19 Бугу, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча ырааттуу иш жүргүзүүдө

df306004f6a2cef5cc9864a39fab149a.peg

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча ырааттуу иш жүргүзүүдө.
Президенттин Жарлыгына жараша мыйзамдар алардын Конституцияга, социалдык адилеттүүлүк жана өнөктөштүк принциптерине ылайык келүүсү, зарылдыгы жана натыйжалуулугу, предметти жөнгө салуусунун жетиштүүлүүгү жагынан, ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, мыйзамдардагы өксүктөрдү жоюу багытында инвентаризацияланат.
Аталган Жарлыкты аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2021-жылдын 21-мартындагы буйругу менен ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлгөн, ал топ 6 (алты) тармактык топчолордон турат.
Инвентаризациялануучу мыйзамдардын санын аныктоо үчүнКыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 1990-жылдан 2020-жылга чейинки мыйзамдарга анализ жасап, 356 мыйзамдан турган тизме аныкталган (ал тизмеге: конситуциялык мыйзамдар, кодекстер, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдар, ар жылдык бюджеттерди бекитүү жөнүндө мыйзамдар, административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө мыйзамдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдар киргизилген жок).
Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 15-апрелиндеги буйругу менен 13 (он үч) тармактык топ түзүлгөн, ал топторго мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, көз каранды эмес эксперттер киргизилген; мыйзамдарды баалоо үчүн негиз болуучу критерийлер жана инвентаризациялоонун методологиясы бекитилген.
 
Бүүгүнкү күндө критерийлерге ылайыктуулугун баалоо аяктагандар:
 
·       эл аралык мамиле чөйрөсүндөгү топчого кирген баардык мыйзамдар (азыркы учурда баалоо топчонун жаңы мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилген);
·       билим берүү жана илим, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү топчого кирген баардык мыйзамдар (азыркы учурда баалоо топчонун жаңы мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилген);
·       соода жана техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү топчого кирген баардык мыйзамдар;
·       транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш чөйрөсүндөгү топчого кирген 6 мыйзам (14 мыйзамдын ичинен);
·       финансы чөйрөсүндөгү топчого кирген 9 мыйзам (22 мыйзамдын ичинен);
·       айыл чарба, жер жана агрардык-өнөр жайлык комплекс чөйрөсүндөгү топчого кирген 40 мыйзам (44 мыйзамдын ичинен);
·       финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү топчого кирген 27 мыйзам (29 мыйзамдын ичинен);
·       фискалдык саясат жана бизнес чөйрөсү тармагындагы топчого кирген 13 мыйзам (15 мыйзамдын ичинен).
 
Ошентип, мамлекеттик органдардын инвентаризациялоо боюнча иштери туруктуу негизде жүрүп жатат.
 
Мындан тышкары, жасалып жаткан иштин ылдам темпи “гильотина” принцибин колдонууга алып келбеши үчүн Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык топтун ишинин форматы кайра каралып чыкты.
 
Ага байланыштуу Өкмөттүн 2021-жылдын 10-мартындагы токтомуна өзгөртүүлөр даярдалды, бул өзгөртүүлөргө ылайык 2021-жылдын 1-сентябрына чейин мыйзамдарга баалоо жүргүзүп (анализдеп) жана анын жыйынтыгы боюнча мыйзамдардын 3 тизмесин даярдоо керек:
 
1)    критерийге ылайык келген жана кайра карап чыгуу талап кылынбагандар;
2)    кайра карап чыгып, критерийге ылайык келтирүү үчүн оңдоо киргизүү талап кылынгандар;
3)    критерийлерге ылайык келбеген жана күчүн жоготту (колдонуу токтотулсун) деп таанууга сунушталуучулар.
 
Бул тизмелер жактырылып, макулдашылгандан кийин мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү белгиленген тартипте ишке ашырылат. Аталган оңдоолорду Министрлер Кабинети 2021-жылдын 21-июнунда бекитти.
 
Ошондой эле, жумушчу топчолордун курамы аткаруучу бийлик органдарынын өзгөртүп уюштурулганын жана жарандык коомдун курамды кеңейтүү жөнүндө сунуштарын эске алуу менен кайрадан бекитилди. Мамлекеттик органдар жана жарандык коом тарабынан кандидатуралар боюнча болгон баардык сунуштарда бир буйрук менен тариздөө талап кылынган болчу, ал үчүн  кандидатураларды топтоп жана бир тизмесин түзүү керек болду.
 
Мисалы, Президенттин 2021-жылдын 5-майындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүКыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп өзгөртүлгөн жана Министрлер Кабинетинин жаңы түзүмү бекитилген.
 
Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы буйругу менен Өкмөттүн 2021-жылдын 10-мартындагы токтомуна Ведомстволор аралык эксперттик топтун (ВЭТ) курамын тактоо, ВЭТтин ишинин форматын тактоо жана ВЭТтин 2021-жылдын аягына чейинки Иш-планын аныктоо боюнча өзгөртүүлөр киргизилди.
 
Министрлер Кабинетинин буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кандидатураларды топтоого, мамлекеттик органдар менен макулдашуу процедурасын өткөрүүгө жана буйрукту чыгарууга бир топ убакыт кетээрин айта кетүү зарыл.
 
Мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген жумушчу топчолордун жаңы курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 18-июнундагы буйругу менен бекитилген. Ушул эле буйрук менен топчолорго мыйзамдардын бөлүштүрүлүшү бекитилген.
 
Топчонун ар бир мүчөсү тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан анын ишинин чөйрөсүнө жана компетенциясына жараша сунушталган. Ал эми топчонун көз каранды эмес мүчөлөрү жеке демилгелери боюнча көрсөтүлүшкөн.
 
Жарандык коомдун өкүлдөрү жана кызыкдар жарандар тарабынан айтылган сын-пикирлер жана сунуштар эске алынгандыгын маалымдайбыз. Бул сунуштарга жооптор кызыкдар тараптарга белгиленген тартипте берилген.

 

Ошондой эле, ведомстволор аралык эксперттик топтун (ВЭТ) биринчи жыйналышынын жыйынтыгы менен ВЭТтин Ишинин регламентине ВЭТтин мүчөлөрүнөн сунуштар берилген (“Адилет” укуктук клиникасы” КФ, “Интернет саясаттын жарандык демилгеси” КФ), ал сунуштарда ВЭТтин ишин деталдаштыруу жана конкреттештирүү айтылган. Ал сунуштар эске алынды. Мисалы, ВЭТтин 2021-жылдын 6-июлунда болуучу жыйналышында ВЭТтин толуктап иштелип чыккан Регалментин жактыруу сунушталууда.
Мамлекеттик түзүлүштүн негиздери жана эл аралык мамиле чөйрөсүндөгү эксперттик топтун мамлекеттик түзүлүш боюнча топчосунун экинчи жыйналышында мыйзамдарга анализ жасоонун иш процесстери жана мөөнөттөрү талкууланды. Топчонун натыйжалуу иштеши үчүн топчонун мүчөлөрүнүн мини-топчолорго жаңыланган бөлүштүрүлүшү презентацияланды; мамлекеттик органдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрүнүн сунуштары угулду.

  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн инвентаризация процессинин ачыктыгын камсыз кылуу маанилүү, анткени бул иш адамдардын саны чектелбеген чөйрөлөрүнө таасирин тийгизет.

  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги сунуштар жана сын-пикирлер үчүн ачык, аны мамлекеттик органдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрүнүн биргелешкен чогулуштары тастыктайт.

  Ведомстволор аралык эксперттик топтун жана жумушчу топчолордун бүткүл иш-аракеттери дагы коомчулукка ачык жана жеткиликтүү болуп, жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылат.

  Юстиция министрлигинин сайтынын негизги бетинде - minjust.gov.kg – “Мыйзамдарды масштабдуу инвентаризациялоо” баннери бар, анда мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча бардык материалдар жайгаштырылган. Бул бөлүм жаңы документтер менен дайым толукталып турат.

 

 

Мөөрү

2021.07.06 09:47:58
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы