Акыркы жылдары, маалымат башкы стратегиялык ресурс катары эсептелип калды, жана ага өз убагында жетүү мамлекеттин турмушунун кайсы болбосун чөйрөлөрүндө керек. Анын себеби, биз азыр маалыматтык коомдо жашайбыз, мындай коомдо маалыматтык ресурстарга жетүү аныктоочу жана маанилүү болуп калды.
Так ушул себептен, ошондой эле теманын актуалдыгын эске алуу менен, биз бүгүн маалыматка жетүү маселелери жөнүндө талкулоо жүргүзүп жана мамлекеттик башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуусунун негизги аспекттери тууралу айтып берели деп тилектебиз.
Биринчи кезекте белгилей кетчү нерсе, маалыматка жетүүнү камсыздаган укуктук системасынын негизинде, 2010-жылдын 27-июнунда референдумда (бүткүл элдик добуш берүүсүндө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы турат.
Анткени, так ушул Конституцияда, адамдардын укуктары жана эркиндиктери жөнүндөгү главасында бардыгына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берген жобосу чагылдырылган.
Ал менен кошо, Конституцияда адам жана жарандын башка төмөнкүдөй маалыматтык укуктары бекитилген:
- кат-кабар алышууга, телефондук жана башка сүйлөшүүлөргө, почта, телеграфтык, электрондук дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктары;
- өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктары;
- маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укуктары;
- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктары.
Ошентип, эң бийик мыйзамдык деңгээлинде маалыматка жетүүнүн укуктарын бекитүүсү менен, маалыматка кепилдеген жана жеңил жетүүнүн камсыздоосу мамлекеттин милдеттеринин манилүүлөрдүн бири болуп белгиленген.
Биз маалыматка жетүү маселелеринин кээбир аспекттеринде гана токтойбуз жана көрсөтүлгөн мамилелерди жөнгө салуучу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамынын негизги жоболорун гана тийип өтөбүз, анткени бул тема абдан чоң жана көп пландуу.
Айтылган теманы ачуу үчүн, биз аны 5 блокко бөлдүк, аларда биздин сайтка кирүүчүлөрдү кызыктырган суроолорго жооп бергенге аракет кылабыз.
1. Кайсы мекемелер маалыматтарга жетүү жөнүндө Мыйзамынын колдонуу чөйрөсүнө түшөт.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы менен анын жоболоруна ылайык маалыматтарды берүү боюнча милдеттер бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жүктөлгөндүгү белгиленет.
Бул себептен, көрсөтүлгөн Мыйзамда «мамлекеттик органдар» жана «жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдар» деген түшүнүктөрү ачылат, алар төмөндөкүдөй жарыялынат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, туруктуу негизде уюшулган, мыйзам чыгаруу, аткаруу же соттук мамлекеттик бийликтердин иш милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген, ошондой эле толугу менен республикалык бюджеттен каржыланган, милдеттүү түрдө аткарылуучу чечимдерди кабыл алууну жана аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылган уюмдар, ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын ишмилдеттерин же ишмилдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу аймактык бирдик же түзүмдүк бирдик мамлекеттик органдар катары таанылат.
- өкүлчүлүктүү, аткаруучу-тескөөчү жана башка жергиликтүү маанидеги иштерди чечүү үчүн жергиликтүү жамааттар тарабынан түзүлгөн органдар, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишмилдеттерин же иш милдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу аймактык бөлүм же түзүмдүк бирдик жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары катары таанылат.
Мыйзамда көрсөтүлгөн аз маанилүү эмес нерсе, «Мамлекеттик орган» жана «жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы» терминдери ар кандай мекемени, анын толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган аймактык бөлүмчөсүн же түзүмдүк бирдигин жана мамлекеттик бийликти же жергиликтүү өзалдынча башкаруунун ишмилдеттерин аткаруу менен байланышпаган саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелерин, маалыматтык, статистикалык, консультациялык, кредит берүү боюнча мекемелери да камтылат.
2. Маалымат тууралу суроо-талап жөнөтүүнүн кайсы формалары Мыйзам менен каралган.
Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 7-статьясына ылайык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына маалымат тууралу суроо-талаптар төмөнкү формада жөнөтүлүшү мүмкүн:
- оозеки тикелей же телефон аркылуу кайрылуу;
- тикелей берүү, почта, чабарман менен же электрондук байланыш каналдары аркылуу берилген жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар.
Ошону менен, белгилей кетчүү нерсе, суроо-талапка жооп ошол суроо-талап жөнөтүлгөн формада жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган документ бир нече тилде болгон учурда, ал документ маалымат сураган адам кайрылган тилде берилүүгө тийиш.
3. Маалымат тууралу жазуу жүзүндөгү суроо-талаптардын жөнөтүүсүнүн жана кароосунун тартиби кандай.
Албетте, жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары эң көп таралган жана колдонуучу маалымат тууралу суроо-талаптары болуп эсептелет.
Биринчи кезекте, жарандарга жазуу жүзүндөгү суроо-талапта милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлгөндүгүн билиш керек:
а) суроо-талапты алуучу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын аталышы жана (же) анын кызмат адамынын фамилиясы;
б) жарандар үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери (почта дареги); юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) үчүн - юридикалык жактын (анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн) толук аталышы, башкаруу органынын жайгашкан жери (почта дареги), юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат, жазуу жүзүндөгү суроо-талапка кол койгон адамдын фамилиясы жана кызматы;
в) суроо-талаптын кандай маалымат берилиши керек экени жөнүндө так ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берүүчү предмети.
Маалымат берүү жөнүндө суроо-талап жаран тарабынан почта, чабарман, электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүлүшү же мамлекеттик органга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына өзү тикелей бериши мүмкүн.
Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарга жооп даярдоо эки жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Эгерде эки жумалык мөөнөттө суроо-талапка жооп даярдоо мүмкүн болбосо, кийинкиге жылдыруунун себебин көрсөтүү менен бул тууралу суроо-талап жиберген адамга билдирилет. Кийинкиге калтыруу эки жумалык мөөнөттөн ашпоосу тийиш.
Суроо-талапка ушул статьяда белгиленген мөөнөттө жооп бербөө же жооптун мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарландырбоо суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат.
Жооптуу адамдын маалымат берүүдөн баш тартуусуна, ошондой эле жооптуу адамдын ушул Мыйзамдын талаптарын бузган башка аракеттерине жана чечимдерине, маалыматты сураган адамдын тандоосу боюнча, жогору кызмат адамына, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанууга болот.
4. Жетүүгө чектөө коюлган маалыматтар барбы.
Белгилей кетчүү нерсе, айтылган Мыйзамдын 5-статьясына ылайык жетүүгө чектөө коюлган маалыматтар бар, алар катары мамлекеттик жашыруун сырга киргизилген маалыматтар, ошондой эле купуя маалыматтар таанылат.
Маалыматтарды мамлекеттик жашыруун сырларга кошуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырлар жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматтык сырларын камтыган, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган башка адамдардын мыйзам менен корголуучу жашыруун сырларын камтыган маалыматтар купуя маалымат катары таанылат.
5. Дагы кайсы маалымат берүү ыкмаларлары менен мамлекеттик башкаруу органдары колдонууга зарыл.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамынын 6-статьясы менен төмөнкүдөй негизги маалымат берүү ыкмаларлары каралган:
1) тийиштүү материалдарды жарыялоо жана таратуу;
2) жеке жана юридикалык жактарга алардын суроо-талаптарынын негизинде маалыматтарды берүү;
3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын документтерине жана материалдарына тикелей жетүүнү камсыз кылуу;
5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына тикелей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
Мындан тышкары,
мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өз иши жөнүндө калкты кабардар кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай ыкмаларды да колдонууга укуктуу.
Белгилей кетчүү нерсе, тилеке каршы, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын бардыгы эле өзүнүн ишмердигинде жогоруда саналган маалымат берүү ыкмаларлары менен колдоно бербейт, көп учурларда жарандык коомго маалымат берүүсү суроо-талаптардын негизинде гана берилет.
Бирок, көрсөтүлгөн Мыйзам менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өз иши жөнүндө маалыматтарга жетүүнүн ыкмаларынын бирин камсыз кылуусу башка ар кандай мыйзамдуу ыкма аркылуу маалымат берүүдөн баш тартууга негиз боло албагандыгы каралат.
Мөөрү
2012.12.13 10:24:10