Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮ“Коом талкуу системасына катышуучулардын өз ара байланышта иштөөсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу” деген темада тегерек үстөл болуп өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын юридикалык клиникалары ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен кызматташтыкта уюштурулду.
Тегерек үстөлдүн негизги максаты - кабыл алынуучу мыйзам долбоорлорунун сапатын жакшыртуу боюнча маалымат алмашуу жана аларды талкуулоо процессине жарандарды тартуу болду.
Тегерек үстөлдү КР Юстиция министрлигинин Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоо бөлүмүнүн начальниги Сайра Ызакова “Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы – аны түзүүнүн шарттары, укуктук негизи, иштин натыйжалары” деген темадагы перезентация менен ачты. Ал өзүнүн сөзүндө Порталдын жылдын жыйынтыгындагы натыйжалары жөнүндө жана мыйзам долбоорлорунун демилгечилери туш болуп жаткан татаалдыктар тууралуу айтып берди. «Биз бул порталды мамлекеттик органдардан кандай демилгелер болуп жатканын элибиз көрүп турушу үчүн жана жарандарга бул демилгелерге өз мамилесин билдирүү, кабыл алынуучу мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоо стадиясында өз пикирин, позициясын билдирүүгө мүмкүнчүлүк бериш үчүн түздүк», - деп белгиледи, Сайра Ызакова.
Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө айтылган негизги көйгөйлөрдүн бири – мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда жана кабыл алууда айрым мамлекеттик органдардын аларды коомдук талкуулоо стадиясын этибар албагандыгы, ошондой эле калк арасында мамлекеттик орган үчүн комментарийде өз пикирин кантип туура билдирүү керектиги боюнча билимдин жоктугу жөнүндө болду.
“Мамлекеттик органдар жарандарга маалымат берүү жана алар менен кызматташуу үчүн онлайн платформаларды түзө башташты. Азыр биздин алдыбызда дагы бир милдет турат – бул жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуу, аларга маалымат алып эле тим болбостон, өз оюн да айта ала турган мына ушундай сайттар бар экенин калкка маалымдоо. Мыйзамдар эл үчүн, жашообузду жакшыртуу үчүн кабыл алынып жатканын түшүндүрүү керек. Азыр Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясы “Эл үчүн жеткиликтүү мыйзамдар” долбоорунун алкагында ченемдик укуктук актыларды анализдөө жана экспертизалоо боюнча акысыз онлайн-окутуу жүргүзүп жатат. Бул курста жарандарды ченем жаратуу техникасына жана ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын туура пайдаланууга окутабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 300дөн ашык жаран окутулду, курстун бүтүрүүчүлөрү кабыл алынуучу мыйзам долбоорлоруна анализ жасашат жана демилгечилер үчүн өздөрүнүн комментарийлерин калтырышат. Башкача айтканда, биз жарандарга бул ишти кандайча туура жасашты үйрөтүп жатабыз,” - деди Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясынын президенти Артур Бакиров.
Пикирлер ар түрдүү болгонуна карабастан, бардык катышуучулар Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы зарыл жана ал жарандык коомдун уюмдарына да, ЖМК өкүлдөрүнө да кабыл алынуучу мыйзам долбоорлору жөнүндө өз убагында маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт деген пикирге келишти.
Талкууга КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, КР Юстиция министрлигинин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Финансы министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Айыл, суу чарба жана региондорду
өнүктүрүү министрлигинин, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, КР Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, жарандык коомдун уюмдарынын, юристтер жамаатынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Талкуунун аягында эксперттер мамлекеттик органдар менен жарандардын өз ара байланышта иштешүүсүн жакшыртуу, ошондой эле мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоо процессине жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча өз сунуштарын беришти.
Бул иш-чара USAID’дин “Жигердуу жарандар” долбоорунун алкагында “Эл үчүн жеткиликтүү мыйзамдар” демилгесин ишке ашырууда Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясы тарабынан өткөрүлдү.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо