249429ae2a83d69f4.jpg
c0d216806f87e0b37d15a98d7d976cbf.jpg


2019.10.23 18:43:59

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмесин бекитүү тууралуу буйрук


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы