27 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын масштабдуу инвентаризациялоо башталганы жөнүндө билдирет

768d6e194ab08d5db3473abb4ab83588.jpg

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 ПЖ “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Юстиция министрлиги жана аткаруучу бийликтин органдары мыйзамдарды инвентаризациялоону башташты.
Бул инвентаризация декларациялык мүнөздөгү, бюрократиялык, натыйжасыз, мыйзамдарды колдонуу практикасында карама-каршылыкты жараткан мыйзамдарды аныктап жана күчүн жоготууга берүү максатын көздөйт.
Инвентаризация жүргүзүү үчүнКыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругу менен ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлгөн (мындан ары – ВЭТ), ал 6 тармактык топтон турат.
Жумушчу топтордун курамдарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана аткаруучу бийликтин органдары камсыздашты. Ошого байланыштуу, инвентаризация жүргүзүүдө иш процессин уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 57 буйругу менен он үч тармактык топчо түзүлгөн. Ал топчолордун курамына мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, көз каранды эмес эксперттер киргизилген.
Инвентаризациялануучу мыйзамдардын санын аныктоо үчүн Юстиция министрлиги 1990-жылдан баштап 2020-жылга чейинки мыйзамдарды анализдеп чыгып, 356 мыйзамдан турган тизме түзүлгөн. Бул тизмеге конституциялык мыйзамдар, кодекстер, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдар, бир жолку колдонулуучу жана чектелген чөйрөдөгү жактарга эсептелген мыйзамдар кирген жок. Бул тизме жогоруда айтылган топчолорго бөлүштүрүлгөн.
Ар бир топчонун милдети – ВЭТтин биринчи жыйналышында бекитилген сапаттык жана натыйжалык критерийлерге мыйзамдардын ылайык келүүсүн анализдеп чыгуу.
Мыйзамдарга анализ Юстиция министрлигинин жогоруда аталган буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүүнүн методологиясынын негизинде жасалат.
Бул Методологияда мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча иш процессинин, мыйзамдарга баа берүүнүн кадамдары жана мыйзамдарды кайра карап чыгуудагы талаптар толугу менен көрсөтүлгөн.
Мыйзамдардын критерийге ылайыктуулугун баалоонун жыйынтыгында топчолор мыйзамдардын 3 тизмесин түзүүгө тийиш.
1) критерийге ылайык келген жана кайра карап чыгуу талап кылынбагандар;
2) кайра карап чыгып жана критерийлерге ылайык келтирүү үчүнөзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынгандар;
3) критерийлерге ылайык эмес жана күчүн жоготту деп эсептөөгө сунушталуучулар (колдонуу токтотулуучулар).
Баалоонун жыйынтыгында критерийлерге ылайык эмес деп табылган мыйзамдардын колдонулушун токтотуу “гильотина” механизми аркылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте пландалып жатат.
Ушуга байланыштуу Юстиция министрлиги “Гильотина” принциби боюнча мыйзам чыгаруу актыларынын күчүн жоготуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан жана коомдук талкуулоо үчүн Өкмөттүн сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Айта кете турган нерсе, мындай принцип 2009-жылы министрликтер менен ведомстволор ченемдик укуктук актыларды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктарын жоготушканда “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамда колдонулган.
Мисалы, аталган Мыйзамдын 36-беренесинде “Ушул Мыйзамга ылайык ченем жаратуу органы болуп эсептелбеген мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн шартта 2010-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат” деп айтылган.
“Гильотина” принциби боюнча мыйзам чыгаруу актыларынын күчүн жоготуу жөнүндө” Мыйзамдын долбооруна жарандык коомдун өкүлдөрүнөн мыйзамда вакуум жаралып калуу опурталы жөнүндө сын пикирлер түшкөн.
Ушул жылдын 22-майында жарандык коомдун өкүлдөрү менен тегерек үстөл болуп, анын жыйынтыгында “Гильотина” принциби боюнча мыйзам чыгаруу актыларынын күчүн жоготуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун кароону токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Мында, Юстиция министрлиги аткаруучу бийликтин органдары менен бирдикте мыйзамдарды инвентаризациялоону улантаарын жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин аягына чыгараарын айтып коюу маанилүү.
“Гильотина” принциби боюнча мыйзам чыгаруу актыларынын күчүн жоготуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун илгерилетүү токтоп калганына байланыштуу Юстиция министрлиги Өкмөттүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругуна оңдоолорду иштеп чыгууда, ал оңдоолор мамлекеттик органдардын инвентаризациялык жумуштарынын сапатын жана ылдамдыгын камсыздоого мүмкүндүк беришет.
Жарандык коомдун өкүлдөрү инвентаризация жүргүзүүдө анын жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындыгын жана ар түрдүү пикирлердин эске алынышын камсыздоо зарылдыгы жөнүндө пикирлерди көп жолу айтышты.
Ошого байланыштуу, инвентаризация процессин Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарында, телекөрсөтүүдө, социалдык тармактарда чагылдырып тураарын билдиребиз. Ошондой эле Юстиция министрлигинин сайтынын башкы барагында (minjust.gov.kg) “Мыйзамдарды масштабдуу инвентаризациялоо” деген баннер бар, анда инвентаризация боюнча баардык материалдар жайгаштырылган жана ал улам жаңы документтер менен толукталып турат. Ошондой эле, биздин дарекке кайрылып, топчолордун курамына киргизүүнү өтүнгөн жарандык коомдун өкүлдөрү топчолордун курамдарына кошумча киргизилишет. ВЭТтин жана топчолордун баардык иши жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылып турат.

Мөөрү

2021.05.26 16:03:00
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы