Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2016-жылдын I жарым жылдыгындагы иштер боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү. Коллегиянын ишине Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык башкармалыктарынын начальниктери катышты. Коллегияга Жылдыз Мамбеталиева төрагалык кылды. Отурум Россия Федерациясынын Москва шаарындагы 2016-жылдын 27-августундагы өрттөн каза болгон жердештерибизди эскерүү менен башталды.
Отчетко ылайык 2016-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 11.374документ келип түшкөн, анын ичинен 6275 документ контролго алынган, 5924 – өз мөөнөтүндө аткарылган, 9 – мөөнөттөрүн бузуу менен аткарылган, 342 – аткарылууда. Ошондой эле отчеттук мезгилде 2016-жылы министрликке 6969 кайрылуу келип түшкөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырсак коомдук кабылдама аркылуу келип түшкөн кайрылуулардын саны эки эсеге көбөйгөн – 4397 (2015-жылдын I жарым жылдыгында - 2785). 1819 кайрылуу контролго алынган, 1803 – өз мөөнөтүндө аткарылган, 16 – аткарылууда. Жарандардын кайрылууларынын негизги бөлүгү юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, апостилдөө, нотариат жана адвокатура ишине ж.б. тиешелүү болгон.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишинин планына ылайык, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттик органдарга 25 долбоорду иштеп чыгуу иши жүктөлгөн. Талдоонун жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилде планды аткарууну 30,5% түзгөн. Министрликтер жана ведомстволор тарабынан Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин планын аткаруунун төмөн деӊгээли төмөнкүдөй себептерге байланыштуу деп коллегияда белгиленген:
- мамлекеттик органдардын өзүнүн ички ведомстволук мыйзам жаратуу ишин сапатсыз пландоо;
- финансы-экономикалык негиздемени жетишсиз даярдоо;
- иштеп чыгуу мөөнөттөрүн бузуу же жылдыруу.
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу чөйрөсүндө 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча министрлик тарабынан 12 мыйзама долбоору иштелип чыккан; 47 ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, 32 Өкмөттүн токтомунун долбоору, анын ичинен 12си Мамлекеттик каттоо кызматынын ишине тийиштүү Өкмөттүн токтомунун долбоорлору. 250 мыйзам долбоорлоруна жана ЧУАга экспертиза жүргүзүлгөн (укуктук, коррупцияга каршы, гендердик жана укук коргоочулук). Коллегиянын катышуучулары азыркы мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды табуу жана жоюуну жүзөгө ашырган, ЧУАды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишине өзгөчө көӊүл бөлүштү.
2016-жылдын I жарым жылдыгында комиссиянын төрт отуруму болуп өткөн, жана жалпысынан 33 ченемдик укуктук актынын долбоорлору каралган. Коллегия мүчөлөрү өлкөнүн мыйзам базасын инвентаризациялоодо айрым ведомстволордун жигерсиз катышуу көйгөйүн белгилешип жана бул багыттагы ишти активдештирүүнү сунушташты. Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын кызматкерлери үчүн мыйзамдардагы жана ЧУАгы карама каршылыктарды жана коллизияларды табуу жана жоюу боюнча окутуучу семинарларды уюштуруу сунушталган.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкын (МББ) жүргүзүү боюнча иштер уланууда. Азыркы мезгилде МББда 83 686 ченемдик укуктук акт бар, ошондой эле отчеттук мезгилде 3 871 укуктук акт киргизилген. Укуктук маалыматтарга өлкөнүн калкынын жетүүсүн кеӊейтүү максатында Маалыматтардын борборлоштурулган банкына «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» деген аталыштагы мобильдик тиркеме иштелип чыккан.
Бүгүнкү күндө аталган тиркемени 10 миӊ инетрнет-колдонуучулар жүктөп алышкан. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында катталган жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу толук жана ишенимдүү маалыматтарды жарандар тарабынан алуусуна шарттарды түзүү үчүн Юстиция министрлигинин сайты аркылуу ЖМКдын бирдиктүү электрондук базасы түзүлгөн. Бүгүӊкү күндө аталган базаны актуалдуу маалыматтар менен толтуруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. «Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү үчүн сот адилеттигине жетүүнү жакшыртуу» БУУӨПтүн долбоорунун колдоосу менен республиканын жарандарынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында 2016-жылдын июль айында министрлик тарабынан «Тилектештик автобус» долбоору ишке киригизилген. Азыркы күнгө «Тилектештик автобусунун» юристтер тобу Чүй (Кемин, Жайыл райондору) жана Ош (Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондору) облустарынын 24 калкттуу пункттарына барып юридикалык жардам көрсөтүшкөн. Бул долбоорду 2016-2017-жылдардын ичинде ишке ашыруу, ал эми кийин республиканын бардык облустарында ишке киргизүү пландалууда. Ошол эле мезгилде Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева министрликтин бардык түзүмдөрүнө болгон мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде ЖМК жана интернет ресурстарын эффективдүү колдонуу менен юстиция органдарына калктын ишеним индексинин коэффициентин жогорулатуу боюнча ишти мындан да активдүү жүргүзүү тапшырмасын берди.
Нотариат жана адвокатура чөйрөсүндө Юстиция министрлиги тарабынан 1457 келип түшкөн документ каралган, анын ичинен 55 даттануулар жана арыздар адвокаттардын, 35 – нотариустардын аракетине келип түшкөн. Жеке нотариустарга карата 8 кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн, жыйынтыктары боюнча 15 нотариуска эскертүү түрүндөгү тартипке чакыруу жаза чаралары колдонулган.
Мындан тышкары, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында министрлик тарабынан адвокаттык иш жүргүзүү укугуна 165 лицензия берилген. 35 талапкер жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 35 талапкер стажировкага жөнөтүлгөн. Юридикалык стажы жок болгондугуна байланыштуу 19 талапкерге стажировкага жөнөтүүдөн баш тартылган, 7өө экзамендерди ийгиликтүү тапшырышкан. Нотариустардын жоопкерчилигин жана статусун көтөрүү максатында нотариустардын кесиптик этикасынын кодексинин долбоору иштелип чыккан, бул долбоор мамлекеттик жана жеке нотариустардын арасында талкуудан өткөн. Кодексти «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынгандан кийин бекитүү пландалууда.
Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат угулган; министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө жарандардын кайрылуулары менен иштин уюштурулушу жөнүндө; министрликтин каржы-чарба иши жөнүндө жана бир катар башка маселелер. 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш планы сунушталган жана талкууланган. Ведомство башчысы менен министрликтин жана анын бөлүнүштөрүнүн ар кандай чөйрөлөрдөгү ишин жакшыртуу жана күчөтүү боюнча багыттар берилген. Жылдыз Мамбеталиева, Юстиция органдарынын кызматкерлери министрликке жүктөлгөн функциялардын бардык комплексин жогорку деӊгээлдеги эффективдүлүк менен максималдуу толук аткарыла тургандай кылып жазашы керек деп белгиледи.
Коллегиянын аякташы менен Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдыгынын урматына, ишиндеги жогорку натыйжаларды көрсөткөн кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктар жана ардак грамоталарды тапшыруу болуп өттү.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо