29 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Туусу: "Биргелешип гана бул коомдук илдетти жеңе алабыз"

none.jpg

СССР кыйрагандан кийин экономикалык кризис каптап, коомдо айрым баалуулук ориентирлери алмашкан, уюшкан кылмыштуулук өскөн. Системалуу кризис өлкө жашоосунун бардык тармактарын камтыган. Талаптагыдай ориентирлердин, мамлекетти өнүктүрүү жана кризистен чыгуу боюнча иштелип чыккан саясаттын жок болушу бийликтин жогорку эшелондорундагы чиновниктердин өз ыйгарымдарынан ашкере пайдалануусуна шарттарды түзгөн. Мыйзамдык база жана мамлекеттик башкаруу системасы жетишерлик алсыз болгондуктан, мамлекеттик органдар системасынын өзүндө коррупциянын деңгээли олуттуу өскөн. Талаптагыдай укуктук саясаттын жоктугунан улам, укук коргоо блогу болуп жаткандарга адекваттуу көңүл бурууга жетиштүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болбогон. Реформаланбагандан жана коррупциялашуудан улам сот системасы сенектикке тушуккан, бул жазаланбагандык жана коркпогондукту жараткан. Натыйжада коррупциянын элементтери жашоонун бардык тармактарына тамыр жайган. Ошол эле убакта коррупция менен күрөш дайыма жарыяланса да, ал реалдуу жүзөгө ашырылуунун ордуна күрөшүп жаткандай түр көрсөтүү гана болуп калган, таасирдүү чаралар көрүлбөгөн. Атүгүл, мурдагы президенттер жана аларга жакын башкаруу элитасындагылар өздөрү турукташып калган үй-бүлөлүк – кландык байланыштарды, а кээде уюшкан кылмыштуулуктун элементтерин да пайдалануу менен кылмыштуу баюунун ыкмаларын жана схемаларын өркүндөтүшкөн. Бул факторлор түзүлгөн кырдаалга каршы турууга саясый эрктин жетишсиздигин же өздөрүнүн кызыкдарлыгынан улам күрөшүүнү каалабагандыкты билдирген. Натыйжада, баалуу убакыт текке кетирилген жана бүгүн биздин алдыбызда мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн дээрлик бардык чөйрөлөрүнө терең тамыр жайган коррупция менен оор күрөш жүргүзүү милдети турат. Мына ошондуктан коррупцияга каршы аракеттенүү өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын башкы багыттарынын бири болуп калууда. Бул илдет менен күрөшүү үчүн мамлекетибизде акыркы жылдары ар кандай методдор жана багыттар иштелип чыккан. Алар тиешелүү нормативдик укуктук база менен бекемделген. 2012-жылы “Коррупцияга каршы ара­кеттенүү жөнүндө” мыйзам иштелип чыгып, анда коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери, коррупцияны болтурбоонун жана аны менен күрөшүүнүн укуктук жана уюштуруу негиздери белгиленген. Ошол эле жылы Президенттин жарлыгы менген Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы бекитилген. Анда комплекстүү максатка, атап айтканда коомдогу коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө жетишүүнүн приоритеттери, ырааттуулугу жана жолдору аныкталган. Көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын негизинде Өкмөттүн корруп-цияга караша аракеттенүү чөйрөсүндөгү бир катар зарыл чечимдери кабыл алынган. Мындан тышкары, Кыргызстан бул чөйрөдө өзүнө бир катар эл аралык милдеттенмелерди да алган. 2005-жылы мыйзам менен БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясы да ратификацияланган. Бирок, мыйзамдар менен эле коррупцияны жеңүүгө болбойт. Биздин күрөштүн комплекстүүлүгү ал мыйзамдарды кыйшаюусуз аткарууда, аракеттерибизди жана максаттарыбызды бириктирүүдө турат. Белгилүү немец саясатчысы Отто фон Бисмарктын: “Жаман мыйзамдар жана жакшы чиновниктер менен өлкөнү башкарууга болот. Бирок, эгерде чиновниктер жаман болушса, эң мыкты мыйзамдар да жардам бербейт”, – деген сөзүн эстеп коюу зарыл. Ошентип, коррупциянын масштабын эске алуу менен, аны менен күрөштү сис­темалуу методдор аркылуу жүргүзүү керек. Коомдук мамилелердин бардык чөйрөлөрү, мамлекеттик аппараттын бардык звенолору: жогорудан төмөн жана төмөндөн жогору, горизонталдык жана вертикалдык векторлордо камтылууга тийиш. Бул багыттагы дагы бир оң жылыш катарында мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүн конструктивдүү сындоо болуп калды. Мурдагы режимдерде аз ыктымалдуу болуп көрүнгөн кубулушу бүгүн кабыл алынуучу чечимдерди өркүндөтүү үчүн таасирдүү аспап болуп калды. Коом жана парламент чиновниктерди, мамлекеттик органдарды жана иштелип чыгып жаткан саясатты сындоо мүмкүнчүлүгүнө ээ, бул анын жакшыртылышына өбөлгө түзөт. Бүгүн эч ким парламентти “чөнтөк парламент” деп атай албайт, себеби анда бири-бирине каршы турган жана атаандашкан күчтөр бар. Бул механизм бийликтин аткаруу бутагынын ишин ачык сындоого жана начар жактарын аныктоого, ошондой эле мындай сындын натыйжаларын коомчулуктун талдоосуна алып чыгууга мүмкүндүк берет. Себеби, мындай сын көпчүлүк учурда өтө конструктивдүү, маанилүү жана зарыл болуп саналат жана бул тенденция бийлик институттарынын коом алдында отчёттуулугун жана ачыктыгын камсыз кылат. Коррупция менен күрөшүүдөгү байкалгыстай көрүнгөн бул жылыштар, толук камтуучу болбогону менен иш жүзүндө жетишерлик олуттуу болуп саналат. Коррупция бир чөйрөдө гана боло албайт. Ал мамлекеттик ишмердүүлүктүн бир тармагынан экинчисине өтүү менен тез жана план ченемдүү өнүгөт. Коррупция менен күрөшүүдө сот сис­темасынын ролу өтө чоң. Ошол эле учурда, тилекке каршы, учурда сот системасы өзү да мамлекеттик башкаруунун бардык механизминин коррупциядан жабыркаган элементтеринин бири болуп саналат. Акыркы жылдардагы сот реформасынын алкактарында бир катар иштер жасалууда. Мыйзамдар өркүндөтүлүп, жаңы процедураларга ылайык судьяларды шайлоонун ачыктыгы камсыздалууда. Жаңы көз карандысыз институт – Судьяларды тандоо боюнча кеңеш иштөөдө. Ошол эле учурда судьялардын көз карандысыздыгын талаптагыдай камсыз кылуу өтө маанилүү бойдон калууда. Ал кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жана эл аралык стандарттарга ылайык камсызда-лууга тийиш. Судьялардын көз карандысыздыгын камсыздоодо аз эмес маанилүү фактор болуп алардын ишмердүүлүгүнүн материалдык жана социалдык кепилдиктери саналат. Бирок, азыркы учурда мындай кепилдиктер жок. Биз адилет, компетенттүү жана коррупциялашпаган сот системасына ээ болгубуз келсе, көрсөтүлгөн кепилдиктерди приоритеттүү тартипте камсыздоо маселелерине көңүл буруубуз зарыл. Жана бул кепилдиктерди натыйжалуу аткаруу үчүн судьялардын көз карандысыздык маселелери коррупция менен күрөшүү боюнча комплекс-түү чаралардын тизмесине кирүүгө тийиш. Жыйынтыктап айтканда, коррупция менен күрөшүүдө төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлүүгө тийиш: – аларда коррупциялык нормаларды болтурбоо максатында мыйзамдарды өнүктүрүү; – бийликтин бардык бутактарынын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу жана алардын ишмердүүлүгүнө коомдук контролду күчөтүү; – сөз эркиндигине укукту кыйшаюусуз сактоо; – коррупция чөйрөсүндөгү кылмыш-жаза укук бузууларды объективдүү иликтөөнү жана алар боюнча адилет жана жан тартпаган чечимдердин кабыл алынуусун камсыз кылуу; – мамлекеттик бийликтин бардык өкүлчүлүктүү органдарына ачык жана таза шайлоолорду өткөрүү жолу менен башкаруучу элитаны жаңыртуу; – жарандардын аң-сезимин укуктук нигилизмди жоюуга жана коррупцияга жана коррупция менен ашкереленген адамдарга негативдүү мамилени калыптандырууну өнүктүрүүгө багытталган иш- чараларды жүргүзүү; – мыйзам бардыгы үчүн бирдей болууга тийиштиги да аз эмес маанилүү. Адамдарды өзгө жана жатка бөлбөстөн, жасаган жоруктары үчүн алардын саясый же башка таандыгына карабастан бардык күнөөлүү адамдар жазаланууга тийиш. Албетте, бул өтө татаал жана көлөмдүү проблема. Ага карабастан ал аткарыла турган иш. Чечим табылбаган бир да проблема болбойт. Бул үчүн биз бардык аракеттерибизди бириктирүүгө, аларды системалаштырууга жана координацияланган түрдө керектүү нукка багыттого тийишпиз. Биргелешкен аракеттер менен гана биз алга жыла алабыз, өзүбүздү өркүндөтүп, коррупцияны жеңип жана жарандардын бийликтин бардык бутактарына ишенимин бекемдей алабыз. Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, Кыргыз Республикасынын юстиция министри
Мөөрү

2014.06.17 14:01:55
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы