Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2015-жыл үчүн ишинин жыйынтыктары чыгарылды жана 2016-жылга милдеттери аныкталды. Иштин жыйынтыгы боюнча коллегия, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын төрагалыгы алдында өттү.
Коллегиянын жүрүшүндө аткарган иши жөнүндөгү отчёттору менен министрликтин аймактык, ведомстволук жана түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн начальниктери чыгып сүйлөшүштү. 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш планынын аткарылышы жөнүндө, 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер, юстиция органдарына калктын ишеним индексинин коэффициентин көтөрүү боюнча, мамлекеттик бийликтин жана өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына жетүүсүн камсыздоо жана дагы бир катар башка маселелер жөнүндө маалыматтар угузулду. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоо иштеринин планы 35 мыйзам долбоорун иштеп чыгууну караган. Аны ишке ашырууга жооптуу аткаруучу болуп эсептелинген 16 мамлекеттик орган иш алып барган. Жыл жыйынтыгы боюнча бул пландын 5 пункту аткаруу мөөнөттөрүн бузуу менен ишке ашырылган, 13 пункт аткарылбаган бойдон калган. Ошентип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруу 61% түздү. Коллегияда мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын аткарылбагандыгы мамлекеттик органдардын арасында мыйзам чыгаруу ишин пландоо жана координациялоо боюнча иштин жетишсиздиги менен байланыштуу деп айтылган. Талдоо көрсөткөндөй, долбоорлорду планга кошууга демилгечи болуп эсептелинген, мамлекеттик органдар көп учурларда отчёттук мезгилдин аягында алардын ишке ашыруу мөөнөттөрүн жылдыруу же алып салуу керек деп чыгышып, же долбоорлорду иштеп чыгуу менен мөөнөттүн акыркы айында алектене башташат, бул көрүнүш демилгеленип жаткан долбоорлордун сапатына терс таасирин тийгизбей койбойт.
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу чөйрөсүндө 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 53 мыйзам долбоору иштелип чыккан; Өкмөттүн токтом долбоорлору – 75; Өкмөттүн буйругунун долбоорлору – 17; эл аралык келишимдердин долбоорлору – 1; өкүлдөнгөн ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагындагы буйруктардын долбоорлору – 6.
3993 мыйзам долбоорлоруна жана иштөөдөгү ЧУАга экспертиза өткөрүлгөн (укуктук, коррупцияга каршы, гендердик жана укук коргоочулук). Алардын арасынан Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдар – 173, мыйзам долбоорлору 738; Президенттин жарлыктарынын жана буйруктарынын долбоорлору - 66; Өкмөттүн токтомунун долбоорлору – 1701; Өкмөттүн буйруктарынын долбоорлору - 1073; өкүлдөнгөн ыйгарым укуктардын алкагындагы министрликтердин жана ведомстволордун буйруктарынын долбоорлору - 53; эл аралык келишимдердин долбоорлору – 189;
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча иш уланууда. Бардыгы реестрде 54 821 мамлекеттин ченемдик укуктук актылары бар, анын ичинде 8 395 ченемдик акт 2015-жылы киргизилген. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук сайтында иштеген Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына 8 643 ченемдик укуктук акт киргизилген. Азыркы мезгилде МББ өзүнө 79 801 ЧУА камтыйт. Өлкөбүздүн калкынын укуктук маалыматтарга жетүүсүн кеӊейтүү максатында министрлик тарабынан, кабыл алынган ченемдик укуктук актылар жөнүндө он-лайн режиминде акысыз, толук, жеткиликтүү маалыматты берүү үчүн шарттарды түзүп берген, “Кыргыз Республикасынын мыйзамдары” деген аталыштагы маалыматтардын борбордоштурулган банкына мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө бул тиркемени 5 миӊден ашуун интернет колдонуучулар жүктөп алышкан.
Республиканын жарандарынын укуктук сабаттуулугун көтөрүү боюнча иштин алкагында 2015-жылы “2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында калктын укуктук маданиятын көтөрүү Концепциясы” иштелип чыккан. Жыл ичинде үзгүлтүксүз негизде ведомствонун бардык бөлүнүштөрү менен жергиликтүү жана республикалык ММК аркылуу жарандар үчүн актуалдуу маселелер боюнча укук түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары жана юридикалык жактар үчүн семинарлар жана лекциялар өткөрүлгөн. Ошол эле мезгилде Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева, жергиликтүү тургундар менен түздөн-түз жолугушуу үчүн башкармалыктардын начальниктеринин айыл өкмөттөрүнө жумушчу сапарлары менен баруусу аркылуу юстиция органдарына калктын ишеним индексинин коэффициентин көтөрүү боюнча мындан да активдүү жана жемиштүү иштерди уюштуруу зарылдыгына коллегиянын катышуучуларынын көӊүлүн бөлдү. Ошондой эле Юстиция министрлигинин башчысы тарабынан, Кыргызстандын калкынын укуктук сабаттуулугун көтөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча (усулдук колдонмолорду, эскертмелерди иштеп чыгуу, расмий сайтка маалыматтарды жайгаштыруу), ошондой эле укуктук маалыматтарга жарандардын жетүүсүнүн (Кыргыз республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына) мониторингин жүзөгө ашыруу боюнча тапшырмалар берилген.
2015-жылы министрлик тарабынан адвокаттык иш жүргүзүү укугуна 230 лицензия берилген, адвокаттардын арызы боюнча 97 лицензия токтотулган. Отчёттук мезгилде адвокаттарга карата жарандардан 132 арыз келип түшкөн, 9 адвокатка эскертүү берилген.
“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын аткаруунун алкагында 5 085 жаранга юридикалык жардам көрсөтүлгөн, бул 2014-жылга салыштырмалуу 1 731 адамга көбүрөөк. Юстиция башкармалыктарынын алдындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун дарамети өсүүдө. 2015-жылы БУУӨП долбоорунун алкагында Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы тарабынан Бишкек ш. Октябрь районунун, Чүй облусунун Москва районунун, Ош облусунун Кара-Суу районунун жана Ош шаарынын мамлекеттик нотариалдык контораларынын имараттарында жумуш үчүн бардык зарыл болгон шарттар менен камсыздалган кошумча дагы 5 ушундай борборлор ачылган. Өткөн жылга салыштырмалуу акысыз консультация үчүн борборлорго кайрылгандардын саны 4 744 адамга көбөйгөн жана 19 934 адамды түзгөн, бул көрсөткүч аталган кызматтын талап кылынып жаткандыгы жөнүндө айтып турат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан эки квалификациялык экзамендердин жыйынтыктары боюнча жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна 33 лицензия берилген. 2015-жылы жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан экзамен алуу боюнча квалификациялык комиссиянын 11 отуруму болуп өткөн. Бардыгы комиссия менен 126 арыз каралган, анын жыйынтыктары боюнча 54 талапкер такшалтмадан өтүү үчүн нотариалдык контораларга жөнөтүлгөн, 18 талапкерге такшалтмадан өтүүдөн баш тартылган.
Республиканын нотариустары менен 2015-жылы бардыгы 1 млн. 339 миӊ. 456 нотариалдык аракеттер жүргүзүлгөн, мындан 159 млн. 452 миӊ. 308 сом суммасында мамлекеттик алым өндүрүлгөн (бул 2014-жылга караганда 165 351 аракетке аз, мамлекеттик алым 42 млн. 536 миӊ. 834 сомго азайып кеткен). Нотариалдык аракеттердин санынын азайышы буга жараша мамлекеттик алымдын суммасынын азайышы ГАИ органдарында ишеним катты каттоо жокко чыгарылгандыгына байланыштуу автотранспорт каражаттарын башкарууга ишеним каттарды алуунун азайышы менен түшүндүрүлөт деп Коллегияда белгиленген. Мындан тышкары кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн милдеттүү эместиги жөнүндөгү ченемди киргизүү жарандардын нотариалдык контораларга кайрылууларынын төмөндөшүнө алып келди. Нотариат институтун өркүндөтүү максатында министрлик менен 2015-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында нотариатты өнүктүрүү концепциясы иштелип чыккан. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук нотариалдык архивин түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө.
Коллегиянын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун адистери менен кесиптик жана сапаттуу соттук-эксперттик ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп берүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди. 2015-жылы квалификациялык экзамендердин жыйынтыктары боюнча соттук-экспертизаларды өз алдынча өндүрүүгө укугу жок 13 эксперт-стажер, сертификацияланышкан жана мыйзамдарга ылайык соттук-экспертизаларды өз алдынча өндүрүү укугун алышкан. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу СЭМБнын 10 кызматчысы ISO/МЭК 17025 эл аралык стандарты боюнча аккредитация алуу үчүн кыска мөөнөттүү курстардан өтүшкөн, бул өз кезегинде соттук-эксперттик лабораториялардын ишинин илимий-техникалык деӊгээлин көтөрүүгө мүмкүндүк берет, соттук-эксперттик корутундулардын ишенимдүүлүгүн камсыздайт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу СЭМБнын эксперттеринин корутундуларын чет элдик жана эл аралык сототордо колдонуу мүмкүндүгүн камсыздайт. Коллегиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын соттук-эксперттеринин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселелери боюнча Эксперттик-квалификациялык комиссияга мамлекеттик эмес соттук-эксперттерди сертификациялоо процедурасын баштоо, ал эми Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу СЭМБнын жетекчилигине ведомстволук бөлүнүштүн кызматчыларынын эмгек жана аткаруучулук тартибине контролду күчөтүү тапшырмасы берилди.
Коллегиянын бүтүшү менен министрликтин ишинин негизги милдеттери белгиленген, 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш планы сунушталган жана талкууланган. Аны пландоо үчүн негиз катары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аны ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин 2016-жылга милдет/аракеттеринин планы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга мыйзам долбоорлоо иши эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан министрликтин жана анын ар кандай чөйрөлөрдөгү бөлүнүштөрүнүн ишин жакшыртуу жана күчөтүү боюнча багыттар берилген. Юстиция органдарынын кызматкерлери министрликке жүктөлгөн иштин бардык комплексин жогорку майнаптуулукта аткарылгандай түзүүлөрү керек деп белгиледи - Жылдыз Мамбеталиева.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо