Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮБүгүн 2015-жылдын 29-сентябрында Бишкекте КМШга катышуучу-мамлекеттердин юстиция министрлеринин кеӊешинин онунчу отуруму аяктады. Ага Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева, Россия Федерациясынын юстиция министри Александр Коновалов, Тажикстан Республикасынын юстиция министри Рустам Шахмурод, Армения Республикасынын юстиция министринин орун басары Виген Кочарян жана Белорус Республикасынын юстиция министринин орун басары Сергей Задиран катышышты. Жолугушуунун катышуучулары менен саламдашып жатып министр Жылдыз Мамбеталиева баарынын ишине ийгиликтерди каалап, тараптар ортосунда конструктивдүү маек болооруна ишеним артаарын билдирди.
Күн тартибине беш маселе коюлган. Негизги маани көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин конвенциялары менен ылайык укуктук жардам көрсөтүүнүн талдоосуна, укуктук агартуудагы жана жарандардын укуктук маданиятын көтөрүүдөгү жана соттук чечимдерди аткаруу боюнча соттук приставдардын (сот аткаруучулардын) ишинин тажрыйбасын жалпылоо жана билүү боюнча иштерди өткөрүүгө бөлүнмөкчү.
Талкуулоонун жүрүшүндө КМШга катышуучу-мамлекеттердин юстиция министрлери, 1993-жылдын 22-январындагы жарандык үй-бүлөлүк жана кылмыш-жаза иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Минск Конвенциясын жана 2002-жылдын 7-октябрындагы жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш-жаза иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Кишинев Конвенциясын ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү маселелери тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу боюнча юстиция кеӊешинин жумушчу тобун түзүү жөнүндө чечим кабыл алышты.
“Күн тартибине чыгарылган маселелер биздин өлкөлөр үчүн абдан актуалдуу болуп саналат. Биз Минск жана Кишинев Конвенцияларын ишке ашырууда бир катар көйгөйлөр бар экендигин белгиледик, жана бул маселе менен иш алып бара турчу эксперттик топту түзүү чечимин кабыл алдык. Ошондой эле биз жарандардын укуктук маданиятын көтөрүүдөгү жана укуктук агартуудагы юстиция министрликтеринин ролун көтөрүү зарыл экендигин белгиледик” - деп билдирди Жылдыз Мамбеталиева.
КМШга катышуучу-мамлекеттердин юстиция министрликтеринин жетекчилигинин жолугушуусунун жыйынтыгы КМШга катышуучу-мамлекеттердин юстиция министрлеринин кеӊешинин онунчу отурумунун протоколуна кол коюу жана алтынчы Петербургдук эл аралык юридикалык форумдун алкагында, Санкт-Петербург шаарында 2016-жылы өтө турчу КМШга катышуучу-мамлекеттердин юстиция министрлеринин кеӊешинин он биринчи отурумунун күн тартибин бекитүү болду.
“Кийинки отурумдун күн тартибине бир топ маселелер чыгарылат. Бул укуктук реформанын жүрүшү, коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана КМШ органдары ортосундагы өз ара аракеттешүү. Ошондой эле бизди адвокатура жана нотариат ишинин маселелери да түйшөлтөт. Анткени ал биздин жарандарга, ишкерлерге тикелей тиешелүү, андыктан биздин өз ара аракеттешүүбүздүн оптимизациясын талап кылышы мүмкүн. Санкт-Петербург шаарындагы кийинки он биринчи отурум биздин министрликтердин ушундай эле конструктивдүү өз ара аракеттешүүсүнүн үлгүсү болооруна үмүттөнөм” – деп белгиледи Россия Федерациясынын юстиция министри Александр Коновалов.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо