22 Бугу, 2019
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ


Жаңылыктар жана окуялар

КРнын Юстиция министрлиги студенттер үчүн укуктук маданиятты жогорулатуу темасында дарс өткөрдү

Дүйшөмбү 25 Жалган куран 2019 11:36

КРнын Юстиция министрлиги студенттер үчүн укуктук маданиятты жогорулатуу темасында дарс өткөрдү

Укуктук нигилизмди жою үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек: - жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу;- мамлекеттин укуктук системасын жакшыртуу;- укук бузууларды жана биринчи кезекте кылмыштарды алдын алуу;- мамлекеттин аймагында укук тартибин жана мыйзамдуулукту чыңдоо;- сот жана укук коргоо органдарынын кадыр-баркын жогорулатуу;- калкты массалык түрдѳ укуктук агартуу жана тарбиялоо.Бул тууралуу Эл аралык Ала-Тоо университетинин студенттери үчүн укуктук маданиятты жогорулатуу темасында атайын дарс окулду. Юстиция министрлигинин Укуктук пропаганда башкармалыгынын ага адиси Уланбек Асаналиев студенттерге укуктук мамлекетти калыптандыруу калктын укуктук маданиятын ѳнүктүрүү процессинен а...

Кенирээк...

Урматтуу мекендештер!

Шаршемби 20 Жалган куран 2019 18:41

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жамаатынын жана өзүмдүн атымдан Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жаркыраган жаз менен, эл күткөн Нооруз майрамы да босогобузду аттап кирди. Эзелтен Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Күн менен түн теңелип, өмүрдөгү жаңы көктөмдүн башаты саналган бул майрамда адамдар санаасын унутуп, араздашууларын токтотуп, бири-бирине жакшы сөз менен жаркын маанай тартуулашат, дасторконуна берекесин жайнатышат.Бул ыйык майрам күнү Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана сүйүү каалап, ар бириңиздин үйүңүздө аманчылык жана бакубатчылык орношуна тилектешмин!Урматтоо менен,Кыргыз Республикас...

Кенирээк...

Бишкек шаарынын үйбашылары үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы семинарларды өткөрдү

Дүйшөмбү 18 Жалган куран 2019 17:30

Бишкек шаарынын үйбашылары үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы семинарларды өткөрдү

2019-жылдын 12-мартынан 18не чейин, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын ар бир районунда үйбашылары жана Туракжай ээлеринин шериктиктеринин төрагалары (төрайымдары) үчүн окутуучу семинарлар өткөрүлдү. Семинарлардын жүрүшүндө юстиция башкармалыктын өкүлдөрү Туракжай ээлеринин шериктигинин ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салуу жана турак эмес жайларды башкаруу боюнча айтып беришти. Ошондой эле, соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынып, 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилген жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын негизги жоболору боюнча маалымат берилди. Белгилеп кетсек, мындай маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралар республиканын башка аймактарында дагы облустук юст...

Кенирээк...

КРнын Юстиция министрлиги адвокаттык лицензия алууга талапкерлер үчүн экзамендик суроолордун жаңы тизмесин бекитти

Дүйшөмбү 18 Жалган куран 2019 15:32

КРнын Юстиция министрлиги адвокаттык лицензия алууга талапкерлер үчүн экзамендик суроолордун жаңы тизмесин бекитти

2019-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендик суроолордун жаңы тизмеси бекитилди. Белгилеп кетсек, суроолордун тизмеси соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдардын 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө киргенине байланыштуу жаңыртылды. Бул буйрук, Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы буйругу менен бекитилген КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө Жобонун 6-пунктунун негизинде чыгарылды. Экзамендик суроолордун тизмеси менен Юстиция министрлигинин сайт...

Кенирээк...

КРнын Юстиция министрлигинин кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

Ишемби 16 Жалган куран 2019 13:21

КРнын Юстиция министрлигинин кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

2019-жылдын 16-мартында, КРнын Юстиция министрлиги республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү. Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери Жаш Гвардия бульварынын Сыдыков көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралыгында тазалоо иштерин жүргүзүштү. Андан тышкары министрликтин тегерек чети тазаланып, имараттын алдына арчанын көчөттөрү тигилип, ал эми арткы короого мөмө жемиштүү көчөттөр отургузулду. Белгилеп кетсек, бүгүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүнүштөрү дагы ишембиликтерди уюштурушту....

Кенирээк...

КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы «Юридикалык клубдун» биринчи отуруму болуп өттү

Ишемби 16 Жалган куран 2019 13:07

КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы «Юридикалык клубдун» биринчи отуруму болуп өттү

2019-жылдын 15-мартында, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Укуктук саясат маселелери боюнча эксперттик-консультативдик кеңештин (Юридикалык клуб) (мындан ары - кеңеш) биринчи отуруму болуп өттү. Белгилеп кетсек, ушул жылдын 4-мартында КРнын Юстиция министрлигинин буйругу менен аталган кеңеш түзүлүп, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен), экс-юстиция министрлер, Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн аппараттарынын юридикалык кызматтарынын жетекчилери, укуктук маселелер боюнча эксперттер, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү кошулган. Иш-чараны ачуу сөзүндө, КРнын Юстиция министри Марат Джаманкулов кеңештин түз...

Кенирээк...

Мамлекеттик тилди билүү тестинен эң жогорку балл топтогон кызматкерлер аныкталды

Бейшемби 14 Жалган куран 2019 20:54

Мамлекеттик тилди билүү тестинен эң жогорку балл топтогон кызматкерлер аныкталды

2019-жылдын 14-мартында, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер арасында 2018-жылы жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон кызматкерлерге сертификаттарды тапшыруу аземи өткөрүлдү.Сертификаттарды расмий тапшыруу аземине өлкөбүздүн баардык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча органдарынын кызматкерлеринин арасынан тестти эң жогорку С1 деңгээлине (жогорку) тапшырып жана эң жогорку балл топтогон өкүлдөр чакырылган. Алардын катарында КРнын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Ибраимович Календеров да сертификатка ээ болду. Белгилеп кетсек, 2018-жылы республика боюнча тестке 19319 кызматкер катышып, анын жый...

Кенирээк...

Кочкор районунун айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жаңы кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү

Шаршемби 13 Жалган куран 2019 16:49

Кочкор районунун айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жаңы кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү

2019-жылдын 12-мартында Нарын облусунун юстиция башкармалыгы Кочкор районунун айыл өкмөттөрү үчүн жаңы мыйзамдар боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чара өткөрүп, ага Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын облустук координатору, адвокаттар жана айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери дагы катышышты. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөжеке турак-жай салынган жер тилкелерин документтештирүү жана айыл чарба багытындагы жерлерди калктуу конушка которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө кеңири маалымат берилди.Ошондой эле, 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстердин жана жазык мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү менен негизги жоболору түшү...

Кенирээк...

Ысык-Көл облусунун студенттерине жаңы жазык мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Дүйшөмбү 11 Жалган куран 2019 18:32

Ысык-Көл облусунун студенттерине жаңы жазык мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун аймактык координатору тарабынан жазык мыйзамдардагы жаңы ченемдер тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Иш-чаралардын алкагында, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын Ысык-Көл филиалында лекциялар уюштурулду. Лекция учурунда, студенттерге жазык мыйзамдардын жаңы жоболору боюнча түшүндүрүлүп, жаңы кодекстердин иштеп чыгуучуларынын катышуусунда жасалган слайддар менен видеороликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” КРнын Мыйз...

Кенирээк...

Facebook баракчасынын колдонуучуларынын арасында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча мыкты постко конкурс жарыяланды

Дүйшөмбү 11 Жалган куран 2019 16:19

Facebook баракчасынын колдонуучуларынын арасында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча мыкты постко конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосунда Facebook баракчасынын колдонуучуларынын арасында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу жөнүндө мыкты постко конкурс жарыялайт. Конкурска катышуунун шарты1. Милдеттерин ак ниеттүү аткарууга жана мыйзамдарды сактоого чакырган, ошондой эле жарандардын туура укуктук жүрүм-турумунун мисалдарын камтыган, жарандардын укуктук маданиятынын маанилүүлүгү жөнүндө пост жазуу.2. Постту өзүнүн Facebook баракчасында 2019-жылдын 11-мартынан 25-мартына чейин #правовая_культура_kg хэштеги мен...

Кенирээк...

Юстиция министри Марат Джаманкуловдун Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

Бейшемби 7 Жалган куран 2019 15:41

Юстиция министри Марат Джаманкуловдун Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

Урматтуу айымдар!Ардактуу энелерибиз, эжелерибиз, карындаштарыбыз,кыздарыбыз!Сиздерди чын жүрөктөн 8-март - жаз майрамы менен куттуктайм!Дүйнөдө аялзаты бар болгон үчүн ар бирибиздин жашообуз мээримге, жакшылыкка бөлөнүп, өзгөчө мааниге ээ. Сиздердин бизге болгон ишенимиңер күчүбүзгө күч кошуп, бардык кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңип чыгууга шыктандырып турат.Ылайым турмушуңуздарда бактылуу күндөр арбын болсун! Түгөйүңөр, балдарыңар, жакындарыңар ар дайым кубаныч жана жакшылык тартууласын! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөдө ынтымак, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм! Майрамыңыздар менен! Урматтоо менен,Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министри М.Т. Джаманкулов ...

Кенирээк...

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору, КРнын Адвокатурасы жана Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясы кызматташуу тууралуу Макулдашуу түзүштү

Бейшемби 7 Жалган куран 2019 11:32

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору, КРнын Адвокатурасы жана Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясы кызматташуу тууралуу Макулдашуу түзүштү

2019-жылдын 4-мартында, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (мындан ары МКЮЖ КБ) КРнын Адвокатурасынын, Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясынын, мамлекеттик органдардын жана ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө калктын юридикалык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо боюнча программаларды ишке ашырууда өз ара аракеттешүү жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүп жаткан юридикалык клиникалардын жаш юрист-клиницисттеринин потенциалын жогорулатуу боюнча маселелер каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында, МКЮЖ КБнын, КРнын Адвокатурасынын жана Кыргызстандын юридикалык кли...

Кенирээк...

Юстиция министрлигинин кадрларынын ички резервинде турган адамдардын арасында бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурс жарыяланды

Шейшемби 5 Жалган куран 2019 21:03

Юстиция министрлигинин кадрларынын ички резервинде турган адамдардын арасында бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик кызматтын бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүү жөнүндө 2019-жылдын 4-мартында №229 буйругу мененКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кадрларынын ички резервинде турган адамдардын арасында төмөнкү улук жана кенже бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурс жарыяланды:- коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу 1 бош орун; - юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынынбашкыадиси 1бош орун;-актыларды иштеп чыгуунун жана экспертизадан өткөрүүнүн 1-башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, укук коргоо органдары жана сот тутуму чөйрөсүндөгү бөлүмүнүн башкы адиси - ...

Кенирээк...

Юстиция министрлигинин алдындагы  Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды  координациялоо боюнча борбору жана  КРнын Акыйкатчысынын ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашуу түзүлдү

Шаршемби 27 Бирдин айы 2019 21:23

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору жана КРнын Акыйкатчысынын ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашуу түзүлдү

2019-жылдын 25-февралында, КРнынЮстиция Министри Марат Джаманкулов жана КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Токон Мамытов мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды ишке ашыруунун алкагындагы өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун директору А.Калбеков жана Акыйкатчы Т.Мамытов кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.Белгилеп кетсек, бул макулдашуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо чөйрөсүндөгү эффективдүү кызматташууну жөнгө салуу максатында иштел...

Кенирээк...

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жаңы кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Шейшемби 26 Бирдин айы 2019 18:41

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жаңы кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

2019-жылдын 15-февралынан 21не чейин, Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын кызматкерлери Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, ошондой эле Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарларынын аймактарында жайгашкан өз алдынча башкаруу органдардын кызматкерлерине соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстердин жалпы жоболору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаралардын учурунда, 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилген жазык мыйзамдарындагы жаңы жоболору боюнча маалымат берилди. КРнын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү учурунда, өз алдынча башкаруу органдардын алдында бузуулар боюнча иштерди кароо үчүн түзүлгөн комисс...

Кенирээк...

Биринчи жолу мамлекеттик кызмат ордуна дайындалган Юстиция министрлигинин кызматчылары ант беришти

Дүйшөмбү 25 Бирдин айы 2019 22:01

Биринчи жолу мамлекеттик кызмат ордуна дайындалган Юстиция министрлигинин кызматчылары ант беришти

2019-жылдын 22-февралындабиринчи жолу мамлекеттик жарандык кызматка киришип жаткан, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жаңы дайындалган кызматкерлерининсалтанаттууант берүү аземи болупөттү.Иш-чаранын учурунда, ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча дайындалган 10 кызматкер, Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынжана Мыйзамдарын ыйык сактоого, ошондой эле Кыргызстандын элине кызмат кылууда өзүнүн күчүн жана билимин толук арноого ант беришти.Юстиция министри Марат Джаманкуловкызмат ордуна киришип жаткан кызматкерлерди куттуктоо сөзүндө берилген анттагы сөздөрдү унутпоого,коюлган милдеттерди так аткарууга жана мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоого чакрып, алардынишинеийгилик каалап кетти...

Кенирээк...

Ош облусунун юстиция башкармалыгы жаңы кодекстер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Жума 22 Бирдин айы 2019 15:57

Ош облусунун юстиция башкармалыгы жаңы кодекстер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Ош облусунун юстиция башкармалыгынын жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун өкүлдөрү Чоң-Алай районундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиялардын мүчөлөрү менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстердин өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүндүрүлдү. Өзгөчө көңүл КРнын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ченемдерге бурулду. Андан тышкары, катышуучуларга “Мамлекет...

Кенирээк...

Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссиянын курамы бекитилди

Шейшемби 19 Бирдин айы 2019 20:00

Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссиянын курамы бекитилди

2019-жылдын 18-февралында, КРнын Юстиция министри Марат Джаманкулов адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссиянын курамын бекитүү тууралуу буйрукка кол койду. Буйрукка ылайык квалификациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киришти:1. Есеналиев М.К.- Юстиция министринин орун басары-комиссиянын төрагасы;2. Акулуев У.Ш.- Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгынын начальниги- комиссиянын мүчөсү;3. Раймкулов Б.С. - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы - комиссиянын мүчөсү;4. Но Д.Е. - адвокат - комиссиянын мүчөсү;5. Якубахунова К.У. -адвокат - комиссиянын мүчөсү;6. Бабаев Ж.О. - адвокат - комиссиянын мүчөсү;7. Молдокул уулу Д. ...

Кенирээк...

Нарын облусунун Юстиция башкармалыгынын жамаатына Гүлгакы Абдуллаева тааныштырылды

Шейшемби 12 Бирдин айы 2019 15:16

Нарын облусунун Юстиция башкармалыгынын жамаатына Гүлгакы Абдуллаева тааныштырылды

2019-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов Нарын облусунун Юстиция башкармалыгынын жамаатына Нарын облусунун Юстиция башкармалыгынын начальниги болуп жаңы дайындалган Гүлгакы Абдуллаеваны тааныштырды. Ошондой эле жаңы дайындалган жетекчи КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго дагы тааныштырылды. Абдуллаева Гульгакы Калмаматовна бул кызматка 2019-жылдын 7-февралында ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча дайындалган. Ал буга чейин КРнын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана экспертизадан өткөрүү башкармалыгында башкы адис кызматын ээлеп турган. Юстиция министрлигинде 2006-жылдан баштап иштеп кел...

Кенирээк...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2018-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгарууга жана 2019-жылдагы аткарылуучу иштерге арналган коллегиясынын отуруму болуп өттү

Шейшемби 12 Бирдин айы 2019 09:16

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2018-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгарууга жана 2019-жылдагы аткарылуучу иштерге арналган коллегиясынын отуруму болуп өттү

2019-жылдын 8-февралында, Юстиция министри Марат Джаманкуловдун төрагалыгы алдында КРнын Юстиция министрлигинин 2018-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга жана 2019-жылы аткарылуучу иштерге арналган коллегиянын отуруму болуп өттү. Коллегиянын ишине КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси- Министр Шамиль Асымбеков, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Данияр Эркимбаев, КРнын Юстиция министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле министрликтин түзүмдүк, аймактык жана министрликке караштуу бөлүнүштөрдүн жетекчилери катышышты. Юстиция министри өз сөзүндө 2018-жылы “Юридикалык жактарды онлайн каттоо” автоматташтырылган системасы тесттик режимде иш...

Кенирээк...

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы №242 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлгинин алдындагы жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө буйрук

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмесин бекитүү тууралуу буйрук

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы