29 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо жаатындагы 54 мыйзамды инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча аларды аягына чейин иштеп чыгуу сунушталды

none.jpg

Бардык мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган, азыркы баалуулуктарды жана принциптерди, жаңы көрсөтмөлөрдү кайра карап чыгуунун негизинде масштабдуу жана сапаттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү максатында.
 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 ПЖ “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-структуралардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден турган ведомстволор аралык эксперттик топту түзүү жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын кабыл алынган концепцияларынын, стратегияларынын, программаларынын жана мыйзамдарынын укуктун тармактары боюнча Конституцияга, социалдык адилеттүүлүк жана өнөктөштүк принциптерине, зарылдыгына, максатка ылайыктуулугуна жана натыйжалуулугуна, предметти жөнгө салуунун жетиштүүлүгүнө, жоюлушуна толук инвентаризация жүргүзүү, ички кайчылаштыктарды жана чыр-чатактарды, мыйзамдагы боштуктарды четтетүү, анын жыйынтыгы боюнча аныкталган дал келбөөчүлүктөрдү четтетүүгө багытталган сунуштарды киргизүү сунушталды.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо үчүн ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлдү (мындан ары - ведомстволор аралык эксперттик топ), ага Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык жогорудагы иш-чараны өткөрүү тапшырылган.
Муну менен бирге бул буйруктун негизинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 15.04.2021-ж. №57 буйругу менен эксперттик кичи топтордун курамы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүүнүн методологиясы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген Методологиянын баалоо критерийлерине ылайык келиши үчүн саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү 54 мыйзамды инвентаризациялоо боюнча эксперттик топтун ишинин жыйынтыгы боюнча бул мыйзамдар жыйынтык баллдын негизинде кайра карап чыгууга сунушталган.
Муну менен бирге, жыйынтык баалоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна берилгенин маалымдайбыз.
Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү инвентаризациялоого жаткан мыйзамдардын тизмеси:
 
1. 1993-жылдын 7-майындагы № 1196-XII "Чернобыль апаатынан жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2. 1994-жылдын 27-майындагы № 1538-XII " Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
3. 1996-жылдын 8-майындагы №14 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана тылдын эмгекчилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
4. 1996-жылдын 17-июнундагы №20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
5. 1996-жылдын 26-июнундагы №23 "Эмгек акы, пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык төлөмдөрдүн өз убагында берилишин камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
6. 1996-жылдын 28-июнундагы №33 " Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
7. 1997-жылдын 21-июлундагы №57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
8. 1998-жылдын 18-майындагы №65 "Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
9. 1998-жылдын 22-майындагы №66 "Баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
10. 1998-жылдын 16-октябрындагы №130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
11. 1998-жылдын 22-декабрындагы №154 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
12. 1999-жылдын 17-июнундагы №60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы
13. 1999-жылдын 18-октябрындагы №112 "Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
14. 1999-жылдын 6-ноябрындагы №119 "Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
15. 2000-жылдын 13-январындагы №2 "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
16. 2000-жылдын 13-январындагы №4 "Табигый дарылык ресурстары, ден соолукту чыңдоочу аймактар   жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
17. 2000-жылдын 18-февралындагы №40 "Йод жетишсиздигинин ооруларынын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
18. 2000-жылдын 4-октябрындагы №83 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
19. 2001-жылдын 26-июнундагы №56 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
20. 2001-жылдын 19-декабрындагы №111 "Кыргыз Республикасында калкка социалдык кызмат көрсөтүүнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
21. 2002-жылдын 25-мартындагы №44 "Качкындар жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
22. 2003-жылдын 25-июлундагы №154 "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
23. 2003-жылдын 30-июлундагы №159 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоодо бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
24. 2003-жылдын 1-августундагы №167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
25. 2004-жылдын 22-майындагы №66 "Иш берүүчүлөр ассоциациялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
26. 2004-жылдын 2-августундагы №103 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
27. 2004-жылдын 13-августундагы №116 "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
28. 2004-жылдын 21-августундагы №164 "Жамааттык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
29. 2005-жылдын 9-январындагы №6 "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
30. 2005-жылдын 17-мартындагы №55 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
31. 2005-жылдын 13-августундагы №149 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
32. 2006-жылдын 9-августундагы №166 "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
33. 2006-жылдын 16-августундагы №169 “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда табигый кырсыктан жабыркаган калктуу конуштарда жашаган адамдарга 2002-жылдан баштап жана андан кийин алынган жеңилдетилген узак мөөнөттүү кредиттерди кайтарууда жеңилдиктерди берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
34. 2006-жылдын 21-августундагы №175 "ыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
35. 2006-жылдын 28-декабрындагы №215 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган жана чарбалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
36. 2007-жылдын 2-июлундагы №96 "Кандын жана анын компоненттеринин донору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
37. 2007-жылдын 26-ноябрындагы №175 "Кыргыз Республикасына этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
38. 2008-жылдын 3-апрелиндеги №38 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы.
39. 2008-жылдын 4-августундагы №184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
40. 2008-жылдын 17-декабрындагы №263 "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
41. 2009-жылдын 26-майындагы №170 "Кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
42. 2009-жылдын 24-июлундагы №248 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
43. 2011-жылдын 4-июлундагы №78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиясынын топтолгон бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
44. 2011-жылдын 26-июлундагы №133 "Кыргыз Республикасынын улгайган жарандары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
45. 2012-жылдын 22-октябрындагы №173 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
46. 2013-жылдын 28-майындагы №81   "Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
47. 2015-жылдын 4-июлундагы №148 "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
48. 2015-жылдын 21-июлундагы №185 "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
49. 2015-жылдын 3-августундагы №214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
50. 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
51. 2017-жылдын 28-апрелиндеги №70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
52. 2017-жылдын 28-июлундагы №163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
53. 2017-жылдын 2-августундагы №165 "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
54. 2017-жылдын 2-августундагы №166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Мөөрү

2021.08.12 09:12:21
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы