Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮБүгүн 2016-жылдын 10-мартында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун (СЭМБ) жаӊы имаратын реконструкциялоого арналган, капсуланы салуу аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева, Кыргыз Республикасында АКШнын иштерине ишеним берилген убактылуу өкүл Алан Мельцер, Борбордук Азиядагы баӊгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ башкармалыгынын регионалдык өкүлү Ашита Миталл айым, Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык миссиялардын, министрликтердин жана ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Аземдин катышуучулары менен саламдашкан соӊ, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева, толук курулуп бүтө элек объект менен кошо аянты 0,3 гектар жер участогу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун балансына 2010-жылдын июлунда эле берилгендигин билдирди. Бирок андан бери каржылоонун жоктугунан курулуш бүткөрүлгөн эмес. Курулуш иштерин жүргүзүү «Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун потенциалын бекемдөө» баӊгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ башкармалыгынын долбоорунун алкагында мүмкүн болду.
48 миллион сом суммасына бул объектти реконструкциялоо боюнча иштер, Укук коргоо иши жана баӊгизат каражаттарын эл аралык жүгүртүү менен күрөшүү боюнча АКШнын Мамлекеттик департаментинин бюросунун финансылык колдоосунда баӊгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ башкармалыгы тарабынан жүзөгө ашырылат. Жаӊы имаратты 2016-жылдын ноябрында пайдаланууга берүү пландалууда. Ошол эле мезгилде Юстиция министрлигинин башчысы, бул имаратты реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборун өнүктүрүүгө карата жасалган биринчи гана кадам экендигин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө биз үчүн эӊ эле артыкчылыктуу болуп Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборун, ал эми андан ары, жүргүзүлгөн экспертизалардын сапатын жогорулатуу жана эксперттердин корутундуларына эл аралык таанууну алуу үчүн эл аралык стандарттар менен ылайык башка соттук-эксперттик уюмдарды аккредитациялоого даярдоо саналат. Бул үчүн СЭМБнын бардык инфраструктурасын эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык аккредитациялоого даярдоо зарыл. Ушуга байланыштуу биздин алдыбызда СЭМБни зарыл болгон жабдуулар жана криминалистикалык техникалар менен камсыздоо боюнча милдет турат, анткени азыркы прибордук база моралдык жактан эскирген жана алмаштырууну талап кылат! Мындан тышкары эксперттик кадрлардын квалификациясын көтөрүү, соттук экспертизаны илимий-методикалык камсыздоо салттуу соттук экспертизаларды өткөрүүдө да, ошондой эле жаӊы түрлөрүн өндүрүүнү, атап айтканда ДНК экспертизасын, эколгоиялык жана товар таануу экспертизаларын уюштурууда да СЭМБнин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтет» - деп белгиледи Жылдыз Мамбеталиева.
Өз кезегинде Борбордук Азиядагы баӊгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ башкармалыгынын регионалдык өкүлү Ашита Миталл айым, акыркы эки жылдан бери баӊгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ башкармалыгы Кыргызстанда соттук-медициналык эксперттердин квалификациясын көтөрүү жана аларды даярдоо боюнча көмөк көрсөтүп жаткандыгын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы СЭМБ инфраструктурасын жаӊылоо жогорку сапаттагы экспертизаны түзүүдөгү жана келечекте СЭМБнин соттук-эксперттик ишине эл аралык аккредитацияны алуу үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүүдөгү биздин жалпы аракеттерибиздин кезектеги кадамы болуп саналат», - деп жыйынтыктады Ашита Миталл айым.
Аземдин катышуучуларынын саламдашуу сөздөрүнөн кийин, жаӊы объектти реконструкциялоого арналган, капсуланы салуу салтанаттуу аземин өткөрүштү. Андан кийин имарат боюнча таанышуу экскурсиясы уюштурулган.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору Кыргыз Республикасынын негизги соттук-эксперттик мекемеси болуп саналат жана өлкөдөгү соттук эксперттик изилдөөлөрдүн 80 % ашыгын аткарат. Бүгүнкү күндө СЭМБ аянты 441 чарчы метр 1940-жылы салынган имаратта жайгашкан. Кызматкерлердин штаттык саны 128 бирдикти түзөт. СЭМБ эксперттери менен жылына экспертизанын 48 түрү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. 2015-жылы мамлекеттик борбор тарабынан 6793 экспертиза өткөрүлгөн, анын ичинде татаал жана көп объекттүү экспертизалар да бар.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо