24 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

КР Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна ѳз ара кызматташуу жѳнүндѳ меморандумга кол коюу сунушталган

none.jpg

Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна ѳз ара кызматташуу жѳнүндѳ меморандумга кол коюу сунушталган. Кызматташтык аркылуу карама-каршылыктуу келген жана бирин-бирин кайталаган ченемдер, ошондой эле боштуктар камтылган колдонуудагы укуктук ченемдик актыларды аныктоо маселелери жаатында түзүү сунуш кылынууда. Ѳз ара кызматташтык Юстиция министрлигинин алдындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ушундай ченемдерди жоюуга багытталган ишин жеңилдетүүгѳ мүмкүнчүлүк түзѳт, ошондой эле Жогорку соттун сот практикасын жалпылоо боюнча ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзѳт. Ушунун аркасында ушундай биргелешип иштѳѳнүн кайтарымдуу натыйжалары мыйзамдардын сапатын жогорулатууга жана жарандарга ѳздѳрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында  мыйзам базасын пайдалануу процессин жѳнѳкѳйлѳтүүгѳ мүмкүнчүлүк түзѳт. Ушул мезгилде Жогорку сотто Илимий-кеңеш берүү кеңеши иштейт, ал сот практикасы маселелери боюнча негиздүү сунуштарды иштеп чыгууга чакырылган. Юстиция министрлиги тарабынан ошондой эле сунушталган иш тармагында ѳз ара пайдалуу кызматташуу үчүн Жогорку соттун аталган Кеңешинин курамына министрликтин бир ѳкүлүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап кѳрүү сунушталууда.     Министерством юстиции Кыргызской Республики предложено Верховному суду Республики заключить Меморандум о сотрудничестве. Сотрудничество предложено установить по вопросам выявления действующих нормативных правовых актов, содержащих коллизионные и дублирующие нормы, а также пробелы. Установление взаимодействия в данной области позволит облегчить деятельность Межведомственной комиссии, функционирующей при Министерстве юстиции, по инвентаризации законодательства на предмет устранения подобных норм, а также будет способствовать эффективности деятельности Верховного суда по обобщению судебной практики. В конечном итоге, эффективные результаты такой совместной деятельности, позволят повысить качество законодательства и упростить гражданам процесс пользования законодательной базой в целях защиты своих прав и законных интересов. В настоящее время, при Верховном суде функционирует Научно-консультативный совет, призванный разрабатывать научно - обоснованные рекомендации по вопросам судебной практики. Министерством юстиции также предложено рассмотреть возможность включения одного представителя в состав указанного Совета для более конструктивного сотрудничества в предлагаемой сфере деятельности.    

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ортосунда кызматташуу жѳнүндѳ

МЕМОРАНДУМ

 

I.                   Жалпы жоболор

  Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ѳркүндѳтүү тармагында ар кыл деңгээлдердеги ченемдик укуктук актылар ортосундагы карама-каршылыктарды табуу жана жоюу жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү аркылуу ѳз ара кызматташууну жакташарын ырасташат. Тараптар Кыргыз Республикасынын ѳнүгүүсүнѳ маанилүү салым катары мыйзамдарды инвентаризациялоо тармагындагы иштин,  Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тараптардын компетенциясынын алкагында ѳнүктүрүү үчүн негиздерди түзүүнүн чоң маанисин белгилешет жана мындан ары кызматташуу жаатында ниеттерин билдиришет жана  тѳмѳнкүлѳр жѳнүндѳ макулдашышат.  

II.                Меморандумдун предмети

  Ушул Меморандумдун негизги предмети болуп Кыргыз Республикасынын ар кыл деңгээлдердеги ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы боштуктарды толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кайрадан карап чыгуу зарылдыгы жѳнүндѳ маалымат алмашуу тармагында кызматташтыктын алкагында Тараптардын потенциялын бириктирүү саналат.  

III.             Кызматташуунун багыттары

  Макулдашкан тараптар тѳмѳнкү багыттар боюнча кызматташууга чын ыкластан кызыкдар экендиктерин билдиришет: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы илимий-кеңеш берүү кеңешинин иши; Юстиция министрлигинин алдындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши; карама-каршы келген, бири-бирин кайталаган жана эскирген ченемдерди жоюу, ошондой эле аларды мыйзамдарга ылайык келтирүү үчүн кайра кароого жаткан ченемдик укуктук актылардын тизмеси жѳнүндѳ маалымат алмашуу; иштин тиешелүү тармактарында Тараптар тарабынан топтолгон тажрыйбаны жана билимди алмашуу; Тараптар тарабынан макулдашылган кызматташтыктын каалаган башка түрлѳрү боюнча.   Макулдашкан тараптар тѳмѳнкүдѳй укуктар жана милдеттер жѳнүндѳ макулдашышат: Юстиция министрлиги тѳмѳнкүлѳргѳ милдеттенет: -  ушул Меморандумда каралган макулдашуулардын баарын аткарууга; - Жогорку соттун суроо-талабы боюнча карама-каршылыктарды, боштуктарды жана эки ача маанидеги баяндоолорду камтыган ченемдик укуктук актылар жѳнүндѳ маалымат берүүгѳ; -  Юстиция министрлигинин алдындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишиндеги иш жүзүндѳ жетишилген натыйжалар жѳнүндѳ Жогорку сотту кабардар кылууга; - инвентаризациялоо боюнча иш тармагындагы тажрыйбаларды жана ыктарды Жогорку сот менен алмашууга.   Жогорку сот тѳмѳнкүлѳргѳ милдеттенет: - ушул Меморандумда каралган макулдашуулардын баарын аткарууга; - ѳз ара иштешүүнүн натыйжалуу болушу үчүн Юстиция министрлигинин ѳкүлүн Илимий-кеңеш берүү кеңешинин курамына киргизүүгѳ; - карама-каршы келген, бири-бирин кайталаган жана эскирген ченемдерди жоюу, ошондой эле аларды мыйзамдарга ылайык келтирүү үчүн кайра кароого жаткан ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун зарылдыгын ырастаган маалыматты Юстиция министрлигине берүүгѳ; - карама-каршы келген, бири-бирин кайталаган жана эскирген ченемдерди аныктоо жаатында тажрыйбаларды жана ыктарды алмашууга.   Тараптар тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу: - ушул Меморандумда кѳрсѳтүлгѳн иштин тармактары боюнча маалыматтарды сурап алууга; - ушул Меморандумда чагылдырылбаган жоболор боюнча кошумча эки тараптуу макулдашууларды түзүүгѳ; - ушул Меморандумга ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүүгѳ, ошондой эле бири-бири менен макулдашуу аркылуу ушул Меморандумду бузууга; - жетишилген макулдашуунун алкагында мыйзамга каршы келбеген башка укуктарга.  

IV.             Тараптардын ѳз ара аракеттенүүсү

  Ушул Меморандумдун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана эл аралык келишимдер аркылуу колдонулган эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алат жана тең укуктуулук, ачык-айкындык жана чын ыкластык принциптеринде ѳз ара аракеттенишет. Тараптар келип чыккан маселелерди кароо жана биргелешкен аракеттерди жасоо үчүн алардын кызыкчылыктарынан чыккан жана ѳкүлү кылган ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү аркылуу ушул Меморандумду жүзѳгѳ ашыруу маселелери боюнча бири-бири менен ѳз ара аракеттенишет.  

V.                Кошумча жоболор

  Кызматташтык жѳнүндѳ ушул Меморандум тараптарды кандайдыр каржы чыгымдарына   алып келбейт. Конкреттүү долбоорлорду жүзѳгѳ ашыруунун уюштуруучулук маселелери эгерде ушундай долбоорлорду түзүүнүн зарылдыгы болгон учурда талкууланат жана айрым эки тараптуу макулдашуунун алкагында макулдашылат. Ушул Меморандумдун колдонулушу тармагына тиешелүү маселелер боюнча Тараптар ортосундагы талаш-тартыштар жана карама-каршылыктар Тараптар ортосунда сүйлѳшүүлѳр же кеңешүү жолу менен чечилет. Ушул Меморандумдун алкагында иш-чараларды ѳткѳрүү үчүн түзүлгѳн макулдашууларды жүзѳгѳ ашырууда пайда болгон талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди чечүүнүн тартиби кѳрсѳтүлгѳн макулдашууларда аныкталат. Ушул Меморандумга ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор Тараптардын ыйгарым укуктуу адамдарынын колу коюлган кат жүзүндѳ жол-жоболоштурулат жана ушул Меморандумдун ажырагыс бѳлүгү болуп эсептелет. Ушул Меморандум 3 жылдык мѳѳнѳткѳ кол коюлган күндѳн тарта күчүнѳ кирет жана Тараптардын бирѳѳсү ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети жѳнүндѳ Меморандумдун колдонуу мѳѳнѳтү бүтүшүнѳ 2 айдан кем эмес мурда экинчи тарапка билдирбеген болсо, ал автоматтык түрдѳ кийинки үч жылдык мѳѳнѳткѳ узартылат. Ушул Меморандум Тараптардын ѳз ара макулдугу же Тараптардын биринин каалоосу боюнча  экинчи тарапты жылнаамалык 30 күндѳн кем эмес мурда алдын-ала кабардар кылуу менен бузулушу мүмкүн. Ушул Меморандум кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү жана алардын ар бири бирдей юридикалык күчкѳ ээ.     Тараптардын юридикалык дареги: 2012- жылдын «___» __________ Бишкек шаарында эки нускада аткарылды     Кыргыз Республикасынын                                                Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги                                                       Жогорку соту 720010, Бишкек ш.,                                                              720040, Бишкек ш., М.Ганди кѳч., 32                                                                      Орозбеков кѳч., 37 ___________________________                                  _____________________________ Министр Шыкмаматов А.Н.                                    Тѳрага Джамашева Ф.З.
Мөөрү

2012.04.13 12:39:44
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы