instafaceboktwitytub

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
 
Мыйзам 2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
 
Мыйзамга ылайык бардык ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылууга тийиш.
 
Мыйзамда коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 календардык күнгө чейин кыскартылды, ал эми коомдук талкуулоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кошумча иш-чаралар уюштурулган учурда коомдук талкуулоонун мөөнөтү 10 календардык күнгө чейин кыскартылышы мүмкүн.
 
Мындан тышкары, Мыйзамга ылайык коомдук талкуулоо төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна талап кылынбайт:
 
– Конституциялык соттун чечиминен келип чыгуучу;
– редакциялык-техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган;
 
– коргонууну жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик сырларды сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу;
 
– убактылуу мүнөзгө ээ, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган;
 
– Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган, аларды кезексиз тартипте кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү;
 
– ал жеткис жагдайлардын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган.
 
Ошондой эле, Мыйзамга ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:
- ал жеткис жагдайлардын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салууда;
 
- колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган убактылуу ченемдик укуктук актыларды даярдоодо.
 
Ушуну менен бирге, Мыйзамга ылайык жаңы коомдук мамилелердин иштешин апробациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук мамилелерди убактылуу жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу.

printImage

13 марта 2025 г.

faceboktwit

13.03.2025

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

06.03.2025

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси А.А. Касымалиевдин Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетовдун Вьетнам Юстиция министри Нгуен Хай Нинем менен жолугушуусу болду

06.03.2025

Шылуундардан сак болуңуздар!

05.03.2025

Юстиция министрлигинде мамлекеттик тил мыйзамын аткаруу боюнча жумушчу жыйын өттү

04.02.2025

Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун 3 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара

04.02.2025

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Министрлик) “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 23, 26 жана 28-беренелерине ылайык, өздөрүнүн маалыматтарын өз убагында жаңыртуунун катуу зарылдыгы жөнүндө бардык адвокаттарга дагы бир жолу эскертет

Кеңсе:

+996 (312) 62-62-10 (+195)

+996 550 008 951 (+195)

+996 701 941 515 (+195)

+996 777 951 616 (+195)

ep@minjust.gov.kg

Дареги:

Бишкек ш., Жаш Гвардия
проспекти 32

Дү-Жм: 09:00-18:00

Бирдиктүү номерлер:

+996 312 626 210

+996 550 008 951

+996 701 941 515

+996 777 951 616

Коррупцияга каршы күрөшүү:

+996 312 626 210 (107)

+996 701 941 515 (107)

+996 550 008 951 (107)

+996 777 951 616 (107)

Биз социалдык тармактарда

instafaceboktwitytub

Электрондук почта:

ep@minjust.gov.kg

Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

Бүгүн:

За неделю:

Бардыгы:

0

0

0

Ачыкка чыгаруу

Колдонуучулук макулдашуу

Купуялык саясаты

2024-Жыл, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги. Бардык укуктар корголгон