Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮ2015-жылдын 21-май күнү юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлгөн, “Министр байланышта” акциясына катышты. Юстиция министрлигинин башчысынын жарандык коомдун жана ЖМКнын өкүлдөрү менен болгон жолугушууларынын графиги жетишээрлик тыгыз болду. Акция “Күндүн темасы” программасынын түз эфиринде катышуу менен “Биринчи радиосунда” башталды. Жылдыз Мамбеталиева 2014-жылга министрликтин ишинин жыйынтыгы тууралуу, ошондой эле келерки жылдагы пландар жана милдеттер жөнүндө айтып берди. Радио угуучулардан суроолор өлкөнүн бардык региондорунан түшүп жатты. Бир саат аралыгында министр 20дан ашык суроого жооп берди. Жарандар юстиция министрлигинин ишмердүүлүгүнө жана өлкөдөгү кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорлорунун сапатына кызыкдар болушту. Телефон чалгандар түшүндүрмө берүүлөрдү сураган эӊ эле актуалдуу темалар сот реформасына, балдарга ырайымсыз мамиле кылуу үчүн жазаны катаалдатууга, укуктук пропаганда, алдыдагы парламенттик шайлоолорго, адвокаттарды лицензиялоо жана алардын жоопкерчилигине, ошондой эле мамлекеттик нотариустардын ишиндеги коррупциялык факттарга тиешелүү болду. Юстиция министрлигинин башчысы бардык радио угуучуларга, нотариустардын иш-аракеттерине даттануу түшкөн учурда, тартипке чакыруу жаза чараларын колдонуу менен, кызматтык териштирүүлөр өткөрүлөөрүн эскертти. Дароо түз эфирден кийин Жылдыз Мамбеталиева бардык ЖМКнын өкүлдөрү чакырылган, “Кабар” маалымат агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрдү. Жолугушуунун башталышында юстиция министри министрликтин иши боюнча маалымат берди. “Юстиция министрлигинин пландары жана милдеттери туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясы менен дал келүүдө. Азыр юстиция министрлиги биздин ишибизге калктын ишеним индексин көтөрүүнүн үстүнөн күчөтүлгөн түрдө иштеп жатат. Даттануулар негизинен адвокаттардын жана нотариустардын иш-аракетине келип түшөт. Биз бардык арыздарды өз убагында жана толук кароого аракет кылуудабыз! Мындан тышкары, өткөн жылы он беш миңден ашык адам юстиция башкармалыктарынын облустук борборлорунда акысыз юридикалык жардам алышты”, - деп белгиледи министр. Басма сөз кызматынын арасындагы актуалдуу тема, Кыргызстандын Евразиялык Экономикалык союзга кошулуусу алкагындагы мыйзамдар, атап айтканда мыйзам долбоорлор жана макулдашуулар боюнча көйгөйлөрдүн бар-жоктугу жөнүндө маселе болду. “Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү боюнча сүйлөшүү процесси узакка талкууланды. Ымалага жетишүү үчүн аз эмес жолугушуулар жана отурумдар өткөрүлдү. Акыркы протоколдорду Президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 8-майында кол койду. Албетте, мыйзамдардын үстүнөн иштөө дагы алдыда, анткени альянстын алкагында ал бардык катышуучу өлкөлөр үчүн бирдей болот. Бирок, укук талаасында Кыргызстан үчүн оор көйгөйлөр жок!” – деп белгиледи Жылдыз Мамбеталиева. Андан ары юстиция министри “Тыянак” маалымат агенттигинин аналитикалык программасынын жазуусуна катышты, НБТ телеканалынын “Күндүн темасы” рубрикасынын түз эфирине чыгып сүйлөдү жана “Азаттык” радиосунун студиясынын коногу болду. Көз карандысыз радионун журналисттери менен болгон маектешүүдө Жылдыз Мамбеталиева өлкөнүн мыйзамдарынын сапатын жана алардын аткарылышын, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары демилгелеген, “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам долбоорун, “Бачабаздыкка каршы” мыйзамын жана алдыдагы парламенттик шайлоолорду талкуулады. “2010-жылы партияларды массалык каттоо болгон. Азыр мындай байкалбайт. Өткөн жылы биз 6 саясий бирикмени каттаганбыз, бул жылы экини гана каттадык. Кыргызстанда бардыгы 200 саясий партия бар. Бирок анын ичинен канчасы реалдуу иштээрин айтуу кыйын, анткени алар өзүлөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө юстиция министрлигин маалымдоого милдеттүү эмес. Бирок шайлоолор жөнүндө ченемдер бар, ага ылайык шайлоого чейин 5 күн калганда биз шайлоого катышууга укугу бар партиялардын тизмесин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайбыз”, - деп билдирди Жылдыз Мамбеталиева. “Азаттык радиосунда интервьюдан кийин, юстиция министри “Эркин-Тоо” гезитинде түз телефон линиясын өткөрдү. Бир саат ичинде “Түз байланыш” номуруна 20га жакын суроо келип түшкөн, негизинен жарандар, тигил же бул юридикалык маселелер боюнча кеңеш алышты. “Министр байланышта” акциясы “ЭлТР” теле компаниясынын “Күн маек” программасына катышуу менен аяктады. Жарым сааттык маектин аягында Жылдыз Мамбеталиева иш күнүнүн жыйынтыгын чыгарды: “Министр байланышта” акциясы” калктын укуктук сабаттуулугун жакшыртуу боюнча биздин министрликтин ишинин маанилүү багыты менен түздөн-түз байланышкандыгы менен жакшы. Бирок чынында бул орчундуу маселе, анткени биздин жарандар, колдонууга аларга мүмкүн болгон биздин өлкөдө колдонулган мыйзамдар жөнүндө жетишсиз кабардар болушкан. Ушуга байланыштуу биз, жакынкы үч жылга укуктук агартуу жана укуктук маданиятты көтөрүү боюнча Стратегиянын долбоорун иштеп жатабыз!”. Министр, азыркы мезгилде бардык аймактык бөлүмдөр жарандарды кабыл алуу убагында укуктук пропаганданы жүргүзүп жаткандыгын, ошондой эле ЖМКда чыгып сүйлөп жатышкандыктарын билдирди. Эл аралык уюмдардын финансылык колдоосунун аркасы менен бул тематикага телекөрсөтүүлөрдө бир катар берүүлөр өткөрүлүп жатат. “Укуктук пропаганда” – бул укукту жөн гана түшүндүрүп коюуга караганда, алда канча кенен түшүнүк. Аны кандайдыр–бир окутуу программасы түрүндө киргизип, укуктук маданиятка мектеп партасынан баштап тарбиялоо керек!”, - деп жыйынтыктады министр. Жылдыз Мамбеталиева, жакынкы мезгилде анын түштүк регионуна жумушчу сапары болоорун билдирди, анын убагында калк менен, өзгөчө юридикалык учурлардын көйгөйлүү маселелери боюнча түшүндүрүүгө муктаж болгондор менен жолугушуулар пландалган.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо