25 Баш оона, 2019
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы «Юридикалык клубдун» биринчи отуруму болуп өттү

db7cd0361443997c2764075e49e6dabc.JPG

          2019-жылдын 15-мартында, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Укуктук саясат маселелери боюнча эксперттик-консультативдик кеңештин (Юридикалык клуб) (мындан ары - кеңеш) биринчи отуруму болуп өттү.
         Белгилеп кетсек, ушул жылдын 4-мартында КРнын Юстиция министрлигинин буйругу менен аталган кеңеш түзүлүп, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен), экс-юстиция министрлер, Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн аппараттарынын юридикалык кызматтарынын жетекчилери, укуктук маселелер боюнча эксперттер, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү кошулган.      
         Иш-чараны ачуу сөзүндө, КРнын Юстиция министри Марат Джаманкулов кеңештин түзүлүшүнүн себептерине жана максаттарына токтолуп кетти. “Бул кеңешме укук тармагындагы өзгөчө маанилүү маселелерди талкуулоонун алдын-ала эксперттик платформасы болуп, ал юстиция органдарындагы институционалдык мурастын жана натыйжалуу демилгелерди улантууга өбөлгө болот”,-деди ал.  
М.Джаманкулов экс-юстиция министрлерге кайрылып, өзүнүн ишмердүүлүгүн юстиция органдарынан тышкары жүргүзүп жаткандыгына карабастан, ошолордун жетектечилиги алдында демилгеленген идеялар менен иш-чараларга алар кош көңүл эместигин белгиледи.   
Отурумдун учурунда КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Укуктук саясат маселелери боюнча эксперттик-консультативдик кеңеш (Юридикалык клуб) жөнүндө Жобо бекитилди. Андан кийин эксперттер тарабынан даярдалган 2020-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын укуктук саясатынын концепциясынын жана 2019-2021-жылдарга юстиция органдарын өнүктүрүүнүн Программасынын түзүлүшүнүн долбоорлору көрсөтүлдү.               Бул долбоорлорду кароо учурунда: “Юстиция министрлиги укуктук саясатты жүргүзүүчү орган болуп эсептелгени менен мамлекеттин укуктук системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого мүмкүндүк берген укуктук саясаттын маселелери боюнча бирдиктүү документ биздин өлкөдө иштелип чыккан эмес. Мындай жумушту Жогорку Кеңештин депутаттары, укуктук маселелер боюнча эксперттер жана адистер менен талкуулабастан ишке ашыруу мүмкүн эмес, анткени сиздерде бул тармакта тиешелүү билимиңиздер менен зор тажрыйбаңыздар бар”, - деп белгиледи юстиция министри.  
Аталган документтердин негизги багыттарын талкуулап, кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн концептуалдуу пикирлери менен сунуштарын киргизишти.
            Отурумдун жыйынтыгында, катышуучулар бул диалогдук аянтчанын өз учурунда түзүлгөндүгүн жана маанилүүлүгүн белгилеп, укуктук маселелер боюнча стратегиялык документтерди иштеп чыгууда жана бул чөйрөдөгү ишмердүүлүк боюнча башка маанилүү маселелерди талкуулоодо бирдиктүү аракеттешүүгө даяр экендиктерин билдиришти. 
Мөөрү

a68ae9050e58a32bd81b32e4a824a3cb.JPG
650f1243e97102212e28f522ca617411.JPG
a92dacc9a93dcdde33571efe16532b7f.JPG
bbf27b7ea9df2e5919aed8297d77bf39.JPG
d777b1c09b4bd03cdf8f8a94d4ad5b22.JPG
e6addbead22fa675d2bbb40d721bf6d1.JPG
a882cc160e2cee1f542d382ec93ac31e.JPG
bad9967f54956fa137bad20cdb66ae3c.JPG
3589bf7ab1c45bbec0541930ff35093f.JPG
fb7b5319e4c3839bffec20678e362272.JPG


2019.03.16 13:07:33

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмесин бекитүү тууралуу буйрук


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы