26 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Асанов Ыдырыс: “Тилектештик автобусу” элге өз укугун билип, коргоп, пайдаланганды үйрөтүп жатат

13940c6d1d910d980c451b0633aacc4b.jpg

Асанов Ыдырыс  Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаты катары өлкөнүн алыскы айылдарын кыдырып, элге укуктук жардам көрсөтүп келди. Бул тууралуу төмөндөгү маекти сунуш кылабыз.    
-                     Долбоор тууралуу айтып берсеңиз?
-                     Биз мамлекеттик органдардын адистеринин командасы “Тилектештик автобусуна” түшүп алып алыскы айылдарды кыдырып, элге укуктук жардам көрсөтүп жатабыз. Командада  адвокат, социалдык коргоо, мүлктү каттоо, нотариус, жер, салык жана башка маселелер боюнча адистер бар. Бир күндө эки айыл өкмөткө барабыз. Айыл өкмөттөру элге алдын ала кабар берип, уюштуруп коюшат. Долбоор БУУнун жана ЕБнын “Теңдик нуру” Демилгесинин колдоосунда иштеп жатат.
-                     Долбоорго катыша турган адистерди “Теңдик нуру” Демилгеси алдын ала окуулардан өткөргөн эле. Алган билимиңерди колдоно алдыңарбы?
-                     БУУнун жана ЕБнын “Теңдик нуру” Демилгесинин окууларынан “Тилектештик автобусуна” гана эмес, өзүбүздүн кесибибизге, ишибизге, күнүмдүк жашообузга керектүү билим алдык. Окууда мүлктү каттоонун сырлары, үй-бүлөлүк каражатты сарптоонун сарамжалдуулугу, үйдөгү күнүмдүк ишти бөлүштүрүү, биргелешип максат коюп ага жетүүнүн жолдору, кирешени көбөйтүү сыяктуу адамдын аң-сезимин түп тамырынан өзгөртө турган көп этаптуу окуу болду. Башында, бул билимди ишибизге кантип колдонобуз деп ойлогом. Эл менен иштеп жаткан кезде байкадым. Алган билимибиз, жаңыча көз карашыбыз, пикирибиз элге берген консультациянын сапатын өзгөрттү.
-                     Ошондой консультациялардын бирин мисал кылсаңыз?
-                     Ош облусуну бир алыскы айылында Батма (аты өзгөртүлдү) деген аял кайрылган. Ал экинчи жолдошу менен жашаганына 7-8 жыл болуптур. Жолдошу 70 жашта, биринчи турмушунан 6 баласы бар экен. Эки жыл мурун, жолдошу “уулум чоң жакшы үйүн сатып атат, экөөбүз чогуу сатып алалы” - деп аялынын үйүн саттырып, экөө чогулуп баласынын үйүн сатып алышыптыр. Уулу атасына үйдү белекке берүү келишими аркылуу өткөрүп койгон экен.
Батма эже өзүнчө күмөн болуп жүргөн окшойт, документтерин көтөрүп алып - “Расмий никеси бар жубайлардын мүлкү тең бөлүнөт экенин билет элем. Эгерде жолдошум өтүп кетсе же кандайдыр бир себеп менен ажыраша турган болсок, бул үйдө менин үлүшүм болобу?” - деп сурап келиптир.
Мыйзам боюнча белеке берүү келишими менен катталган мүлк, кимге катталган болсо толугу менен ошол кишиники болуп эсептелет, аялынын же күйөөсүнүн ал мүлккө тиешеси болбойт. Андыктан бул үйдө сиздин үлүшүңүз жок, эгерде ажырашып кетсеңиз үй толугу менен жолдошуңуздуку болот деп түшүндүрүп бердим. Батма эже бушайман болуп кеткен,  жарым сааттан кийин эле шашып-бушуп күйөсүн ээрчитип келиптир. Биз экөөнү отургузуп алып дагы консультация бердик. “Эгерде биз ажырашып кетсек, же жолдошум каза болуп калса мен такыр көчөдө калат экем” – деп, аялы маселени кабыргасынан койду. Жолдошу ойлонуп, ошол жерден эле үйдү белекке берүү келишими менен аялына өткөрүп берди.
“Жаман айтпай жакшы жок” дейт кыргызда. Мындай нерсени алдын ала чечип алган жакшы. Биздин тажрыйбада так ушундай маселенин айынан көчөдө калгандар көп. Албетте биз мыйзамды түшүндүруп бердик. Бирок окууда алган билимибиз, пикирибиз адамды чечим кабыл алууга түртөт.  
-                     Демек бул окуулар адамдын көз караштарын алмаштырган трансформациялык тренинг болгон экен да.    
-                     Албетте. Пикириң өзгөрсө, билимиң болсо башкача консультация берилет экен. Окууда практикалык ыкмаларды дагы үйрөндүк. Мисалы, биз адвокат катары жарандар кайсы суроо менен кайрылса ошол суроого жооп берип, узата берчүбүз. Айрымдардын келген максаты башка, бирок берген суроосу башка болот. Мисалы бизге кайрылгандар адатта - “Ажырашып кетсек балдар кимде калат?”, “Алимент кандай төлөнөт? Жолдошум акча тыйындан кайрылбайт” деген суроолорду беришет. Бул суроолордун артында үйдө зомбулук болуп атат деген сигнал болушу мүмкүн экен. Окуудагы зомбулукка кабылгандарды аныктоо ыкмасы мага аябай пайдалуу болду. Адвокаттык кесиптин чыныгы миссиясын аткарам деген адам үчүн бул билим чоң табылга болду.
-                     Сиз байкоо жүргүзүп көрдүңүзбү, үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси негизинен эмне себептен келип чыгат?  
-                     Себеби ар түрдүү. Негизги себеби жазасыздыктан келип чыгат. Бизде зомбулук кылган адам көпчүлүк учурда жазасыз калат. Зомбулукка кабылган аялдардын баары эле милицияга арыз менен кайрыла бербейт, кайрылган болсо арызын кайтарып алгандар көп. Албетте, жазасыз калган адам зомбулукту дагы улантат. Эгерде агрессорлор жазаланганын коомчулук көрүп, күбө болуп турса, зомбулук кылгандар тизгинин тартып, өзүн өзү тыйып калмак. “Теңдик нуру” демилгесинин дагы негизги максаты ушул маселеге - аялдарга, кыздарга карата зомбулукту жоюуга багытталган. 
-                     Тилектештик автобусу элге канчалык деңгээлде маанилүү?      
-                     Тилектештик автобусу долбоору негизинен элдин укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган. Элге укуктук маалымат жеткирилип, укугун билип, бузулган болсо коргоп, укугун пайдаланганды үйрөтүп жатат. Бул укуктук мамлекет үчүн абдан маанилүү нерсе. Мындан тышкары, элдин маселеси чечилип атат. Алыскы айылдан районго келишсе, адвокат бош болбой калат, жабык болуп калат, эртеси кайра келиш керек. Баары эле келе бере албайт. Маселени жеринде чечип берген эл үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк.
-                     Калктын укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн эмне кылыш керек?  
-                     Укуктук маданиятты жогорулатуу үчун элге ушул сыяктуу иш-чараларды көбүрөөк жүргүзүп, мыйзамдык маалыматтарды жеткириш керек. Жергиликтүү администрация, айыл өкмөттөр юстицияга, адвокатурага кайрылып, “Бизде мынча айыл бар, мынча эл бар, 3-4 айда бир келип укуктук консультация берип тургула” - десе, биз барып консультация берип келмекпиз. Мындай демилге айыл өкмөттөрдөн чыгыш керек. Эгерде элге укуктук маалымат дайыма жеткирилип турса элдин укуктук маданияты кыйла көтөрүлүп калмак. 
-                     Элге кандай кеңеш бересиз?
-                     Максаттуу жашоого умтулгула деп кеңеш берет элем.
Описание: https://lh4.googleusercontent.com/OltcGObpBwET0mKoDER3x2Wp8rfYpkCfe9mcLRFRMUla8LSyoCVQEe4yRg4s2ON-nWztjha0tCwkM7MSKoALG3S5sEia1Ks-Ev9xlEzqg46OGuP4mm_lnW_UrpwiS5AVETCae316
Материал Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун демилгеси менен, БУУнун жана Европа Биримдигинин аялдар жана кыздарга карата зомбулукту жоюга багытталган "Теңдик нуру" Программасынын колдоосунда даярдалды.

Материалдарда берилген пикирлер Бириккен Улуттар Уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын, алардын программа / долбоорлорунун же өкмөттөрдүн көз карашын чагылдырбайт. Колдонулган белгилөөлөр кайсы бир өлкөнүн аймагынын, же алардын чек араларынын укуктук статусуна тиешелүү ойду бербейт.
 

Мөөрү

2021.07.26 17:23:10
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы