Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮ2021-жылдын 6-декабрынан 16-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору тарабынан калкка акысыз консультациялык-юридикалык жардам көрсөтүү боюнча декада өткөрүлдү.
Декаданын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 6579 жаранга (адамга) бекер юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүлдү.
Анын ичинен:
- Бишкек ш.-693;
- Чүй облусу -487;
- Ош ш. жана Ош облусу -2351;
- Жалал-Абад облусу -1266;
- Талас облусу -640;
- Ысык-Көл облусу-403;
- Нарын облусу -492;
- Баткен облусу -247.
Эркектер - 3123
Айымдар – 3456
Анын ичинде курагы боюнча:
< 20 - 256
20-35 - 1944
36-60 - 3179
60+ - 1200
Анын ичинде социалдык статусу боюнча:
Калктын актуалдуу маселелери негизинен мурастарды алуу жана тариздөө, жер маселеси, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө менчик укугу, юридикалык жакты каттоо, ошондой эле үй-бүлө жана эмгек мыйзамдары, жөлөкпулдарды жана пенсияларды алуу жана каттоо маселелерине байланыштуу болду.
Декаданын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 32 адам акысыз юридикалык кеңеш алышты. Декаданын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунда 1 адамга, Бишкек шаарында 2 адамга квалификациялуу жардам көрсөтүлдү.
Бул адамдар келтирилген зыяндын ордун толтуруу, жер маселеси (үлүштөрдү бөлүштүрүү, жер участогуна документтерди тариздөө, талаштуу маселелер), мүлк (тартуу, каттоо), жөлөкпул алуу, кылмыш жана үй-бүлөлүк маселелер боюнча кайрылган.
Декаданын алкагында акысыз юридикалык консультациялык-укуктук жардамды МКЮЖ системасынын адвокаттары, МКЮЖ КБ координаторлору, Акысыз консультациялык-юридикалык жардам көрсөтүү борборлору (АЮЖБ), Юстиция министрлигинин жетекчилери (министрдин орун басарлары), юстициянын аймактык башкармалыктары, анын ичинде мамлекеттик нотариалдык конторалар, ошондой эле МКЮЖ КБ координациялык кеңешинин мүчөлөрү жана МКЮЖ улуттук тармагынын мүчөлөр ЖОЖдордунюридикалык клиникалары менен бирдикте көрсөтүштү.
Калкка акысыз юридикалык консультациялык-юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар аймактарда жайгашкан бардык 34 акысыз юридикалык жардам борборлорунда өткөрүлдү. Ошондой эле, жарандар төмөнкү жерлерде юридикалык жардам алышты:
- Бишкек ш., Калкты тейлөө борбору, Жибек-Жолу, 381, 1-кабат;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Ош, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат шш. борбордук базарлары;
- Жалал-Абад шаарынын борбордук базары;
- Базар-Коргон айылынын мамлекеттик администрациясы, Бекмамат Осмонов көчөсү, 126, 1-кабат.
- Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгынын имаратында;
- Ысык-Көл облусунун Облустук администрациясынын имаратында;
- “Ысык-Көл облустук медиа борбор” мекемесинде;
- Нарын облусунун жана Талас облусунун юстиция башкармалыктарында.
Ошондой эле декаданын алкагында Юстиция министринин орун басарларынын Чүй облусунун Акысыз юридикалык жардам борборлоруна (Кара-Балта, Кант, Токмок, Сокулук, Кемин) көчмө иш-чаралары болуп, юстиция органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү калкка юридикалык жардам көрсөтүштү.
Декаданын негизги максаттарынын бири укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу болгондуктан, ар кандай акциялар (студеттердин ЖОЖдор аралык оюндары, КР мыйзамдарын билүү боюнча викториналар) өткөрүлдү.
Мисалы, 7-декабрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында юридикалык институттун студенттери үчүн ачык эшиктер күнү болуп өттү, анын жүрүшүндө угуучулар МКЮЖ КБ системасы менен таанышты. Ошондой эле, «Маанилмаек» телерадиокомпаниясында МКЮЖ КБ координаторлорунун жана адвокаттарынын катышуусунда МКЮЖ КБ системасы тууралуу түз эфир болуп өттү.
- 8-декабрда облустук администрациянын кызматкерлерине, микрокредиттик агенттиктин кызматкерлерине, координаторлор МКЮЖ КБ системасы жана мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу боюнча айтып беришти.
- 9-декабрда Каракол шаарында Юридикалык институттун студенттери үчүн МКЮЖ КБ системасы боюнча лекция окулуп, маалыматтык буклеттер таратылды.
Ушундай эле жолугушуулар республиканын бардык аймактарында өттү.
Мындан тышкары, масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясынын жүрүшүндө республиканын жети ири университетинде лекциялар окулуп, массалык маалымат каражаттарында баяндамалар жана түз уктуруулар өткөрүлдү, атап айтканда: «Ош ТВ», «Жалал-Абад телерадиокомпаниясы», «Баткен ТВ», «Нарын ТВ» «Акипресс Социалдык Тармактарда» «Турмуш Ысык-Көл», “Ысык-Көл облустук медиа борбору”, «Маанилуу маек», «ЭлТР» «Биринчи радио», «СТВ», «24 АЛА-ТОО», «5 канал», ошондой эле Instagram, YouTube, Facebook социалдык тармактарында болду.
Декаданын алкагында МКЮЖ КБ айрым өкмөттүк эмес уюмдар – МКЮЖ субъекттери менен бирдикте ЖОЖдор аралык викторина-оюндарды өткөрдү, ага ар кайсы аймактардан он жождун командасы катышты, ошондой эле ар кандай акциялар, Студенттер, мектеп окуучулары, мугалимдер менен жолугушуулар, актуалдуу маселелер боюнча калктын укуктук сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүүчү мыйзамдарды билүү боюнча викториналар жана башка акциялар өткөрүлдү.
Ошону менен бирге, белгилей кетсек, он күндүктө жарандарга жарандык жана кылмыш иштери боюнча жардамдар көрсөтүлдү.
Видео көрүңүз:
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо