Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮБүгүн 2015-жылдын 22-июлунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2015-2018-жылдарга эсептелинген Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү Стратегиясынын долбоорунун бет ачарын жасады. Документ мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, жарандык коомдун талкуусуна чыгарылган. Стратегиянын долбоору 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук Стратегиясына ылайык иштелип чыккан. Аны иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, бул жумушчу топко укук маселелери боюнча эксперттер, министрликтердин жана ведомстволордун, Акыйкатчынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери кирген. Бет чардын катышуучулары менен саламдашып жатып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Кыргызстанда укуктук маданияттын азыркы абалын талдоо көрсөткөндөй жарандардын өзүнүн укуктарын билбестиги, мыйзам менен бекитилген тартипте аларды коргоону жана ишке ашырууну билбегендиги менен мүнөздөлөт деп белгиледи. “Бул көйгөйдү өз убагында жөнгө салбоонун кесепети мыйзамдардын жана мыйзам алдындагы актылардын билип туруп жана түздөн-түз бузулушуна, ошондой эле коомдо инсандын бейукук жүрүм-турумун актап турган укукка каршы ченемдердин жайылуусуна шарт түзөт. Ушул жана башка себептер тиешелүү мамлекеттик документти кабыл алууну талап кылат, ушуга байланыштуу Юстиция министрлиги тарабынан жакынкы үч жылга калктын укуктук маданиятын көтөрүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө маселе демилгеленген. Стратегиянын долбоору укук маданиятынын маселелери боюнча бардык мамлекеттик органдардын тутумдук мамилесин камсыздаган биринчи максаттуу документ болуп саналат. Стратегиянын долбоорунун негизги максаты инсандын укук ченемдүү жүрүм-турумун жана мыйзамга баш ийген жаранды калыптандыруу саналат!” – деп белгиледи Юстиция министри. Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы өзүнө төмөнкүдөй маселелерди камтыйт: күнүмдүк турмуштагы жүрүм-турум эрежелеринин негизин калыптандыруу; эркинен ажыратуу жайларында жаткан адамдарга укуктук тарбия берүү программасын өркүндөтүү; калктын өзгөчө топторуна укуктук тарбия берүү программасын өркүндөтүү (интернаттардын балдар үйлөрүнүн тарбялануучуларын); укуктук тарбия берүү практикасынын усулдук камсыздалышын жакшыртуу; жарандардын укуктук маданиятын ЖМК жана мамлекеттик органдар аркылуу көтөрүү; адам укуктарын сактоо маданиятын жылдыруу. “Биздин пикирибиз боюнча укуктук тарбия берүүнү бала бакчадан, мектептин биринчи классынан баштоо керек. Жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулар үчүн укуктук маалыматты алуунун эски ченемдерин алмаштыруу, балдарды укуктук тарбиялоонун усулун өркүндөтүү зарыл. Бүгүнкү күндө адамдын жана жарандын, өзгөчө жаш муундун арасында патриоттуулук, мыйзамды сыйлай билүү, адам ар-намысынын сезими, башка жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сыйлоо сыяктуу сапаттарды калыптандырууга багытталышы керек болгон активдүү укуктук билим берүүгө объекктивдүү муктаждык пайда болду. Укук түшүндүрүү иштери олуттуу теоретикалык базага таянуусу зарыл, укуктук маданият жана укуктук тарбия берүүнү калыптандыруунун актуалдуу көйгөйлөрү боюнча максаттуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, окуу жайларында укуктук сабактардын мугалимдеринин квалификациясын көтөрүүнү жана аларды дайыма даярдап турууну жүзөгө ашыруу керек” – деди Министр Жылдыз Мамбеталиева. Стратегиянын долбоорун аны иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү, стратегиялык пландоо боюнча эксперт Бактыгулов Шерадил ачып берди. Андан соӊ иш-чаранын катышуучулары документтин негизги жоболорун талкуулоого активдүү катышышты, бул стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өркүндөтүү боюнча өзүлөрүнүн эскертүүлөрүн жана сунуштоолорун айтышты. Калктын укуктук маданиятын көтөрүү стратегиясынын акыркы варианты коомчулук менен киргизген сунуштамаларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жана бекитүүгө киргизилет.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо