Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮ«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 29-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Өкмөт тарабынан аныкталуучу басма сөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт. Ушуга байланыштуу Мыйзамда айтылган нормаларды ишке ашыруу максатында ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо булагын аныктоочу 2010-жылдын 26-февралында №117 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтому кабыл алынган. Ошондой эле Өкмөттүн бул токтомунда ченемдик укуктук актыларды жарыялоонун булактары аныкталган ...
Кенирээк...Милдеттен менин чектелген суммасынын көбөйтүлүшү боюнча 15-июль 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизилди. Жана азыркы учурда күрөө каттоо кеңселеринде милдеттүү катталууга жаткан кыймылдуу мүлктөрдүн күрөөсүнүн милдеттенмелерин чектелген суммасынын өлчөмү 300дөн жогорку эсептик көрсөткүчтү түзөт. Бул учурда финансы-кредиттик мекемелерге 300 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдөгү кичи кредиттерди карыз алуучуга берүү мүмкүнчүлүгү берилген жана күрөө жөнүндөгү келишимди күрөө каттоо кеңсесинде тараптардын каалоосу боюнча каттоодон өткөрөт, кттоодон өткөргөндөн кийин карыз берүүчү башка карыз берүүчүлөрдүн ара...
Кенирээк...Бүгүн Юстиция министрлиги тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды 2010-жылдын 27-июнундагы референдуму менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын ченемдерине ылайык келтирүү боюнча иш улантылууда. Ушуга байланыштуу ушул тапта Юстиция министрлиги КР Жогорку Кеңешинде 4 ченемдик укуктук актынын долбоорлору боюнча КР Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп эсептелет. Атап айтканда: - «Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Мыйзам долбоору боюнча; - «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо к...
Кенирээк...Баткен облустук юстиция башкармалыгы өткөн аптада Баткен облусуна каршатуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан «Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жана каттоо» темасында семинар өткөрдү. Андан кийин Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүүчү нотариалдык иш аракеттер боюнча дагы семинар өткөрүлдү. Семинарларга Кадамжай райондук Кенештин туруктуу комиссияларынын төрагалары,...
Кенирээк...Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги апостиль коюуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары юстиция органдарынан чыккан расмий документтерге, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, белгиленген тартипте нотариалдык жактан ырасталган жеке жана юридикалык жактардын документтерине апостиль коюу ишин 2011-жылдын 1-августунан тарта баштады. Бүгүнку күндө, 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн аймагында колдонууга арналган 178 расмий документтери Юстиция министрлигине келип түшүп жана алар апостилдештирилип жөнөтүлдү. Эскертип кетсек, Нидерланды Падышачылыгынын ички ичт...
Кенирээк...Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги апостиль коюуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары юстиция органдарынан чыккан расмий документтерге, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, белгиленген тартипте нотариалдык жактан ырасталган жеке жана юридикалык жактардын документтерине апостиль коюу ишин 2011-жылдын 1-августунан тарта баштады. Бүгүнку күндө, 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн аймагында колдонууга арналган 178 расмий документтери Юстиция министрлигине келип түшүп жана алар апостилдештирилип жөнөтүлдү. Эскертип кетсек, Нидерланды Падышачылыгынын ички ичтер мин...
Кенирээк...Адам укуктары жана адвокатура боюнча башкармалыгы тарабынан 2011-жылдын 6-7-июлдарында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын түштүк резиденциясында «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу механизмдери» деген темада тренинг өткөрүлдү. Тренинге Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын адвокаттары, ошондой эле түштүк регионунун укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери, аталган облустардын жана Ош шаарынын юстиция башкармалыктарында дайындалган координаторлор катышышты.Аталган тренингде жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамды турмушка ашыруу боюнча кызуу талкуулоо болуп, тренингдин катышуучулары (баардыгы 53 адам) тарабынан мамлекет кеп...
Кенирээк...2011-жылдын 28-июнунда Ош облустук күрөө каттоо конторасында Ош, Джалал-Абад жана Баткен облустук күрөө каттоо контораларынын адис-каттоочуларына «Кыймылдуу мүлктүн бүтүмдөрүн каттоо» темасында окутуучу семинар өткөрулдү. Андан тышкары, семинарда кыймылдуу мулктөрдүн күрөөлөрүн каттоого тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылар, 2010-2013-жылдарга карата Укуктук пропаганда концепциясы, мамлекеттик кызматкерлердин этикасы, күрөө каттоо контораларынын тутумундагы коррупция менен күрөшүү, коллективдик келишимдин талаптарын жана иш кагаздарды алып баруудагы талаптарды аткаруу маселелери талкууга алынды. Көрсөтүлгөн иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 2011-жылга карата иш пл...
Кенирээк...Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2011-жылдын 26-майындагы №85 буйругуна ылайык, Нотариат жана апостилдөө башкармалыгы жаңы курамда түзүлүп, өзүнүн ишин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын алдындагы жеке нотариалдык ишти жүргүзүүгө укук берген лицензиясын алууга талапкерлерден квалификациялык сынак алуу боюнча Квалификациялык комиссиясынын сынактын жыйынтыгы боюнча берилген 2011-жылдын 4-майындагы чечиминин негизинде төмөндөгү талапкерлерге лицензия берилди: 1) Э.С. Анаркуловага, №541 (КР ЮМ 2011-ж. 27.05 №105 буйругу); 2) А.Н. Калановго, №545 (КР ЮМ 2011-ж. 27.05 №107 буйругу); 3) М.И. Дулатовго, №544 (КР ЮМ 2011-ж. 27.05 №108 буйругу); 4) Р.И. Салихаровго, №546 (КР ЮМ...
Кенирээк...2011-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И. Отунбаева «Бейсалык төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон. Ал мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынан чыккан расмий документтерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан апостиль коюлгандыгы үчүн жыйым алынат. Жыйымдын өлчөмү, алуу тартиби жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат («Эркин Тоо» гезити 2011-жылдын 15-мартындагы №19 саны). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы №304 токтому менен аталган жыйымдын өлчөмү 940 сом болуп белгиленди....
Кенирээк...Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын «Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесине ылайык адвокат мамлекеттик кызматка өткөн учурларда адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүүгө укук берген лицензиясынын жүгүртүүсү токтолуп министрлик тарабынан адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүүгө укугу бар адамдын арызынын негизинде тиешелүү буйрук чыгарылаарын адвокаттардын эсине салат. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн мыйзамдын 11-беренесинин негизинде адвокат өзүнүн турган жеринин же болбосо юридикалык дарегин өзгөртүүсү жөнүндө маалыматты бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жеткирүүсү тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдер аткарылбаса адвокаттык и...
Кенирээк...Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 «Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу максатында, Борбордук күрөө каттоо конторасы, күрөө каттоо конторалары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баштапкы инвентаризация иштерин жүргүздү. Юстиция министрлигинин жумушчу комиссиясынын кароосуна, күрөө каттоо конторалары тарабынан көрсөтүлүүчу мамлекеттик кызматтардын таблицасы, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын тийиштүү критерийлерге ылайыктуулугу боюнча анализ жүргүзүү үчүн материалдары, көрсөтүлгөн кызматтарды оптималдаштыруу боюнча сунуштары жөнөтүлгөн....
Кенирээк...Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 23-май 2011-жылкы № 83 сандуу буйругунун талабына ылайык Юристтердин жана мамлекеттик кызматчылардын күнүн майрамдоо боюнча Ош шаардык Юстиция башкармалыгы тарабынан атайын иш-чаралары белгиленип, анын алкагында Ош шаардык мэриясы башкармалыктын жана мамлекеттик нотариустардын иштерине колдоо көрсөтүү, алдынкыларды сыйлоо максатында жалпысынан 130 миң сомдук компьютер жана башка техникалык каражаттарды салтанаттуу жыйын өткөзүү менен тапшырды. Сыйлангандардын арасында башкармалыктын башчысынын орун басары Камалов А.К., мамлекеттик нотариустар – Осмонов А., Мадымаров З., Жаныбеков А. бар. Жыйынды Ош шаарынын Вице-мэри Байгазаков А.Т. өткөздү...
Кенирээк...2011-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2011-жылдын 28-январындагы №19 буйругу менен бекитилген министрликтин 2011-жылга Иш-чаралар планын аткаруу максатында Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздерин окутуу жана кыргыз тилин үйрөтүү боюнча окуу курсу аяктап, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы сынак өткөрдү. Сынакка катышкан кызматкерлер «жакшы» жана «эң жакшы» деген бааларга татыктуу болушту. Сынактын жыйынтыгы боюнча министрликтин 17 кызматкери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын сертификатына ээ бол...
Кенирээк...Петровкадагы мектеп-интернатынын тарбиялануучуларын КР Юстиция министрлиги камкордукка алганына кыйла болду. Бул жолку Балдарды коргоо күнү алдында да КР Юстиция министри А.Мухамеджановдун буйругу менен аталган балдар үйүнө жана «Жаш үмүт» кайрымдуулук фондуна беш миң сомдон бөлүндү. Балдар өздөрүнүн майрамында камкорчуларынан таттуу белектерди алышы жакшы салтка айланган, андыктан алар бул күндү өтө чыдамсыздык менен күтүшөт. Бул сапар да петровкалык балдарга мурдагы жылдардан кем болбогон жана ар түркүн келген таттуу белектер жеткирилмекчи....
Кенирээк...Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2011-жылга карата иш планынын 15-пунктун аткаруу максатында, 2011-жылдын 26-27- майында Борбордук күрөө каттоо конторасы тарабынан Борбордук жана Ыссык-Көл, Нарын, Талас облустук күрөө каттоо контораларынын каттоочу адистерине окутуучу семинар өткөрулдү. Семинарда кыймылдуу мулктөрдүн күрөөлөрүн каттоого тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2010-жылдын 18-октябрында №146 буйругу менен бекитилген 2010-2013-жылдарга карата Укуктук пропаганда концепциясы талкууланды. Андан тышкары, мамлекеттик кызматкерлердин этикасы, күрөө каттоо контораларынын тутумундагы коррупция менен күрөшүү, «Фермерлерг...
Кенирээк...Евразия экономикалык кызматташтыгына мүчө мамлекеттердин юстиция министрлер Кеӊешинин кезектеги 17-отуруму 2011-жылдын 23-майында Санкт-Петербург шаарында өтүп, анда 14 маселе, анын ичинде, КР Юстиция министри А.Ж.Мухамеджановду ЕврАзЭС мүчө мамлекеттердин юстиция министрлер Кеӊешинин курамына киргизүү маселеси каралды. Отурумда каралган негизги маселелерге ЕврАзЭС мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык Кеӊешинин мурдагы отурумдарында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө маалыматтын угулушун, сот экспертизасы боюнча координациялык-усулдук комиссиянын иши жөнүндө маселенин каралышын кошууга болот. ЕврАзЭС мүчө мамлекеттердин юстиция министрлер Кеӊешинин кийинки, 18- отуруму сент...
Кенирээк...Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 190 буйругу менен 2011-жылдын 1-апрелинен баштап 31-майына чейин республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо, абаттоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлык алкагында Нарын облустук юстиция башкармалыгы тарабынан ар жума сайын Нарын шаарынын тийштүү аймактарында, башкармалыкка тийиштүү аймактарда санитардык тазалоо, абаттоо жүргүзүлүүдө, башкармалыктын аймагына 17 түп роза гүлъ жана Тянь-Шань карагайынын 7 көчөтү отургузулду. ...
Кенирээк...Күрөө каттоо контораларынын ишмердүүлүгү боюнча калкты маалыматташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин алдындагы Борбордук күрөө каттоо конторасы тарабынан мамлекеттик жана ырасмий тилде маалыматтык буклеттер даярдалды. Буклетте күрөө жөнүндө маалыматтар, күрөө каттоо кантораларынын түзүмдөрү, максаттары, функциялары жана күрөө каттоо кантораларынын жайгашкан жерлери, күрөө конторасында кыймылдуу мүлктөрдүн күрөөлөрүнүн катталышынын артыкчылыктары камтылган. Аталган буклет 2010-2013-жылдарга карата Укуктук пропаганда Концепциясынын чегинде Борбордук жана облустук күрөө каттоо контораларынын келүүчүлөрүнө таратуу үчүн даярдалды....
Кенирээк...25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо