Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮЮстиция министрлигинде ведомствонун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын, ошондой эле үстүбүздөгү жылдагы пландарын талкуулаган коллегия болуп өттү.
Жыйындын ишине министр жана юстиция министринин орун басарлары, ведомстволук бөлүнүштөрдүн жетекчилери, КР Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, ошондой эле Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары онлайн форматта катышышты.
Коллегияда ар кыл багыттагы аткарылган иштер боюнча отчеттор берилип, көйгөйлүү маселелер талкууланып, үстүбүздөгү жылдын пландары бекитилди.
Алсак, Юстиция министрлигинин колдоосу астында мамлекеттик функцияларды жеке секторго аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган демилге иштелип чыккан. Эми буга чейин мамлекеттик органдар гана көрсөткөн бир катар мамлекеттик кызматтар жеке уюмдарга да жеткиликтүү болот.
Бардык нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга мамлекеттик монополияны алып салуу ачык мисал болду. Эми жеке нотариустар мамлекеттик нотариустар сыяктуу эле нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзө алышат, бул ушул бул жааттагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, алар жеке соттук экспертизаны колдонууну кеңейтүүгө багытталган. Бул кадам сот процесстеринин сапатын жакшыртууга жана сот тутумуна болгон ишенимди жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жыйында министрликтин санариптештирүү тармагындагы реформалары жана жетишкендиктери тууралуу да маалымат берилди.
«Санариптик Юстиция Министрлиги» демилгесинин алкагында Кыргызстандын бардык мыйзамдары жана башка ченемдик-укуктук актылары топтолгон Укуктук маалыматтардын жаңы базасы (СМБ) түзүлдү. Бул бардык кызыкдар тараптар үчүн актуалдуу жана ишенимдүү маалыматка оңой жетүүнү камсыз кылган укуктук системаны санариптештирүүгө карай маанилүү кадам.
Ошондой эле, АМТ адвокаттардын мамлекеттик реестри, Электрондук нотариат 2 жана АМТ архивдик документтердин базасы сыяктуу автоматташтырылган маалыматтык системалар ийгиликтүү ишке киргизилди. Нотариалдык архивдерди жана юридикалык жактарды каттоо архивдерин санариптештирүү боюнча иштер улантылууда.
Жакынкы келечекте практикада колдонула турган электрондук байкоо жана онлайн сотторду киргизүү маанилүү кадам болду.
Алсак, жазык процессине электрондук билериктерди киргизүү сот өндүрүшүнүн ар кандай аспектилерин санариптештирүүгө жана оптималдаштырууга, анын ичинде камакка алынган адамдардын санын кыскартууга (анча оор эмес жана зомбулуксуз иштерди кошкондо), сот актаганда мыйзамсыз кармоонун кесепеттерин минималдаштырууга, ошондой эле инфраструктурага оорчулукту азайтууга багытталган.
Сот отурумдары үчүн видеоконференц-байланышты ишке ашырууга келсек, ал айыпталуучуларга жагдайга карабастан сот процесстерине катышуу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул ошондой эле кылмыш иштерин кароо мөөнөтүн кыскартат, сот процесстеринин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылат жана процесстик чыгымдарды азайтат.
Министрлик 2023-жылга Планда каралган бир катар инфраструктуралык долбоорлорду да ишке ашырууну ийгиликтүү аяктады.
Жүргүзүлгөн иштердин алкагында Бишкек шаарындагы №53 түзөтүү мекемеси, ЖАК кызматкерлери үчүн бала бакча жана Юстиция үйү пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, аймактардагы нотариалдык кеңселер үчүн 6 административдик имараттын курулушу аяктады.
Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылы Нарын, Талас, Каракол, Жалал-Абад, Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусунун Кочкор айылында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу алты жаңы Юстиция үйүнүн курулушуна капиталдык салымдар пландаштырылууда.
Мындан тышкары, эски авариялык имараттын ордуна Ош шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча Ош юстиция башкармалыгынын жаңы имаратын куруу долбоору даяр.
Ченем жаратуу ишмердигинде 2023-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен Министрлик 4677 экспертиза жүргүзүп, 32 Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыккан, ошондой эле Конституциялык сотко 28 позицияны сунуштаган, бул экспертизанын жогорку деңгээлин жана өлкөдөгү конституциялуулукту жана мыйзамдуулукту коргоого даярдыгын көрсөткөн.
Юстиция министрлиги Эл аралык аренада активдүү ишмердүүлүгүн улантууда. Отчеттук мезгилде эл аралык келишимдердин долбоорлоруна 400 экспертиза жүргүзүлгөн, бул мамлекеттер аралык кызматташтык жана маанилүү эл аралык документтерди кабыл алуу чөйрөсүндөгү активдүүлүктү баса белгилейт.
Коллегиянын жыйынтыгы боюнча юстиция министри А. Баетов реформаны аягына чейин жеткиргендиги үчүн жамаатка ыраазычылык билдирип, 2024-жылга иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, биринчи кезектеги милдеттерди койду.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо