24 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Мыйзам алдындагы актылардан долбоорлорун иштеп чыгууда кѳйгѳйлѳрдүн анализдери

none.jpg

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2012-жылдын 30-декабрындагы № 183-буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2012-жылга иш-чаралар Планынын 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик органдар тарабынан мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгуудагы негизги проблемалар боюнча анализ жүргүзүү каралган.

2012-жылдын 9-январынан 30-мартына чейинки аралыкта мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизадан ɵткɵрүү Башкармалыгына 579 актынын долбоорлору келип түшкɵн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 76-пунктуна ылайык, актынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган иштеп чыгуучуга жооптун төмөнкүдөй варианттарынын бирин берүүгө тийиш:

1) актынын долбоору сын-пикирлерсиз макулдашылды (долбоордогу жетекчинин визасы);

2) актынын долбоору сын-пикирлер менен макулдашылды (жетекчинин же жетекчинин милдетин аткаруучу орун басардын долбоордогу сын-пикирлери бар визасы). Мындай учурда сын-пикирлер долбоорго тиркелген, биринчи жетекчи, статс-катчы же биринчи орун басар (орун басар) кол койгон катта баяндалат, ал милдеттүү түрдө аларды четтетүү боюнча сунуштарды камтууга тийиш;

3) актынын долбоорун макулдашуудан баш тартылды (долбоорго виза коюлган жок). Ошол эле учурда жетекчи же статс-катчы же биринчи орун басар (орун басар) кол койгон, макулдашуудан баш тартуунун себеби келтирилген кат тиркелет.

Мыйзам алдындагы актынын долбоорун кароонун жыйынтыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги корутундуда ɵзүнүн сын-пикирлерин кɵрсɵтɵт.

Тажрыйбада кɵрсɵткɵндɵй, Юстиция министрлиги долбоор боюнча терс корутундуну мамлекеттик органдар тарабынан кɵбүнчɵ кетиргентɵмɵнкү каталарга төмөнкүлөрдү чыгарат:

1. Актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген жоболорду камтыса.

Мисалга, Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин «Жалпыга маалымдоо каражаттарында чет өлкөдө никеге туруу жөнүндө жарнактык кулактандырууларга тыюу салуу боюнча чаралар тууралуу» токтомунун долбооруна укуктук экспертиза ɵткɵрүлгɵн. Аталган долбоор менен жалпыга маалымдоо каражаттарындачет өлкөдө никеге туруу жөнүндө жарнактык кулактандырууларга тыюу салуу каралган.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31- беренесине ылайык, ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20 - беренесине ылайык, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Аны менен катар, адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен аныкталган жана анда жалпыга маалымдоо каражаттарында чет өлкөдө никеге туруу жөнүндө жарнактык кулактандырууларга тыюу салуу боюнча ыйгарым укуктун жок экендигин белгилɵɵ зарыл.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесинде массалык маалымат каражаттарында жайылтууга жол берилбеген маалыматтардын толук тизмеси белгиленгендеп кɵрсɵтүү керек.

Аны менен катар, аталган Мыйзамдын 13-беренесине ылайык, массалык маалымат каражатынын продукциясын таратууну токтото турууга же токтотууга соттун гана чечими боюнча жол берилет депбелгилɵɵ керек.

Жогоруда кɵрсɵтүлгɵндɵрдүн негизинде, аталган долбоорго Юстиция министрлиги тарабынан терс корутунду чыгарылган.

2. Актынын долбоорунда мыйзамдарга жана эл аралалык милдеттемелерге каршы келген жоболорду камтыса.

а) Мисалга, Юстиция министрлигине макулдашууга Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын электр станцияларын жана түйүндɵрүн ишке киргизүү техникасынын Эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомунун долбоору келип түшкɵн, бул токтомдун долбоору жылуулук станцияларына, гидроэлектростанцияларына, электр жана жылуулук түйүндɵрүнɵ жана белгиленген объекттер боюнча жумуш аткарган мекемелерге жайылтылат деп кɵрсɵтүлгɵн.

Аны менен катар, аталган долбоор менен, электр станцияларын жана түйүндɵрүн ишке киргизүү тууралуу суроолор, жабдыктарды жана имараттарды ишке киргизүүгɵ кабыл алуу, энергообъектилерди ишке киргизүүнү уюштурууда техникалык жана технологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ, техникалык кызмат кɵрсɵтүү, ремонттоо, жаңыландыруу боюнча суроолорду камтыган.

Бирок, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамы менен продукциянын, жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстеринин милдеттүү түрдөгү талаптарын иштеп чыгуулар, кабыл алуулар, колдонуулар жана аткаруулар;продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, иштерди аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн талаптарын ыктыярдуу негизде иштеп чыгуулар, кабыл алуулар жана аткаруулар;шайкештикти баалоолор каралган.

Аны менен катар, аталган Мыйзамдын 1-беренесине ылайык, техникалык регламент бул Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишим (макулдашуу) менен кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген документ, мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, аларда продукциянын жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин милдеттүү түрдө колдонулуучу жана аткарылуучу талаптары, ошондой эле алардын белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүсүн баалоонун формалары жана жол-жоболору белгиленет.

Мындан сырткары, аталган Мыйзамдын 44-беренесине ылайык продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуучу талаптарды милдеттүү түрдө аткарууну жана сактоону белгилеген техникалык регламенттер, ошондой эле шайкештикти баалоонун милдеттүү түрдөгү жол-жоболору аталган Мыйзам кабыл алынган күндөн баштап сегиз жылдын ичинде кабыл алынууга тийиш (2004-жылдын 1-декабрында күчүнɵ кирген).

Ошого байланыштуу, 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714-токтому менен бекитилген, техникалык регламенттерди иштеп чыгуу Программасынын 17-26 пунктары менен электр станцияларынын жабдууларынын коопсуздугу жана ишке киргизүү жаатында техникалык регламенттерди иштеп чыгуу боюнча иш чаралар бар экендиги Юстиция министрлиги тарабынан, белгиленген.

Ошону менен бирге, кɵрсɵтүлгɵн долбоор Кыргыз Республикасынын «Ɵрт коопсуздугу тууралуу», «Курулуш материалдардын, конструкциялардын жана буюмдардын коопсуздугу» Техникалык регламенти», «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун жалпы техникалык регламенти» Мыйзамдардын жоболорун камтыгандыгы тууралуу сын-пикир айтылган.

Продукциянын, жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстеринин милдеттүү түрдөгү талаптарын иштеп чыгуулар, кабыл алуулар, колдонуулар жана аткаруулар техникалык регламентте кɵрсɵтүлүүсү керектигин белгилɵɵ менен терс корутунду чыгарылган.

Ошондой эле, азыркы учурда түрдүү мамлекеттик органдар тарабынанпродукциянын, жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстеринин милдеттүү түрдөгү талаптарын иштеп чыгуулар, кабыл алуулар, колдонуулар жана аткаруулар тууралуу техникалык регламенттер иштелип чыгып жатат.

Ошону менен бирге, кɵрсɵтүлгɵн техникалык регламенттердин долбоорлорунда «Негизги жоболор» главасында, техникалык регламенттин объектиси болуп ошонун катарында ɵндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу болуп эсептелет деп кɵрсɵтүлɵт.

Бирок, кɵп учурда кɵрсɵтүлгɵн техникалык регламенттердин долбоорлору өндүрүүнүн процесстерин деталдаштыруу менен кɵрсɵтүп, сактоо, ташуу жана сатуу боюнча жоболорду кɵрсɵтпɵй же кабыл алына элек ченемдик актылардын жоболоруна шилтеме жасалып калат.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) аны бардык коштомо документтери менен бирге техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.

Ошону менен катар, техникалык регламенттин долбоорлору макулдашууга мамлекеттик орган-иштеп чыгуучу тарабынан кɵрсɵтүлɵт.

б) Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда мыйзамдардын талаптарын эске албоо боюнча дагы тɵмɵнкүлɵрдү белгилɵɵ керек.

Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103-токтому менен Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралыкбөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчүдокументтердин Реестри бекитилген.

Аны менен катар, аталган токтомдун 2-пунктуна ылайык, аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан аталган токтом менен бекитилген Уруксат берүү документтеринин реестрине киргизилбеген уруксат кылуу документтерин берүүгө тыюу салынат.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн2011-жылдын 13-сентябрындагы № 553 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын 2012-2014-жылдарга ɵнүгүүнүн ортомɵɵнɵттɵгү программасы менен ишкердикити жɵнгɵ салаган түрдүү лицензиялар жана уруксат берүчү документтерди кыскартууга багытталган реформаларды жүргүзүү каралган.

Бирок, кɵп учурда, Юстиция министрлигине макулдашууга жиберилген мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунда мамлекеттик органдар тарабынан аталган Реестрда кɵрсɵтүлбɵгɵн уруксат берүүчү документтер каралат.

Мисалга, Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылык департаменти жөнүндө жобо бекитүү жɵнүндɵ» токтомунун долбоору келип түшкɵн.

Аны менен катар, аталган Жобонун долбоору Департамент тарабынан жапайы жаныбарларын олжолоого, чогултууга (сатып алууга), аң улоонун продукциясын иштетип жана сатууга, карышкыр жана чɵɵлɵрдү олжолоого, аңчылык билеттерге, аң улоого путевкага уруксат берген документтерди берүү каралган.

Бирок, аталган Реестр белгиленген уруксат берүүчү документтерди ɵзүнɵ камтыбайт.

в) Мындан сырткары, укуктук экспертизаны ɵткɵрүү учурунда мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунда коррупциялык факторлор табылат, алар кɵп учурда органга же кызмат адамына жеке кароосу менен тигил же бул фактыларга баа берүүнү, каалагандай чечим чыгарууга укуктарды камтыган жоболордо кɵрсɵтүлɵт.

Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн  2010-жылдын 8-декабрындагы  № 319-токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө Нускамасына ылайык, коррупциалык факторлордун бири катары долбоордо компетенцияны «укуктуу» формуласы боюнча аныктаган жоболор эсептелет.

Мисалга, Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополиягакаршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыктыөнүктүрүү боюнча департамент жөнүндө» токтомунун долбоору менен бекитилүүгɵ сунушталган КыргызРеспубликасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент жөнүндө Жобосунун долбоору келип түшкɵн.

Аны менен катар, аталган Жободо аталган Департаментке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына, уюмдарга жана мекемелерге, алардын жетекчилерине, ошондой эле жеке жактарга айып салуу жана экономикалык санкция колдонуу тууралуу чечимди (токтом) белгиленген тартипте кабыл алуу боюнча укук берүү каралган, бул укук кызмат адамына жеке кароосу менен мыйзамдарды бузуу боюнча маселени кароону же карабоону жана чечим кабылалуу боюнча укук берет.

Ошондой учурда, Юстиция министрлиги долбоорду кайрадан иштеп чыгуу керектигин белгилɵɵ менен терс корутунду чыгарат.

3. Долбоор анда кɵрсɵтүлгɵн жоболорду ишке ашыруунун так механизмин камтыбайт жана каржылоонун булагын камтыбайт.

         Мисалга, Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн«Жыныстык бирдейлиги бузулган адамдар үчүн жынысын ɵзгɵртүү тууралуу» токтомунун долбоору менен бекитилип жаткан жыныстык бирдейлиги бузулган адамдар медицина-психологиялык күбɵлɵндүрүү жɵнүндɵ Нускама каралган.

Аталган Нускаманын долбоору, жыныстык бирдейлиги бузулгандыгын аныктоо менен паспортто кɵрсɵтүлгɵн жынысын ɵзгɵртүүнүн тартибин жɵндɵɵгɵ багытталган. Ал эми, долбоордун 1-пунктунда жынысын ɵзгɵртүү-бул адамдын социалдык, жарандык же/жана физиологиялык жынысын ɵзгɵртүү болуп эсептелет деп кɵрсɵтүлгɵн.

Ошого байланыштуу, Юстиция министрлигинин долбоорго берген корутундусунда, мыйзамдарда «социалдык жана жарандык жыныс» деген түшүнүк жок деп белгиленген.

Мындан сырктары, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, жынысын өзгөртүү, коррекциялоо бойго жеткен пациенттин каалоосу боюнча медициналык-биологиялык жана социалдык-психологиялык көрсөткүчтөргө ылайык Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктаган тартипте медициналык кийлигишүү жолу менен саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт.

Ошондой эле, аталган долбоордун 5-пунктунда жыныстык бирдейлиги бузулган адам жынысын ɵзгɵртүү үчүн, медициналык-психологиялык күбɵлɵндүрүүдɵн ɵтүү жɵнүндɵ врач – психиатр тарабынан маалымат алуусу керек деп кɵрсɵтүлгɵн.

Бирок, кɵсɵтүлгɵн долбоор жыныстык бирдейлиги бузулган адамдарды медициналык-психологиялык күбɵлɵндүрүүдɵн ɵткɵрүүнү теске салгандыгына карбай аталган процедураны ɵткɵрүү боюнча так жоболорду камтыган эмес.

Ошого байланыштуу, Юстиция министрлиги тарабынан долбоорду кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгын белгилɵɵ менен терс корутунду чыгарылган.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жɵнүндɵ» Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, долбоордун маалымкат-негиздемесинде ошону менен катар, каржылоонун булагы кɵрсɵтүлүүсү керек деп белгилɵɵ зарыл.

Аны менен катар, аталган Мыйзамдын 26-беренесине ылайык, жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.

Ошондой эле, кɵп убакытта долбоордун маалымкат-негиздемесинде демилгеленип жаткан долбоордун жүзɵгɵ ашырылуусуна кеткен каржылардын финансылык-экономикалык эсептери кɵрсɵтүлбɵйт.

Мисалга, Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн «2015-жылга чейин жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча Мамлекетттик стратегиясын бекитүү жɵнүндɵ» токтомунун долбоору келип түшкɵн.

Ошол эле учуурда, аталаган долбоордо ишке ашыруусу финансылык чыгымдарды талап кылган иш-чаралар кɵрсɵтүлгɵн.

Бирок, долбоордун маалымкат-негиздемесинде демилгеленип жаткан долбоордун жүзɵгɵ ашырылуусуна кеткен каржылардын финансылык-экономикалык эсептер кɵрсɵтүлгɵн эмес.

Ошого байланыштуу, Юстиция министрлиги жогоруда кɵрсɵтүлгɵндɵй убактарда терс корутунду чыгарып, долбоорду кайрадан иштеп чыгуусун белгилейт.

4. Ишкердикти жɵнгɵ салган долбоорлорго жөнгө салуучу таасиринталдоо жүргүзүлбɵгɵн жана укукжаратуучу органдын сайтында коомдук талкуудан ɵтпɵгɵн долбоорлор.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жɵнүндɵ» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жөнгө салуучу таасирин талдоо Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт.

Аны менен катар, жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу жак тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга жатат.

Ошол эле учурда, аталган Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Мисалга, Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн«Тендер түрүндө табигый жана уруксат берилген монополиялардын суъектилеринин жөнгө салынган товарлардын бааларында чыгымдары белгиленген товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун Эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоору көрсөтүлгөн.

Аны менен катар, аталган долбоордун маалымкат-негиздемесинде кɵрсɵтүлгɵн долбоорго жөнгө салуучу таасирди талдоонун анализи кереги жок, анткени долбоор Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы табигый жанауруксат берилген монополиялар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан деп кɵрсɵтүлгɵн.

Бирок, Юстиция министрлиги өзүнүн корутундусунда «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жɵнүндɵ» Мыйзамына ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын ар бир долбоорлорунажөнгө салуучу таасирди талдоонун анализи жүргүзүлɵт деп белгиленген.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жɵнүндɵ» Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык, долбоор ченемжаратуучу органдын расмий сайтында жайгаштырылган эмес.

Ошого байланыштуу жана башка сын-пикирлерди эске алып Юстиция министрлиги тарабынан долбоор кайра иштелип чыгуусу үчүн жиберилген.

Ошондой эле, кɵпчүлүк учурда долбоордун маалымкат-негиздемесинде долбоор коомдук талкуулоо үчүн иштеп чыгуучу органдын сайтында жайгаштырылды деп кɵрсɵтүлүп келет, бул да аталган Мыйзамдын 22-беренесинин талаптарына ылайык келбейт.

5. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 84 -пунктуна ылайык, кызыкдар болгон органдар менен макулдашуудан ɵткɵрүлгɵн эмес.

         Аталган Регламенттин пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын, Өкмөттүн, Премьер-министрдин чечимдеринин бардык долбоорлору макулдашуу жол-жобосунан өтүү жана укуктук экспертизаны, ал эми зарыл болгон учурда атайын экспертизалардын түрлөрүн өткөрүү үчүн милдеттүү түрдө Юстиция министрлигине аларды кызыкдар болгон органдар менен макулдашылгандан кийин гана берилет.

Аны менен катар, аталаган Регламенттин 85-пунктуна ылайык, Юстиция министрлигине министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор актынын долбоорунун акыркы версиясын корутундулардын көчүрмөлөрүн жана макулдашуу баракчасын тиркөө менен бербеген учурда Юстиция министрлиги документтерди кароосуз жана укуктук экспертизаны жүргүзүүсүз кайра кайтарат.

Мамлекеттк органдар тарабынан кɵпчүлүк учурларда кɵрсɵтүлгɵн тартип бузулуп Юстиция министрлигине башка мамлекеттик органар менен катар жиберилээрин белгилеп кетүү керек.

Ошого байланыштуу, аталган Регламенттин 85-пунктуна ылайык, Юстиция министрлиги долбоорду укуктук экспертизаны жүргүзүүсүз жана макулдашуусуз кайра жиберет, бул долбоорду макулдашуунун кɵп убакытка созулуусуна, техникалык, убактылык чыгымдарга алып келет.

6. МыйзамалдындагыактынындолбоорунКыргызРеспубликасынын Ɵкмɵтүнүнкароосунакиргизүүгɵ укугужокоргантарабынаништелипчыккан.

Кыргыз Республикасынын Регламентинин 14-пунктуна ылайык, Өкмөттө Кыргыз Республикасынын актыларынын долбоорлору жана Өкмөттүн ишине тиешелүү башка маселелер каралууга тийиш.

Жогоруда көрсөтүлгөн актылардын жана башка документтердин долбоорлору Өкмөттүн кароосуна Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери, ал эми алар жок учурда алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан киргизилет.

         Ал эми, ведомствого караштуу, мамлекеттик органдын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, мекемелер, анын карамагындагы ишканалар Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппаратынын дарегине жогору турган мамлекеттик орган аркылуу кайрылышат.

Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аталган Регламентке ылайык Өкмөттүн ишине тиешелүү Өкмөт актыларынын долбоорлорун Өкмөткө киргизүү укугуна ээ болушат.

Эгер, Кыргыз Республикасынын Регламентинин аталган пунктунда кɵрсɵтүлбɵгɵн орган тарабынан долбоор келип түшсɵ, Юстиция министрлиги долбоорду макулдашуусуз жана укуктук экспертизаны ɵткɵрүүсүз кайра жиберет.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жана мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу максатында сунуш катары тɵмɵнкүлɵрдү белгилейбиз.

Ченемдик укуктук актынын долборун иштеп чыгуу учурунда:

- ушул долбоор кайсы кɵйгɵй маселени чечкенге багытталган;

- долбоордун жɵнгɵ салуу предметин аныктоо;

- долбоордун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жанамыйзам тартибинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин белгиленген ченемдерине ылайык келүүсүнө баа берүүнү жүргүзүү;

- продукциянын, жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстеринин милдеттүү түрдөгү талаптарын иштеп чыгуулар, кабыл алуулар, колдонуулар жана аткаруулар;продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, иштерди аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн талаптарын ыктыярдуу негизде иштеп чыгуулар, кабыл алуулар жана аткаруулар;шайкештикти баалоолорго багытталган суроолорду жɵнгɵ салуучу долбоорлорду техникалык регламенттин чегинде кɵрсɵтүлгɵн тартипе иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жɵнүндɵ» Мыйзамынын 22-беренесинде кɵрсɵтүлгɵн учурларда долбоор боюнча коомдук талкоодон ɵткɵрүү;

- аталган Мыйзамдын 19-беренесинин жоболоруна ылайык, ченемдик укуктук акт долбоорунун жөнгө салуучу таасиринталдоону ɵткɵрүү;

- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн Регламентинин 84-пунктунун талаптарына ылайык, башка кызыкдар болгон органдар менен долбоорду макулдашуудан ɵткɵрүү;

- ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттар жана маселелерди;кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан улам келип чыгуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолду;коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жөнүндө маалыматты;ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талданышын;аны финансылоо булактарынын болушун долбоордун маалымкат-негиздемесинде кɵрсɵтүү.


Мөөрү

2012.07.09 08:58:33
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы