Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жетекчилиги алдында өткөрүлгөн калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча Декада аяктады.
КРнын Юстминине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан калкка укуктук жардам көрсөтүү боюнча Декадасы үстүбүздөгү жылдын 6-13-декабрында респбликанын бардык аймактарында өткөрүлдү.
8 күндүн ичинде 7280 адам акысыз консультациялык-укуктук жардам алышты.
Алардын ичинен:
Бишкек ш. – 824
Чүй облусу – 1088
Ош ш. жана Ош облусу-1319
Жалал-Абад облусу – 1039
Талас облусу – 991
Ысык-Көл облусу – 668
Нарын облусу – 987
Баткен облусу – 364
Анын ичинде: аялдар – 3909, эркектер – 3371.
Социалдык статусу боюнча: аз камсыз болгон жарандар – 1194, пенсионерлер – 1435, иш менен камсыз болгон адамдар – 1669,– жумушсуз адамдар – 2712, жашы жете элек - 169, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 101.
Жарандык статусу боюнча: КРнын жарандары – 7236, чет өлкөлүк адамдар – 42, жарандыгы жок адамдар – 2.
Негизинен жарандардан кайрылуулар үй – бүлөлүк укук (2092), мүлккө байланыштуу (1259), эмгектик укук мамилелер (332), жер маселелери (906), социалдык коргоо (883), жарандарды документтештирүү чөйрөсүндөгү маселелер (410) суроолору менен кайрылышты.
Декаданын алкагында 5000ден ашуун таратылуучу материалдар чыгарылып, таратылды. ЖОЖдордо лекциялар уюштурулуп, анда 500 студент адам укуктарын коргоо жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүү темасы боюнча лекцияларды угушту. Ошондой эле жаштардын укуктук аң-сезимин өнүктүрүү максатында студенттер жана жогорку класстардын окуучулары арасында «Менин укугум» темасы боюнча сынак өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр «Раритет» китеп дүкөнүнүн сертификаттары менен сыйланышты.
Декаданын жүрүшүндө бүткүл өлкө боюнча калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору жана адвокаттары, юстиция органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар жана башка мамлекеттик органдардын (КР СФ, КР ЭСКММ, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти) кызматкерлери тарабынан көрсөтүлдү.
Ошондой эле, калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча кеңселер күчөтүлгөн режиминде иштешти.
Мындан тышкары, Декадага ишмердүүлүгү укуктук жардам көрсөтүү менен байланышкан бир катар коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле ЖОЖдордун юридикалык клиникаларынын өкүлдөрү катышышты.
Кеңештер онлайн форматында дагы берилди. Жарандар консультация алуу үчүн телефон байланышы (чалуулар), мессенджерлер (ватсап), ТВ жана радиодогу түз эфирлер аркылуу кайрылышып, тиешелүү юридикалык консультацияларды алышышты.
Декаданын жыйынтыгы боюнча калктын укуктук сабаттуулугунун деңгээли салыштырмалуу төмөн жана мында ары да колдоого муктаж экендиги аныкталды. Бул өзгөчө өлкөнүн алыскы региондоруна тиешелүү.
Эсиңиздерге сала кетсек, укуктук жардам Декадасын өткөрүүнүн негизги максаты калктын аярлуу катмарын укуктук жактан корголушунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук агартуу, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Декада «Жигердүү жарандар» программасынын долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги эскертет, калкка юридикалык жардам жыл боюу жеткиликтүү. Биздин мамлекетибиздин жашоочулары Юридикалык жардам кызматынын юристтерине, жактоочуларына (адвокаттары) өзүнө ыңгайлуу учурда кайрылышса болот. Кененирээк маалымат http://minjust.gov.kg/ru/content/782, http://ukuk-jardam.gov.kg/ сайттарына жайгаштырылган.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2022-жылга План
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо