05 Бугу, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

«Министр байланышта» акциясынын өткөрүлгөндүгү жөнүндө отчет

none.jpg

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2014-жылдын 15 жана 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жүргүзүлүп жаткан «Ачык Өкмөт» саясатынын алкагында «Министр байланышта» акциясын уюштурду. Бул акциянын алкагында басма сөз каражаттары үчүн интервьюлар, радио жана телевидениеге чыгып сүйлөөлөр, ошондой эле министрдин, анын орун басары жана министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен басма-сөз жыйындары уюштурулган. Көрсөтүлгөн иш-чараларда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги А.Шыкмаматов, ЖМКнын ар кандай каналдары аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын максаттарына милдеттерине жетишүү боюнча 2014-жылга Юстиция министринин милдеттенмелери иш аракеттер планы боюнча түшүндүрүү кампаниясын өткөрдү. Белгиленген акциянын жүрүшүндө министр А.Шыкмаматов КТРК «Замана» студиясынын түз эфирине чыгып сүйлөдү. Түз эфир убагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга, Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына, юридикалык жактарды каттоо, адвокатура ж.б тийиштүү 10дон ашык суроолор берилген, булар боюнча министр тарабынан толук жооптор берилген. Телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып, министр Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзөөрүн жана 2013-жылдын 1-сентябрынан тарта министрликтин сайтында жарандарга МББда камтылган Кыргыз Республикасынын каалаган ЧУАнын текстине акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү берилген, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринин жаӊыланган издөөчү тутуму ишке киргенин белгиледи. Ошону менен, министр азыркы мезгилде министрлик тарабынан  калктын укуктук маӊкуртчулук жана укуктук сабатсыздык сыяктуу социалдык кемчиликтерди жок кылуу максатында, 2015-2018-жылдар мезгилине укуктук маданиятты көтөрүү жана укуктук агартуу боюнча  стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөндүгү жөнүндө телекөрүүчүлөрдү маалымдады. Министр иш-чаралар планын ишке ашырууга мамлекеттик бийликтин бардык органдары  тартылаарын анткени бул стратегия мамлекеттик мааниге ээ экендигин белгиледи. Ошондой эле министр А.Шыкмаматов «Азаттык» радиосунун түз эфирине катышты, ал жерден министр өткөн мезгилге министрлик тарабынан жасалган иштердин негизги этаптары жөнүндө айтып берди, ага улай эле радио угуучулардын суроолоруна да жооп берди. Мындан тышкары, ЖМК өкүлдөрү үчүн Юстиция министри А.Шыкмаматовдун катышуусунда «Кабар» маалымат агенттигинде жыйынтыктоочу басма-сөз жыйыны өткөрүлдү. Өз сөзүндө министр министрликтин ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелерди козгоп өттү. Атап айтканда,  2014-жылдын 26-ноябрында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын биринчи уюштуруу съезди жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө, ЧУАларга коррупцияга каршы экспертиза ж.б. жөнүндө. ЖМК өкүлдөрүн төмөндөгүдөй маселелер кызыктырганын белгилеп кетүү зарыл алар: «Кумтөрдү» улутташтыруу, «Centerra Gold Inc.» акциялары боюнча эл аралык доолор, жарандардын биометрикалык маалыматтарын тапшыруу зарылдыгы, саясий партияларды каржылоо, ошондой эле «Чет элдик агенттер жөнүндө». Жалпысынан журналисттер тарабынан 16 суроо берилген аларга министр толук жооп берген. «Centerra Gold Inc.» арест коюлган акцияларына байланыштуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып министр: «Акцияларга арест коюлган, бирок арест акция боюнча дивиденддерди алуу токтойт дегенди түшүндүрбөйт. Бул күрөөгө коюлган мүлк сыяктуу, биз аны сата албайбыз же болбосо башкача колдоно албайбыз, бирок дивиденддер бизге түшө берет» деп айтып өттү. Ошондой эле, министр өз сөзүндө адвокаттык ишмердүүлүккө тийиштүү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, азыркы мезгилде Кыргызстанда өзүн өзү жөнгө салган адвокатура органы жок экендигин айтып өттү. Мындай органсыз адвокатуранын көз карандысыздыгы жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес деп белгиледи министр. «Институт адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзамды кайра карап чыгууга муктаж. Баарыбызга бул жөнүндө ойлонууга убакыт келди. Мындай муктаждык бышып жетилди. Эгерде карасак, бүгүнкү күндө бардык механизмдер адамдын эркиндиктерин жана укуктарын коргоого эмес, мамлекетти коргоого багытталган, бирок Конституция аларды ыйык катары аныктайт» деп түшүндүрдү өз сөзүндө министр. Жеке биометрикалык маалыматтардын коопсуздук маселеси боюнча министр төмөнкүнү белгиледи: Жеке маалыматтардын коопсуздугу Кыргызстандын Конституциясы менен корголгон. Мисалы, жарандын маалыматтарын уруксаатсыз кайсы-бир бийликтин органы карай албайт. Техникалар сайттагы каралган  маалыматтардын саны жөнүндө маалыматты белгилеп турат». Мындан тышкары министр биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2015-жылдагы шайлоолорду таза өткөрүүгө багытталгандыгын белгиледи. Ошондой эле, «Министр байланышта» акциясынын алкагында «Эркин-Тоо» гезитинин бетине Юстиция министрлигинин тышкы саясий ишмердүүлүгү жөнүндө макалалар чыгат. Мындан тышкары, 2014-жылдын 12-декабрында КТРКнын «Биринчи Радио» түз эфиринде белгиленген акциянын алкагында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын м.а. Н.Таштанов чыгып сүйлөп, радио угуучулардын суроолоруна жооп берди. Өз сөзүндө статс-катчынын м.а. Н.Таштанов жалпы министрликтин ишмердүүлүгү жөнүндө, ошондой эле юстиция органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө айтып берди. Жалпысынан радио угуучулардан 13 суроо түшүп толук жооптор алынган. Булар менен бирге, «Министр байланышта» акциясы 2014-жылдын 12-декабрында жергиликтүү телерадио көрсөтүүлөрдө министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан дагы өткөрүлгөн. Атап айтканда, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси Эсен Өмүров «Артек FM» радиосуна чыгып сүйлөп, Ысык-Көл юстиция башкармалыгынын 2014-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берген жана радио угуучулардын суроолоруна жооп берген. Мындан тышкары, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын начальниги У.Акулуеванын облустук телекөрсөтүүнүн «Маек» телеберүүсүнө чыгып сүйлөөсү уюуштурулган. Мындан ары, Талас облустук юстиция башкармалыгынын начальниги  Б.Жайлообаев «NEXT FM» радиосунун эфиринде чыгып сүйлөп министрликтин жана Талас облустук юстиция башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө кенен маалымат берип, ошондой эле акысыз юридикалык жардамды алуу жол-жобосу жөнүндө айтып берди. Баткен облустук юстиция башкармалыгынын начальниги А.Зияев дагы мамлекеттик нотариус менен биргеликте «Баткен ТВ» жергиликтүү телеканалына чыгып сүйлөп, «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин түшүндүрүп беришти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкынын иштеши жөнүндө айтып беришти. Мындан тышкары, Ош облустук жана Ош шаардык Юстиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары Р.Таштанов «ЭлТр» коомдук  телерадиокомпаниясынын эфирине чыгып сүйлөп, юстиция башкармалыгынын милдеттери жөнүндө айтып берди, ошондой эле Кыргыз Республикасында апостилди жүргүзүү жол-жобосун кененирээк түшүндүрдү. Алар боюнча кечиктирилгис чечим кабыл алууну талап кылган, жарандардын актуалдуу суроолору келип түшкөндө министр А.Шыкмаматовдун жеке контролуна  алынып анын ичинен кээ бирлери боюнча тиешелүү чаралар кабыл алынды. Өткөрүлгөн иш чаралардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү пресс-релиздер министрликтин расмий сайтына жарыяланган.
Мөөрү

2014.12.22 17:07:01
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы